3. Аль-Имран

1.

Алиф, лам, мим.

2.

Алладан башка кудай жок!Ал – Тирүү, Түбөлүк!

3.

Ал сагаӨзүнүн кол астындагынынчындыгын тастыктоо үчүн КитептиАкыйкат менен түшүрдү. (Ал) Тооратты жана Инжилди да түшүргөн.

4.

Анданмурда адамдарга туура жолду көрсөтүү үчүн. Анан Ал Ажыратуучунутүшүрдү. Чындыгында, Алланын белгилерине ишенбегендерге – катуу жаза (бар). Чындыгында, Алла –Ызаттуу, Өч алуучу.

5.

Чындыгында, Алла үчүн жерде да, асмандарда да жашыруун нерсе жок.

6.

Ал – силерге энеңердин курсагындаӨзү каалагандай келбет берген.Алладан башка кудай жок! Ал – Ызаттуу, Даанышман!

7.

Ал – сага Китеп түшүрдү.Анда өкүмдүү аяттар (бар).Жана алар – Китептин өзөгү . Калган аяттар – сырдуу. Кимдердин жүрөктөрүндө (Куран тууралуу) кара ниети болсо, андагысырдуу аяттардыбурмалоо жана бузукулук кылуу максатында аңдышат. Анынчечмелөөсүн Алла гана билет. Илимге бекем тургандар:”Биз агаишендик! Баары– Эгебизден “! дешет. Акыл-эстүүлөр гана өрнөк алышат.

8.

Оо, Эгебиз! Бизди Туура Жолго салгандан кийин биздин жүрөгүбүздү адаштырба.Бизди Өзүңдүн Ырайымыңа ал. Чындыгында Сен – Айкөлсүң!

9.

Оо, Эгебиз! Чындыгында, Сен күмөнсүз болуучу Күндө адамдарды чогултасың. Чындыгында Алла – Өз убадасын (эч качан) өзгөртпөйт!

10.

Чындыгында,каапырлардын балдары да, мал-мүлкү да Алланын алдындаэч нерседен сактап кала албайт жана алар – Тозоктун отундары.

11.

Алар Фараонго жана андан мурдагыларга окшош:Аяттарыбызды жалганга чыгарышкандыктан, Алла аларды күнөөлөрү менен (кошо) азапка салды. Алланын жазасы – катуу.

12.

Ыймансыздарга : “Силер жакында жеңилесиңер жана Тозокко чогуласыңар!” –деп айт. Ал – абдан жаман орун!

13.

Эки беттешкен тайпадасилер үчүнбелги бар: Бир тайпа Алла жолунда салгылашса, экинчиси – каапыр абалда (согушат). Мусулмандарды алар өздөрүнө караганда эки эсе көп көрүшөт. Алла каалаганын Өз жардамы менен колдойт. Чындыгында мында – акыл-эстүүлөр үчүн өрнөк бар.

14.

Адамдарга – аялдар, балдар, алтын-күмүштөн жыйналган казыналар, күлүк аттар, мал-мүлк жана эгинзарлар кооз көрсөтүлүп, аларга болгон сүйүү менен шөкөттөлдү. Бул (аталгандар) – ушул дүйнөдө пайдалуу нерселер. Бирок Алланын алдында – кайтып бара турган кооз жай бар.

15.

(Сен адамдарга:) “Мен силерге мындан да жакшыраагын айтып берейинби?” – дегин. Такыбалар үчүн Алланын алдында алдынан дарыялар агып туруучу бакчалар бар. Ал жерде алар (мусулмандар) түбөлүккө калышат. Анда Алланын ыраазылыгы жана таптазажубайлар (болот). Албетте, пенделерин Алла көрүп турат!

16.

(Алар:)”О биздин Эгебиз, биз Сага ыйман келтирдик,күнөөлөрүбүздү кечире көр, биздиОттон сакта” – дешкен

17.

Сабырдуу, чынчыл, сарптоочу , таңда кечирим суроочуларды.

18.

Адилеттүүлүктү орнотуучу, акыйкатта Өзүнөн башка кудай жок экенине Алла Өзү, периштелер жана илим ээлери күбөлүк берди. Алладан башка кудай жок. Ал – Ызатту, Даанышман!

19.

Чындыгында, Алланын алдында кабыл болуучу дин бул – Ислам. Китеп берилгендер өздөрүнө маалымат келгенден кийин өз ара көралбастыктын айынан талашып-тартышууга түшүштү. Ким Алланын аяттарына каршы чыкса, албетте, Алланын эсеп-жазасы тез!

20.

Эгер алар сени менен талашса: “Өзүмдү жана мени ээрчигендерди Аллагатолук тапшырдым” –деп айткын.Китеп түшүрүлгөндөргө жана наадандарга :”Исламды кабыл аласыңарбы?” – деп айт.Эгер Исламды кабыл алышса, анда, чындыгында Туура Жолго түшкөн болот. Ал эми кабыл кылбаса, анда… сага (эскертүүнү) жеткирүү гана (буюрулган). Алла – пенделерин Көрүүчү!

21.

Алланын аяттарына ишенбегендер,пайгамбарларды акыйкастыздыкменен өлтүргөндөр жана адамдарды адилеттүүлүккөүгүттөгөндөрдү өлтүргөндөргөжан чыдагыс азап барын кабарла!

22.

Мына ошолордүйнөдө да, акыретте да жасаган амалдары текке кеткендер. Алар үчүн жардамчылар жок.

23.

Китептерден үлүш берилгендердин ортосунда өкүмкылуу үчүн Алланын Китебине(кайрылууга) чакырылгандардыбайкадыңбы? Алардын бир бөлүгү андан жүз үйрүп кетишти. Алар каршы чыгуучулар.

24.

Алар: «Бизди эсептүү гана күн Тозок оту күйгүзөт» деп ойлошкондуктан ошентишти. Аларды өздөрү ойлоп чыгарган нерселер дин жолунан адаштырды.

25.

Биз аларды болоору анык Күндө жыйнаганыбызда эч кимге адилетсиздик кылынбастанэмгектери(бул дүйнөдө кылган) толук берилет.

26.

Айткын: “Оо, Өкүмдарлык Ээси болгон Алла! Сен Өзүң каалаган адамга бийлик берип, каалаган адамыңдан(кайра) тартып аласың. Каалаган адамыңды ардактап, каалаганыңды кордойсуң.Жакшылык – Сенин колуңда. Сен баардык нерсеге Кудуреттүүсүң!

27.

Түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизесиң . Тирүүнү өлүктөнчыгарып, өлүктү тирүүдөн чыгарасың .Өзүң каалаганыңа эсепсиз ырыскы бересиң!

28.

Ыймандуулар – ыймандуулардан башкаларды: каапырларды дос кылбасын.Кимде-ким муну жасаса (дос кылса), анынАлла менен эч кандай байланышы жок. Бирок, алардансактануу үчүн (жасасаңар күнөө эмес). Алла силерди Өзүнөнсестендирет . Кайтуу – Аллага гана

29.

“Эгерде жүрөгүңөрдөгүнү жашырсаңар да, ачык айтсаңар да, (баары бир) Алла аны билет. Ага – асмандардагылар да, жердегилер да (жакшы) айкын! Алла – баардык нерсеге Кудуреттүү”!

30.

“Ар бир жан өзү кылган жакшылыкты да, жамандыкты датаба турган Күндү (эстейт). Ошондо ар бир жан жасаган иши менен өзүнүн аралыгы абдан узак болушун тилейт. Алла силерди Өзүнөн сестентет”. Ошондой эле, Алла – өз пенделерине абдан Ырайымдуу!

31.

Анан дагы айт: “Эгер силер Алланы сүйсөңөр, анда мениээрчигиле. Ошондо Алла силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет”. Алла – Кечиримдүү, Боорукер!

32.

Айткын: “Алланы жана Анын элчисинээрчигиле”! Эгер жолдон кайтышса, албетте Алла – каапырларды жек көрөт!

33.

Чындыгында, Алла Адамды, Нухту, Ибрахимдин урпактарынжана Имрандынурпактарын бүт дүйнөдөн тандап алды.

34.

Анткени бир уруу- экинчи бир уруудан (тараган). Чындыгында, Алла – Угуучу, Көрүүчү!

35.

Имрандын аялы: “Эгем, мен курсагымдагыныазатабалда Сага гана арнадым . Менден кабыл ал. Албетте, Сен – Угуучу да, Көрүүчүсүң!” – деди.

36.

Ал төрөгөн кезде: “Эгем, мен кыз төрөдүм”-деп айтты. А Алла анын кимди төрөгөнүн жакшыраак Билүүчү.Эркек, аял сыяктуу эмес. Анан:”Анын атын Марйам койдум. Аны жана анын урпактарын куулган шайтандан сактооңду Өзүңдөн сураймын”.

37.

Анан Эгеси аны жакшы кабыл алды. Жакшы өсүү менен өстүрүп, Закарияны ага кепил кылды. Ар качан Закария мечитке кирген кезде анын алдынан мол ырыскыларды көрчү. Ал :”О Марйам! Бул сага кайдан?” –деп сурачу. Ал : “Бул – Алладан!” –деп жооп берчү. Чындыгында, Алла кимди кааласа ага сансыз ырыскы берет.

38.

Закария Эгесинекайрылып: “О, Эгем! Мага жакшы перзент бер. Анткени, Сен – дубаныУгуучусуң!”- деди.

39.

Ал (Закария) мечитте намаз окуп жаткан кезде периштелер айтышат:”Алла сага Алланын (өзүнүн) сөзүн тастыктоочу, жетекчи, өзүн аялдардан калкалоочу, жакшылардан пайгамбар (кылып) Яхьяатту перзентти сүйүнчүлөйт”.

40.

Ал айтты: “О Эгем, мен картайдым. Кантип менден бала төрөлсүн. Аялым да төрөттөнкалган”. Алайтты:”Алла эмне кааласа ошону жасайт!”.

41.

Ал (Закария) айтты: “О Эгем! Анда мага бир белги бер”. Алайтты:”Белги – сен үч күн адамдар менен ымдагандан башкача сүйлөшө албай каласың. Эртели-кеч Эгеңди көп эсте жана даңкта”.

42.

Периштелер айтышты: “О, Марйам! Алла сени тандады, тазалады. Сени дүйнөдөгү аялдардын ичинен тандап алды.

43.

О Марйам! Аллага моюн сунуп, Эгеңе сежде кыл. Намазокуучулар менен чогуу намаз оку!”

44.

Бул – кайып баяндардан. Биз аны сага айтып бердик. Алар кимиси Марйамды кепилдикке алаары тууралуу маселеде калемдерин ыргытышып, жаңжалдашкан (жарданышкан) кезде сен алар менен болгон эмессиң.

45.

Периштелер: “О Марйам! Чындыгында, Алла сени Өзү тарабынан бир сөз менен кубантат; анын ысымы Масих Иса Марйам уулу. Ал – дүйнөдө да, акыретте даңктуу жана Аллага жакындардан.

46.

Ал бешиктежана эр жеткенде адамдарга сүйлөйт.Ал – момундардан.

47.

Ал (Марйам): “Мага бир да адам жолобосо , менде кайдан бала болсун?” –деди. Алайтты:”Ушундай! Алла эмне кааласа ошону жаратат.Эгер бир иштин болуусун кааласа, андаАл:”Бол!”-дейт,ал дароо ишке ашат.

48.

Ага Жазууну, даанышмандыкты, Тооратты жана Инжилди үйрөтөт.

49.

жана аны Исраил урпактарына элчи кылат.”Чындыгында мен силерге Эгеңерден кереметтер менен келдим:Мен ылайдан чымчык жасап, ага Алланын уруксаты менен дем салсам, ага жан кирет;Алланын эрки менен тубаса сокурларды, ала-пес оорулууларды айыктырып, өлүктөрдү тирилтем;/йүңөрдө эмне жеп, эмне сактаганыңар тууралуу кабар берем.Чындыгында, ушунда, эгер ыйман келтирсеңер –– силер үчүн белги бар.

50.

“Силерге алдымдагы Тооратты ырастоо, Эгеңерден арамкылынган кээ бир нерселерди адал кылуучу белги жана силерге Эгеңерден кереметтерменен келдим. Алладан коркуп, мага моюн сунгула!”

51.

“Чындыгында, Алла менин да, силердин да Эгеңер. Агасыйынгыла. Ушул (анык) – Туура Жол.”

52.

Иса алардан каршылык сезип: “Алла жолунда мага ким жардамчы болот?” –деди. Хаварийлер:”Биз Алла (үчүн) жардамчыбыз. Аллага ыйман келтирдик. Биздин (толук) мусулман болгонубузга күбө бол, –дешти , –

53.

О биздин Эгебиз! Түшүргөнүңө (аянга) ыйман келтирип,элчини ээрчидик. Бизди күбө болуучулар менен чогуу кыл!”

54.

Алар амалкөйлүк-куулук кылышты . Алла да (аларга каршы) амалдуулук кылды !Алла – амалкөйлөрдүн эң мыктысы.

55.

Алла мындай деди: “Эй, Иса!Сени Мен алуучумун жана өз тарабыма көтөрүүчүмүн. Андыктан каршы болгондордон сени тазартуучумун жана сени ээрчигендерди Кыяматка чейин каршы болгондорго үстөмдүк кылып койом. Анан кайтаар жериңер – Мен тарап.Силер талашкан нерселер тууралууортоңордоөкүм кыламын.

56.

Ал эми ыйманга келбегендердин өздөрүн дүйнөдө да, акыретте да катуу азаптаймын. Алар үчүн эч бир жардамчы жок.

57.

Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандардын сыйлыктары толук берилет. Анткени, Алла – заалымдардыжек көрөт!

58.

Мына ошону сага аяттарданжана даанышман насааттардан окуп берүүдөбүз.

59.

Алланын алдында Исанын өрнөгү Адамдын мисалы сыяктуу. Аны топурактан жаратып, анан ага:”Бол!” – деп буйруду эле, болуп калды!

60.

Чындык – Эгеңден. Мына эми,күмөн саноочулардан болбо!

61.

Ачык белги келгенден кийин Иса тууралуу сени менен талашкандарга:”Келгиле,балдарыбызды, балдарыңарды, аялдарыбызды, аялдарыңарды, өзүбүздү жана өзүңөрдү чакыралы. Жалбарып, Алланын каргыштарынжалганчыларгатилейли!” –деп айт.

62.

Чындыгында, ушул баяндар- шексиз чындык. Алладан башка кудай жок! Чындыгында, Алла-Мартабалуу, Даанышман!

63.

Эгер алар жүз үйүрүшсө …Алла – бузукуларды Билүүчү!

64.

“Эй, Китеп ээлери ! Ортобузду (түзөп), өз ара бир келишимге келели: Жалгыз Аллага кулдук кылалы, Ага эч нерсени шерик кылбайлы. Ошондой эле, бири-бирибизди терңирге айлантып, Аллага шерик кошпойлу”-деп айткын . Эгер аларкаршы болсо, анда :”Биздин мусулмандыгыбызга күбө болгула!”- дегиле.

65.

Эй, Китеп ээлери! Ибрахим тууралууэмнеге талашасыңар? Акылга келбейсиңерби: Чындыгында, Тоорат да, Инжил да андан кийин түшүрүлбөдүбеле?!

66.

Эй, силер маалыматыңар болгон нерсе тууралуу го талашып жатасыңар !А эмне үчүн өзүңөр билбеген нерселериңер тууралуу дагы талашасыңар? Алла билет, а силер билбейсиңер.

67.

Ибрахим иудейда, християн да эмес, нагыз мусулман болчу. Шерик тутуучуларданда эмес эле.

68.

Чындыгында, адамдардын Ибрахимге жакыны – аны ээрчишкендер; Ушул пайгамбаржана ыймандуулар. Алла –ыймандуулардын Коргоочусу!

69.

Китеп ээлеринин бир тобу силерди адаштырууну каалашты. А, бирок алар өздөрүн гана адаштырышат. Аныөздөрү да сезишпейт.

70.

“Эй, Китеп ээлери! Өзүңөр күбө болуп туруп , эмне үчүнАлланын белгилерине каршы чыгасыңар?”

71.

“Эй, Китеп ээлери! Эмне үчүн чындыкты бузукулук мененалмаштырып, билип туруп Акыйкатты жашырасыңар.”

72.

Китеп ээлеринин бир тобу (өз ара): “Ыймандууларга түшүрүлгөнгөкүндүн башындаыйман келтирип,анынаягында каршы чыккыла! “Балким алар кайтаар” ,–дешет.

73.

“Силердин диниңерди ээрчигендерди ганатастыктагыла” – дешти. Сен :”Чындыгында, Алланын жолу – Туура Жол!” –деп айткын.(Алар): “Эгер силер алардыээрчисеңер, анда силерге түшүрүлгөн нерселераларга да берилгендигин, же алар кудайыңардын алдында силерге (күнөөнү) жаап салышат”, – деп айтышат.(Сен):”Чындыгында, жакшылык – Алланын колунда, аны Өзү каалаганына берет”, – деп айт.Чындыгында, Алла – баарын Камтуучу, Билүүчү.

74.

Ал каалаган адамына Өз ырайымын багыштайт. Алла – Улуу Ырайымдуулуктун Ээси!

75.

Китеп ээлеринин кээ бирөөлөрүнө сен көп байлыкаманатка берсең , аны сага толугу менен кайтарат.Ал эми айрымдары бир динараманатка берсең,анын артынантүшпөсөң кайтарып беришпейт.Себеби алар:”Сабатсызадамдарга биздин күнүбүз түшпөйт”, –деп айтышат. Алар Алла тууралуу билип туруп жалган айтышат.

76.

Андай эмес! Ким өз убадасын аткарса, Алладан корксо … Чындыгында, Алла такыбаларды сүйөт!

77.

Чындыгында, Аллага берген убадаларын жана анттарын арзыбас акча үчүн соодалашкандардын Акыретте эч кандай үлүшү жок жана Кыямат Күнү Алла аларга сүйлөбөйт, карап да койбойт . Аларды (күнөөдөн) тазартпайт, аларга – оорутуучу азап (бар).

78.

Чындыгында, алардын арасынанбир топКитептеболбогонду (силер) Китепте бар экен деп ойлооңор үчүн тилдерин бурупокушат. “Бул – Алладан!” – деп айтышат. Бирок, ал – Алладан эмес! Алар Алла тууралуу билип туруп жалган айтышат.

79.

Алла бир адамга Китеп, даанышмандык жана пайгамбарлык берсе, а тигил болсо адамдарга:”Алланы коюп, мага кул болгула!” – деп айтуусу туура эмес. Анын ордуна: “Китептен окуп үйрөткөнүңөрдөй жана сабак алганыңардайЭгесине гана берилгендей болгула!” – (деп айтуусу керек эле).

80.

Алсилерге периштелерди жана пайгамбарларды өзүңөргө кудай кылып алууга буюрбайт. Силердимусулман болгонуңардан кийин, (кайра) каапырлыкка буюрмак беле?!

81.

Алла пайгамбарларга: “СилергеКитеп, даанышмандык бердим. Анан силерге берилген нерселерди тастыктоочу (башка) элчикелет. Силер ага сөзсүз ишенип, ага жардам беришиңер керек!” – деп алардын убадаларын алган. Ал :”Менин келишимимдитастыктап, кабыл албайсыңарбы? – деп айтты. Алар: “Тастыктайбыз!” – дешти. Ал :”Күбө болгула ! Мен да силер менен бирге күбө болуучуларданмын”, –деди.

82.

Мындан кийинкимде-ким жүз үйүрсө – алар бузукулар.

83.

Алланын дининен башка дин издешеби ? Ага асмандардагы жана жердин баары ыктыярдуу да, ыктыярсыз да моюн сунат. Алар Агакайтарылат.

84.

“Биз Аллага жана бизге түшүрүлгөнгө, Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Якубка жана алардын урпактарына түшүрүлгөнгө, Мусага, Исага жана баардык пайгамбарларга Эгебизден белек кылынгангаыйман келтиребиз. Биз аларды бирин артык, бирин кем көрбөйбүз. Ага (Аллага) гана өзүбүздү тапшырабыз”, – деп айткыла.

85.

Кимде-ким Исламдан башканыдин катары тутунса, анын диникабыл кылынбайт. Ал Акыретте зыянга учуроочулардан.

86.

Аллага ыйман келтирип, чындыгында, элчинин акыйкаттыгынакүбө болуп, аларгаачык далилдер келген соң, каапырлык кылган коомду Аллаэмне үчүн Туура Жолго салсын?! Алла заалым коомду Туура Жолго баштабайт!

87.

Алардын жазасы – Алланын, периштелердин жана баардык адамдардын каргышы!

88.

Ал жерде (Тозокто) алар түбөлүккө калышат. Алардын жазасы да жеңилдетилбейт, (жазалоо) мөөнөтү да артка кечиктирилбейт.

89.

Бирок (ыйман келтирип), тообо кылгандар жана (амалдарын) түзөгөндөргө Алаа – Кечиримдүү, Боорукер!

90.

Чындыгында, ыйман келтиришкенден кийин каапыр болгондор жана да каршылыктарын күчөткөндөрдүн тообосу эч (качан) кабыл болбойт. Мына ошолор – Жолдон адашкандар!

91.

Чындыгында, каапыр боюнча өлгөндөрдүн ар бири жер жүзү толо алтын төлөсө да эч качан алардын (төлөмдөрү) кабыл кылынбайт . Аларга жан чыдагыс азап (бар). Алар үчүн бир да жардамчы жок!

92.

Силер өзүңөр жакшы көргөн нарсени (Алла жолунда) сарптамайынча жакшылыкка жете албайсыңар. Силер эмнеден кайрымдуулук кылган болсоңор, чындыгында аны АллаБилүүчү!

93.

Тоорат түшүрүлөрдөн мурда Исраилөзүнө-өзү арам кылган нерселеринен башка баардык тамактар Исраил урпактарына адал болчу.Аларга:” Эгер айтканыңар чын болсо Тооратты алып келип окугула!” –дегин.

94.

Ошондон кийин кимде-ким Алла жөнүндө жалган сөз таратса, – мына ошолор заалымдар!

95.

Айткын: “Алла – Чындыкты Айтуучу!Ибрахимдин таза динин кармангыла!” Ал – (Аллага) шерик кошуучуларданэмес!

96.

Чындыгында, адамзат үчүн Меккеде алгач курулган Үй– бүткүл ааламүчүн ыйык жана Туура Жол!

97.

Анда ачык белгилер жана Ибрахимдин орду бар. Кимде ким агакирсе – тынчтыкта болот. Мүмкүнчүлүгү жеткендерге Алла (ырааазылыгы) үчүн Каабага ажылык кылуу милдети жүктөлдү. Ким мындан жүз үйүрсө, чындыгында, Алла – ааламдагыларга Муктаж эмес!

98.

“Эй, китеп ээлери! Алланын белгилерине эмне үчүн ишенбейсиңер?! Алла силердин кылып жаткан иштериңердин баарына Күбө!

99.

Эй китеп ээлери, өзүңөр тууралыгына күбө болуп туруп, эмне үчүн кара ниеттикти көздөп, ыймандууларды Алланын жолунантососуңар?! Алла силердин жасап жаткан ар бир ишиңерге кайдыгер эмес!” – деп айткын.

100.

Эй,ыйман келтирген момундар! Эгер силер ыйман келтиргенден кийин китеп ээлеринин кээ бир тобуна моюн сунсаңар,алар силерди (кайра) каапырлыкка кайтарышат.

101.

Силерге Алланын аяттары окулуп жатса, араңарда Алланын элчиси болсо, ананкантип силер кайра артка (каапырлыкка) кайтасыңар?! Ким Алланын китебин бекем карманса, ал – Туура Жолго багыт алат.

102.

Эй ыйман келтиргендер! Алладан чыныгы коркунуч менен корккула жана мусулман абалда гана өлгүлө.

103.

Баарыңар Алланын жибин(гана) карманып, бөлүнүп-жарылбагыла! Силер бири-бириңе душман болуп турган учурда жүрөктөрүңөрдүн аралыгын жакындаткан, Анынжакшылыгы менен бир тууганга айланганыңарды эстегиле! Тозоктун бир чуңкурунун жээгиндетурган кезиңерде, Алсилерди андан куткарды. Силер Туура Жолго түшүшүңөр үчүнАлла Өз аяттарын ушундай кылып баяндайт.

104.

Силерден жакшылыкка чакырып, жакшылыкка үндөгөн жана жамандыктан тыйган биркоом болсун! Ошолор – (Азаптан) кутулуучулар.

105.

Өздөрүнө ачык далилдер келгенден кийин бөлүнүп-жарылып,каршылашкандардан болбогула. Мына ошолорго – Улуу азап (бар)!

106.

Кыямат Күнү айрым жүздөр агарып, айрым жүздөр карарат. Ошондо жүздөрү караргандарга:”Ыйман келтиргенден кийин каапыр болдуңарбы?! Ошол каапыр болгонуңар үчүн азабын таткыла!” (– деп айтылат).

107.

Ал эми жүздөрү агаргандар Алланын мээриминде болушат. Алар анда түбөлүктүү калышат.

108.

Ушулар – Алланын аяттары. Аны сагачындык менен окуп берип жатабыз. Алла – ааламдарга зуулумдук кылууну каалабайт.

109.

Асмандагылар да, жердегилер да Аллага таандык. Баардык иштериңер Аллага кайтат.

110.

Аллага ыйман келтирген, жакшылыкка үндөгөн, жамандыктан тыйган, (жалпы) адамзат үчүн жиберилген жакшы коом болдуңар! Эгер китеп ээлери ыйман келтиршкенде, ал – өздөрү үчүн жакшы болмок. Алардын кээ бирлери ыймандуулар, ал эми көпчүлүгү бузукулар.

111.

Алар силергекайгыдан башка эч бир зыянын тийгизе алышпайт. Эгер силер мененсогушса,артын карай качышат. Аларгажардамберилбейт.

112.

Кайда болсо да, аларга кордук соккусу урулат.Алла тараптан коргоо, же адамдар (мусулмандар) менен келишими болсо гана аларга сокку урулбайт. Алар Алланын каарына учурап, кедейчиликтин да соккусун тартышат. Анткени, алар Алланын аяттарына каршы чыгышты, пайгамбарларды адилетсиздик менен өлтүрүштү. Бул (азап) – алардын күнөөгө батып, чектен ашкандыгынан.

113.

Китеп ээлеринин баары бирдейэмес. Алардын түн мезгилинде тике туруп, Алланын аяттарын окуп, сежде кылуучу бир тайпасыбар.

114.

АларАллага, акырет Күнүнө ишенишип, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосуп, жакшылык иштерде атаандашат. Алар – жакшылардан.

115.

Алар кандай жакшылык кылышпасын (Алла тарабынан) унутулупкалбайт. Алла – такыбаларды Билүүчү!

116.

Чындыгында, каапырлардын мал-мүлкү, балдары Алладан (келүүчү) эч бир нерседеналарды куткарып кала албайт. Алар – Тозок ээлери. Андатүбөлүккө калышат!

117.

Алар бул дүйнөдө жасаган кайрымдуулуктарынын мисалы: өздөрүнө зулумдук кылган коомдун эгин талаасынын түшүмүн кыйраткан аяздуу шамал сыяктуу.Алла аларга зулумдук (адилетсиздик) кылган жок! Алар – өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты!

118.

Эй, ыймандуулар! Өзүңөрдөн башкалардыдос тутпагыла. Алар силерге кастык кылуудантартынышпайт. Аларсилердин балээге кабылышыңарды каалашат. Алардын кектешүүсү оозунан (чыккан сөздөн) ачык-айкын көрүнүп турат. Жүрөктөрүнүн түпкүрүндөгүтагы (кеги) абдан чоң. Чындыгында, силер түшүнүшүңөр үчүн Биз силерге белгилерди баян кылдык.

119.

Силер аларды жакшы көрөсүңөр, (баары бир)алар силерди жек көрүшөт. Силер Китептинбаарына ыйманкелтиресиңер, алар бетме-бет келген учурда:”Ишендик!” – деп, өздөрүнчө калган кезде силерге (карата) болгон кара ниеттерин ачыкка чыгарышат.”Кара ниетиңер менен кошо өлгүлө!” –деп айт. Чындыгында, Алла – жүрөктөрдүн түпкүрүндөгүнү Билүүчү!

120.

Силер кандайдыр бир ийгиликке жетсеңер, аларга жакпайт.Ал эми силерге кандайдыр бир жамандык келсе, ага алар кубанышат.Эгер сабыр кылып, такыба болсоңор, алардын кара ниеттигинен эч зыян тартпайсыңар!Чындыгында, Алла – алардын кылып аткан иштеринин баарын Камтуучу!

121.

Үйүңдөн эрте чыгып, момундарды согуш үчүн катарга тиздиң, Алла – баарын Угуучу, Көрүүчү!

122.

Ошол учурдасилерден эки топ кайратынан тая түштү. Алла ал экөөсүнүнжардамчысы. Момундар Аллага гана тобокел кылышсын!

123.

Чындыгында,Бадрдасилерди ¬¬жеңишке жеткирген –Алла!Ал кезде силер күчсүз болчусуңар. Алладан корккула! Мүмкүн (силер эми) шүгүр кылаарсыңар?!

124.

Момундарга : “Эгеңер силерге үч миң периште түшүрүп, жардам берди. Ошол жетишпейби?!” – деп айттың.

125.

Ооба, эгер сабыр кылып, такыба болсоңор, Алсилерге дароо жардамга келет. Эгеңер силерге бирдейбеш миң периште менен жардам кылат.

126.

Алла анысилерди сүйүнтүп, аны менен (кошо) жүрөктөрүңөр тынчтануусу үчүн жасады. Жардам – Мартабалуу, Даанышман Алладан гана!

127.

Каапырлардын бир тарабынкыйратуу, кордоо жана алар ийгиликсиз кайтсын үчүн (ушинтти).

128.

Алла аларды кечиреби, же азаптайбы.. . Эч бир иш сенин эркиңде эмес!Чындыгында, алар – заалымдар.

129.

Асмандагылар жана жердегилер – Аллага таандык. Алкаалаганын кечирип, каалаганын азаптайт. Алла – Кечиримдүү, Боорукер!

130.

Эй, ыйман келтиргендер! Сүткорлуктун эсебинен жашабагыла! Алладан корккула! (Ошондо) мүмкүнкутулаарсыңар!

131.

Каапырларга даярдалган Тозоктон сактангыла!

132.

Алладан коркуп, Элчигемоюн сунгула! Балким (ошондо) ырайым кылынаарсыңар!

133.

Эгеңердин кечиримине, такыбалар үчүн даярдалган кенендиги асман менен жердей болгон Бейишке умтулгула!

134.

Кеңиричиликте да, жетишсиздикте да Алла жолунда сарптагандар, ачуусун сабыр менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгондор – (ушулар такыбалар)! Алла – жакшылык кылуучуларды сүйөт!

135.

Ыпластык менен алектенгендер, өз жандарына зулумдук кылгандар,билип турупжасаган (күнөө) иштерин улантышпаса, Алланы эстеп, күнөөлөрү үчүн кечирим сурашса… Алладан башка ким күнөөлөрдү кечире алат?!

136.

Алардын сыйлары – Эгесинен кечирим жана алдынан дарыялар агып турган Бейиштер. Ал жерде алар түбөлүккө болушат. Амалкылуучулардын сыйлыктары кандай жакшы!

137.

Силерден мурда ар түрдүү окуялар өткөн. Жер жүзүн кезип көргүлө. Жалганга чыгаруучулардынакыбети эмне болгонун көргүлө!

138.

Бул– адамдарга эскертүү жана Такыбаларга– жол көрсөтүүчү насыят!

139.

Алсырабагыла жана кайгырбагыла, эгер момун болсоңор, албетте, (каапырлардан) үстөм болосуңар!

140.

Эгер силержаралансаңар, тигил коомгода ошол сыяктуу эле жарадарлык жеткен. Алла силердин ыймандууларыңарды аныктоо жанасилерден шейит алуу үчүн ушул күндөрдүадамдардын арасында айлантып турабыз . Алла – заалымдардыжек көрөт.

141.

ошондой эле, Алла момундарды тазалоо жана каапырларды кыйратуу үчүн (согуш болот).

142.

Же силердин Алла үчүн күрөшүүчүлөрдү жана сабырдууларыңарды (Эгеңер) аныктабастан туруп Бейишке киребиз деп ойлойсуңарбы?

143.

Мурда өлүмгө жолугууну эңсечү элеңер, эмианы көрүп, карап турасыңар.

144.

Мухамед – Алланын элчиси гана. Андан мурун да элчилерөткөн. Ал өлсө, же өлтүрүлсө силер артка кайтасыңарбы?!Ким артына кайтса ал – Аллага кымындай да жамандык кыла албайт. Алла – шүгүр кылуучуларды сыйлайт.

145.

Алланын буйругу болмоюнча эч ким өлбөйт!Ал (ажал) – жазылуубир мөөнөт. Кимде ким бул дүйнөнүн жакшылыгын кааласа аны ошого беребиз. Ал эми кимде ким Акыреттин жакшылыгын кааласа – ага ошону беребиз. Шүгүр кылуучуларды – тез арада сыйлыкка ээ кылабыз!

146.

Канчалаган пайгамбарлар менен нечелеген Кудайга берилгендерсогушушуту. Алар Алла Жолунда тарткан азаптан алсырашып, моюнсунушканжок. Алла – сабырдууларды сүйөт!

147.

Алардын сөздөрү: “О Эгебиз! Күнөөлөрүбүздү, ишибиздеги ысырапкорчулугубузду кечиргин, биздин кадамдарыбызды бекем кылып, каапыр коомго каршы (күрөштө) жардам бер!

148.

Ошондуктан Алла аларга дүйнө жакшылыгын берип, Акырет жакшылыгынын эң көркөмүнө бөлөдү. Алла – жакшылык кылуучуларды сүйөт!

149.

Эй, ыйман келтиргендер! Эгер силер каапырларга моюн сунсаңар, силерди артыңарга кайтарат, ошондо силер зыянга учуроочуларга айланасыңар.

150.

Ооба! Силердин колдоочуңар – Алла. Ал – эң мыкты Жардамчы!

151.

Ыймансыздардын жүрөгүнө Алла Өз Китептеринде кабарлабаган шериктерди кошкондугу үчүн коркунуч салабыз. Алардын бара турган жайы – Тозок. Залымдардынжайы –кандай жаман!

152.

Силер алардыАлланын каалоосу менен талкалаган кезде Алланын убадасы ишке ашты. Качан гана силеркоркуп, буйрукка каршы чыгып, силер жакшы көргөн нерсени Алла өзүңөргө көрсөткөндөн кийин гана силер моюн толгодуңар. Силердин араңардан бул дүйнөнү каалоочулар жана силердин эле араңардан акыретти каалоочулар да бар. Алсилерди сыноо үчүн алардан жеңилүү менен кайтарды. Бирок, Ал силерди кечирди. Алла – момундар үчүн ырайым Ээси!

153.

Мына силер эч кимге карабастан артка качтыңар. Элчи болсо силерди алгачакырып жатты. Силердин кайгыңаргакайгыкошуп, өткөн нерсегежана кабылгангаөкүнбөшүңөр үчүн Алла силерди жазага кириптер кылды . Чындыгында, Алла–силердин бардык ишиңерден Кабардар!

154.

Анан, Алсилерге кайгыдан кийин силердин бир бөлүгүңөрдү тынчтандыруучу уйку жиберди. Калган бөлүгүңөр өздөрү менен алек болуп, санаа тартып жатышты. Алар:”Бул иштебизге бир нерсеболбой калды”, – деп, Алла тууралуу адилетсиз наадандык ойлорго алдырышты.”Бардык иштер –Аллага таандык”, –деп айткын. Алар дилдеринде сага ачык айтпаган нерселерди сакташат. Алар:” Эгер бул иште биз үчүн бир нерсеболгондо, биз бул жерде өлүмгө учурабас элек”, –деп ойлошту. Айт:”Эгер силер өз үйүңөрдө жатып деле, кимдин маңдайына өлүм жазылган болсо, ачыкка чыкмак . Алла силердин дилиңердегини сыноо жана жүрөгүңөрдөгүнү тазалоо үчүн (ушул окуяга кириптер кылды). Акыйкатта, Алла дилдердеги нерселерди Билүүчү!

155.

Чындыгында эки тайпа бетме бет келген кезде силердин араңардан артка кайткандар, алардын бузукулук аракетинен улам шайтан жаңылыштыкка түрттү. Алла алардыкечирди. Анткени, Алла –Кечиримдүү, Мээрбан!

156.

Эй, ыйман келтиргендер! Сапарга, же согушка бара жатып, кайтыш болгон туугандар тууралуу:”Эгер алар биз менен чогуу болгондо, өлмөк да эмес, өлтүрүлмөк да эмес” – деп жолдошторуна айткан каапырлардай болбогула!Акыйкатта, Алла – тирилтет жана өлтүрөт! Алла – силер жасап жаткан иштерди Көрүп Туруучу!

157.

Албетте, силер Алланын Жолунда өлтүрүлгөн, же өлгөн болсоңор, – Алланын кечирими жана ырайымы алар жыйнап жаткан нерселерденжакшыраак.

158.

Эгер силер өлтүрүлсөңөр, же өлсөңөр, анда албетте Алланын алдына чогултуласыңар.

159.

Алланын ырайымы менен сеналарга жумшак мамиле кылдың. Эгерде сен катуу жүрөк, орой болгонуңда, анда алар сенин айланаңдан чачылып кетмек. Аларды кечир жана алар үчүнкечирим сура. Бирок иш тууралуу алар менен кеңеш . Эгер чечим кабыл алган болсоң , анда Аллага тобокел кыл! Алла Өзүнө тобокел кылгандарды сүйөт.

160.

Эгер Алла силерге жардам берсе, анда силерди эч ким жеңе албайт. Ал эми Алла силерге жардам бербесе, анда Анданбашка ким силерге жардам берет?! Ыймандуулар Аллага гана тобокел кылышсын!

161.

Алланын элчиси (кимдир-бирөөнү) алдоого тийиш эмес. Эгерде кимде ким алдаган болсо,ал Кыямат Күнү Алланын алдына ошол алдаган нерсеси менен келет. Анан ар бир жанга өзү ээ болгон нерсесине жараша сый, же жаза берилип, аларга зулумкылынбайт.

162.

Алланын ыраазылыгына жетүүгө умтулган адам, кантип эле Алланын каарына калган адамга окшосун? Анынбараар жери – Тозок. Ал жай – абдан жаман!

163.

Алар Алланын алдында түрдүү даражалардаболушат. Алла эмне кылгандарын көрүп турат!

164.

Алла алардын өздөрүнүн ичинен элчи жиберип, момундарга ырайым кылды. Алаларга Анынаяттарын окуп берет жана аларды (күнөөдөн) тазалайт. Аларды мурда анык адашууда жүрүшкөнүнө карабастан Китепти окууга жана даанышмандыкка үйрөтөт.

165.

Силерге кырсык келгенде : “Бул кайдан?” – дедиңер. Албетте, силер мындайдынэки эсесине туш болгонсуңар.”Бул силердин өзүңөрдөн “, –деп айт. Чындыгында, Алла бардык нерсеге Кудуреттүү!

166.

Момундарды аныктоо үчүн эки топ каршылашкан күнү силерге келген кырсык – Алланын каалоосу менен (болду)!

167.

Ошондой эле (ал согуш) мунафыктардыбилүү үчүн да (буйрулду).Аларга:” Келгиле, Алла жолунда согушкула жана коргонууга тургула!” – деп айтылса, алар:”Эгер согушууну билсек, силердин артыңардан ээрчийт элек!” – дешти. Алар ал күнү ыйманга караганда каапырлыкка жакыныраак болчу.Алар жүрөктөрүндө болбогон нерсени ооздору менен айтышты. Алла алардын жашырган нерселерин жакшыраак билет.

168.

Олтуруп ага-инилерине: “Эгер биздин тилибизди алышса, алар өлүмгө дуушар болушмак эмес эле”, – деп айткандарга,”Айтканыңар чын болсо, өлүмдү өзүңөрдөн кайтарып көргүлөчү!” – деп айт.

169.

Алла жолунда өлтүрүлгөндөрдү, өлүк деп атабагыла. Алар – тирүү. Эгелеринин алдында ырыскыга бөлөнүшөт.

170.

Алар Алланын мээрими менен өздөрүнө (Бейиште) берилген нерселерине кубанышкан абалда, арттарында кошулбай калгандардыда:”Аларга коркунуч жок. Алар кайгырышпайт”, – деп сүйүнчүлөшөт.

171.

Ошондой эле алар Алладан болгон жакшылыкты жанаырайымдуулукту сүйүнчүлөшөт. Чындыгында, Алла – момундардын сообун текке кетирбейт.

172.

Алар (согушта) соккуга кабылгандан кийин да, Алла жана Анын элчисинин чакырыгына жооп беришет. Жакшы иштерди жасап, такыба болгондорго– улуу сыйлык (бар)!

173.

Аларга адамдар: “Мына, силерге каршы эл чогулду. Алардан корккула!” – деп айтышканда, алардын ыйманы ого бетер күчөп:”Бизге– Алла жетиштүү! Ал – кандай жакшы Колдоочу!”-дешкен.

174.

Ошондуктан алар Алланын жакшылыгы жана айкөлдүгү менен эч бир жамандыкка кабылбастан, Алланын ыраазылыгына бөлөнүп кайтышты. Алла – Улуу берешендик ээси!

175.

Чындыгында, шайтан өз досторун коркутат. Эгер момун болсоңор, алардан коркпогула, Менденкорккула!

176.

Алардын каапырлыкка карай умтулуусу сени кайгыга салбасын. Анткени, алар Аллага эч зыян келтире алышпайт. Алла аларга Акыретте эч кандай үлүш кылбоону каалайт . Аларга улуу азап (бар).

177.

Ыйманынын ордуна каапырлыкты сатып алгандар да Аллага эч кандай зыян келтире алышпайт. Аларга оорутуучу азап (бар).

178.

Алар жана алар сыяктуу каапырлардын мөөнөтүнузартканыбызды алар жакшылык деп ойлошпосун. Алардын күнөөлөрү дагы көбөйүүсү үчүн мөөнөттөрүнузартып койобуз. Алар үчүнкордоочу азап бар.

179.

Алла жакшыдан жаманды ажыратканга чейин гана…Силерди – момундарды ушул абалда калтырбайт.Алла силерге кайыптыбилдирбейт, бирок элчилеринен каалаганын тандап, ошого гана билдирет. Аллага жана Анын элчилерине ыйман келтиргиле! Эгер ыйман келтирип, такыба болсоңор, анда силерге улуу сый (бар).

180.

Алланынберешендигинен өздөрүнө берилген нерселерге сараңдык кылгандарды – алар үчүн жакшы деп ойлобогула!Жок, бул – аларга (абдан) жаман! Кыямат Күнү алар эмнеге сараңдык кылышкан болсо, ошол нерсеси алардын мойнуларына (от болуп) оролот. Андыктан, асман жана жердин (баардык) мурастары Аллага таандык! Алла – жасаган иштериңерден Кабардар!

181.

Чындыгында: “Аллакедей, а биз байбыз”, дегендердинсөзүн Алла укту. Алардын айткандарын жана жазыксыз пайгамбарларды өлтүргөндөрүн жазып койобуз да,аларга:”Куйкалоочу азаптын даамын таткыла!” – деп айтабыз.

182.

Бул (азап) – силердин колуңардын жасаганынан улам. Алла – Өз пенделерине адилетсиздик кылуучу эмес.

183.

Алла бизге: “От жалмап кете турган курмандык алып келмейинче эч бир элчиге ишенбегиле”, –деген осуят калтырган дегендерге(минтип) айт:”Силерге менден мурунку элчилер ачык далилдерди, ошондой эле айтканыңардыкелтирди. Силер чынчыл болсоңор анда эмне үчүн аларды өлтүрдүңөр?!”

184.

Сени алар “жалганчы” дешсе, чындыгында сага чейин далилдер , ачык Китеп жана барактарменен түшүрүлгөн элчилерди да,алар”жалганчы” дешкен.

185.

Бардык жандар өлүм даамын татышат жана Кыямат Күнү ар бириңерге сыйлыгыңар толугу менен берилет. (Ошондо) ким Тозок отунан куткарылып, Бейишке киргизилген болсо, мына ошол ийгиликке жетет. Дүйнө жашоосу – азгырыктардан гана пайдалануу.

186.

(Эй, момундар!) Силер мал-мүлкүңөржана напсиңер аркылуусыноодонөткөрүлөсүңөр,силерге чейин Китеп түшүрүлгөндөрдөн жана мушриктерденкөптөгөн ыза кылуучу сөздөрдү угасыңар. Эгер сабыр кылып, Алладан корксоңор, анда бул –иштердин максатка жеткени.

187.

Ошол убакытта Алла Китеп берилгендерге: “Аныадамдарга түшүндүрүүгө, жашырбоого убада бересиңерби?!” – деп , алардынубадасын алды. Бирок алар аны артына ташташып , арзыбаган акчага алмаштырышты. Алар сатып алган нерсекандай жаман!

188.

Аткарган иштерине кубанып, өздөрү жасабаган иштер менен мактанууну сүйгөндөр азаптанкутулат деп ойлобо. Аларга – оорутуучу азап (бар)!

189.

Асмандардын жана жердин кожоюндугу – Аллага (гана) таандык. Алла –бардык нерсеге Кудуреттүү!

190.

Асмандар менен жердин жаралуусунда жана түн менен күндүн алмашуусунда – акыл ээлери үчүн белгилер (бар).

191.

АларАлланы, турган абалда, отурган абалда да жана жамбаштаган абалдада эстешет жана асмандардын жана жердин жаралуусу жөнүндө ой жүгүртүшүп:”О Эгебиз! Сен муну максатсыз эле жаратканың жок. Сен Ыйыксың! Бизди Тозок азабынан сакта!” (– дешет).

192.

О Эгебиз! Сен кимди Тозокко буйурсаң, чындыгында аны кордойсуң. Заалымдардынэчбир жардамчысы жок.

193.

О Эгебиз! Биз: “Эгеңерге ыйман келтиргиле”, – деп чакырган үн салуучунуугуп, ыйман келтирдик. О Эгебиз! Биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, жамандыктарыбызды жашыр, жакшылар менен бирге өлүүнү насип эт.

194.

О Эгебиз! Бизге элчилериңе убада кылганыңдыбере көр! Бизди Кыямат Күнү кордобо. Чындыгында, Сен убадаңа каршы чыкпайсың!

195.

Ошондо алардын тилектерин Эгеси кабыл кылып: “Чындыгында, Мен силердин – эркек, же ургаачы болсун –амал кылуучуңардын амалдарын текке кетирбеймин. Силер бири-бириңерденсиңер. Көчкөндөрдүн ,мекенинен куулуп чыгарылгандардын, Менин жолумда азап тарткандардын, согушкандардын жана өлтүрүлгөндөрдүнжамандыктарын кечип жиберем . Аларды алдынан дарыялар аккан Бейишкекиргиземин. Сыйлык – Алладан! Сыйлыктын жакшысы – Алланын алдында!

196.

Каапырлардын шаарлар арасында айланып (саякаттап) жүрүүсү сени азгырбасын.

197.

Аз гана пайдалануудан кийин алардын орду – Тозок. (Ал–) кандай жаман орун!

198.

Өз Эгесинен корккондорго – алдынан дарыялар агып турган Бейиш бактары (тартууланат). Ошол жерде алар түбөлүккө калышат.Алар– Алланын коноктору. Алланын алдындагы жакшылык – такыбалар үчүн!

199.

Чындыгында, Китеп ээлеринен Аллага ыйман келтирип, силерге түшүрүлгөн жана өздөрүнө түшүрүлгөн нерселерге Алладан корккон абалда ишенгендер да бар. Алар – Алланын аяттарын арзыбас баага сатышпайт. Алардын сыйлыктары –Эгесинин алдында! Чындыгында, Алла – тез Эсеп Кылуучу!

200.

Эй, ыймандуулар! Сабырдуужана чыдамдууболгула, катарга тургулажана Алладан корккула, мүмкүн кутулаарсыңар.