47. Мухаммад

1.

Каапыр болуп, Алланын жолунан тоскондордун амалдарын текке кетирет.

2.

Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасап, Мухамедге Эгеси тарабынан чындык менен түшүрүлгөнгө ыйман келтиргендердин жамандыктарын (күнөөлөрүн) Алла жоюп, акыбалын оңдойт.

3.

Буга себеп: Каршы болгондоркерексиз нерсени ээрчишкени. Ал эми ыйман келтиргендер Эгесинен келген Акыйкаттын жолуна түшүшкөндүктөрү. Алла ушундайкылып адам баласына өз мисалдарын келтирет.

4.

Согуштасилер каапырлар менен силер бетме-бет келсеңер, алар толук жеңилүүгө учураганга чейин мойнуларына чапкыла! Ошондо аларды кишендеп,же ырайым кылгыла, же болбосо согуш бүтмөйүнчө(кайра өздөрүнө) акы алып тапшыргыла.

5.

Эгер Алла кааласа алардын үстүнөн жеңишке жетишмек. Бирок кээ бирөөңөрдү башка бирөөңөр аркылуу сыноо үчүн.Алла жолунда курман болгондордун амалдарын жоготпойт.

6.

Алардытуура жолго салып, абалдарын жакшыртат. Аларды өздөрүнө кабарланганБейишке киргизет.

7.

Эй, ыймандуулар!Эгер силер Аллага жардам берсеңер, Алда силерге жардам берет жана силердин кадамыңарды бекем кылат.

8.

Каапырларды болсо кыйроо күтүп турат жана алардын иш-амалдарын текке кетирет.

9.

Буга себеп: Алар (каапырлар) Алланын жибергенин жек көрүшкөндүктөрүндө! Ошондуктан Ал алардын иш-амалдарын текке кетирди.

10.

Алардан мурдагылардынакыбети кандай болгонунжер кыдырып көрүшпөйбү? Алла аларды талкалады, башка каапырлар да дал ошондой кыйратылат!

11.

Анткени, Алла өзүнө ыйман келтиргендердинЭэси. Ал эми каапырлардын Ээсижок.

12.

Чындыгында Алла ыйман келтиргендерди жана жакшы иштерди кылгандардыастынан дарыялар агып турган Бакчаларгакиргизет. Каапырлар болсо айбандар сыяктуу эле жеп-ичишип гана ырахаттанат , алардын жайы – Тозок.

13.

Сени кууп чыккан шаардан мыкты канчалаган шаарлар болгон . Бирок Биз аларды кыйраттык. Аларга эч ким жардам бере албады.

14.

Ким өз Эгесинен анык аяндарга жана далилдерге ээ болсо, ал – жаман иштери кооздолуп көрсөтүлүп коюлган жана напсисин ээрчиген адамгаокшомок беле?

15.

Такыбаларга убада кылынган Бейиштин көрүнүшү мындай: Анда эч бузулбайтурган өзөн-суулар, даамы өзгөрбөй турган сүттөн бүткөн дарыялар, ичүүчүлөргө таттуу болгон ичимдиктер, таза балдан бүткөн дарыялар жана баардык мөмө-жемиштер, ошондой эле Эгеси тараптан кечирим (бар). Тозокто түбөлүккө калып, кайнак суу ичирилип, ичегилерикесилгендерди аларменен окшоштурууга болобу?

16.

Алардын арасынан сага кулак салгандар да бар. Бирок сенин алдыңдан чыгып кетишкен кезде (алар) илимдүүлөрдөн”азыр эмнени айтты?”деп сурашат. Мына ушулар жүрөктөрүнө Алла басканжана өз напсисин ээрчигендер.

17.

(Алла) туура жолдогулардын тууралыктарын арттырып, аларга такыбалык берет.

18.

Алар (капырлар) Кыямат Күнүнүн капилет келишин күтүп жатышабы?Анын белгилери келди. Кыямат келгендеэскертүү алуунун канчалык кажети бар?

19.

Билгин: Чындыгында, Алладан башка кудай жок! өзүңдүн күнөөлөрүңдүн, момун эркектердин жана момун аялдардын (күнөөлөрүнүн) кечирилишин сура. Алла силердин жумушчу ордуңарды да, тыныгуучу ордуңарды да билет.

20.

Ыйман келтиргендер “(дагы) бир сүрөтүшсө” дешет. өкүмү бар сүрө түшүп, анда күрөш тууралуу эскерилсе, жүрөгүндө оорусу барлар өлүмдөн корккон көз караш менен сага караганын көрөсүң. Эң жакшысы – (угуп, ага баш ийүү эле

21.

(Алар үчүн) баш ийүүменен жакшы сөз (пайдалуураак эле). Маселе толук чечилген соң , Аллага чынчыл болсо, ал алардын өздөрү үчүн жакшы болоор эле.

22.

Эгер (күрөшкө) кирип, анан артыңарга кайтсаңар, анда силержер жүзүндө бузукулукту таратып, бир туугандык байланыштардыүзөсүңөрбү?

23.

Алар (андайлар) Алла каргыш айтып, дүлөй жана сокур кылгандар.

24.

Эмне үчүн алар Куран тууралуу ой жүгүртүшпөйт? Же алардын жүрөктөрүндө кулпулары(барбы?)

25.

Чындыгында, Туура Жол айкын болгон соң, (күрөштөн) артка кайткандарды шайтан азгырып, жалган элестер менен алдады.

26.

Анткени алар Алланын түшүргөнүн жек көргөндөргө“силерге кээ бир маселелерде баш ийебиз” дешкен. Алла алардын сырларын билет.

27.

Периштелер алардынбеттерине жана жондоруна уруп, жандарын алса эмне болот?

28.

Бул (азап) чынында, алар Алланын каарын келтирүүчү нерселерди ээрчип, Алыраазы болгон нереслерди жек көргөндүктөрү үчүн (берилди), ошондой эле алардын амалдарын (Алла) текке кетирет.

29.

Же жүрөктөрүндө дарты барлар Алла алардын кара ниеттигин жарыкка чыгарбайт деп ойлошобу?

30.

Эгер Биз кааласак эки жүздүүлөрдү сага көрсөтөөр элек, анда сен аларды маңдайындагы белгилеринен таанымаксың. Ошондой эле аларды сөзүнүн үн-добуштарынан билмексиң. Алла алардын амалдарынбилет.

31.

Бизсилердин араңардагы аракетчилдер менен сабырдууларды аныктоо үчүн сөзсүз сыноодон өткөрөбүз.

32.

Жүз үйрүп , Алланын жолунантоскондор жанаөздөрүнөТуура Жол белгилүү болгондон кийин пайгамбар менен талашкандар Аллага эч бир зыян келтире албайт. Алла алардын иштеринтекке кетирет.

33.

Эй, ыйман келтиргендер! Аллага моюн сунгула жана элчиге баш ийгиле. Амалдарыңарды жараксыз кылбагыла.

34.

Чындыгында жүз үйрүп , Алланын жолунантоссо, анан (ал) каапыр абалда дүйнөдөн өтсө Алла аларды такыр кечирбейт.

35.

Ошондуктан алсырабагыла , келишимге чакырбагыла , силер (акыры) үстөмдүк кыласыңар! Алла силер менен бирге. Силердин амалыңарды текке кетирбейт. Чындыгында, дүйнө жашоосу – оюн жана эрмек гана. Эгер ыйман келтирип такыба болсоңор силердин (Алла) сыйлыгыңарды берет. Силердин мал-мүлкүңөрдү сурабайт.

36.

Эгер Ал силерден сурай турган болсо, анда оор тийип,сараңдык кылмаксыңар жана Ал силердин сырыңардышарданакылып коймок.

37.

Мына, силер Алланын жолунда сарптоого чакырылуудасыңар. Ал эми кээ бирөөлөр (баары бир) сараңдык кылат. Кимде-ким сараңдык кылса, өзүнө гана сараңдык кылат. Анткени Алла – Бай, силер – кедейсиңер. Эгер Алладан жүз үйрүсөңөр, анда ордуңарга силерден башка элди алмаштырып койот. Ал эми алар силер сыяктуу (сараң) болбойт!

38.