2. Аль-Бакара

1.

Алиф, лам, мим.

2.

Бул эч шексиз китеп. Ал такыбалар үчүн туура жолду көргөзүүчү.

3.

Алар кайыпка ишенишет, намаз окушат жана Биз аларга берген Ырыскылардан сарп кылышат.

4.

Алар сага түшүрүлгөнгө да, сенден мурунку түшүрүлгөндөргө да, Акырет күнүнө да ишенишет.

5.

Алар өздөрүнүн Эгесининтуура жолунда. Дал ошолор ийгиликке жетүүчүлөр!

6.

Чындыгында, каапырларга эскертесиңби, же эскертпейсиңби, баары бир – алар ишенишпейт.

7.

Алла алардын жүрөгүн жана кулагын мөөрлөп – бекитип салган, а, көздөрүнө парда тарткан. Аларга чоң азап бар.

8.

Элдердин арасында кээ бирөөлөр: “Биз Аллага жана Кыямат Күнүнө ишенебиз”,- дешет. Бирок алар ишенишпейт.

9.

Алар Алланы жана ишенген ыймандууларды алдоого аракеттенет. Бирокалар өздөрүнгана алдашат, муну өздөрү да сезишпейт.

10.

Алардын жүрөгүндө оору (бар). Алла алардын оорусун дагы да күчөтөт. Жалган сүйлөгөндөрү үчүн аларга оорутуучу азап бар.

11.

Аларга: “Жер бетинде жамандык-бузуктукту жайылтпагыла”,- деп айтылса, алар:”Биз болгону жакшылык гана кылып жатабыз”, – дешет.

12.

Охоо! Дал ошолор жамандык-бузуктукту жайылтуучулар. Бирок аны алар сезишпейт.

13.

Аларга: “Башкалар ишенгендей эле ишенгиле!” – деп айтылса, алар:”Биз эмне, кем акылдар ишенгендей ишенебизби?” – дешет. Аныгында алар өздөрү кем акылдар. Бирок муну өздөрү билишпейт.

14.

Аларыймандууларга жолукканда: “Биз ишенебиз”, – дешет. Бирок өздөрүнүн шайтандары менен өздөрүнчө калганда:”Биз силер мененбиз, а, тияктаболгону – тигилерди шылдыңдап жатабыз”, – дешет.

15.

Алла аларды шылдыңдайт.Алардын адашууларын андан бетер арбытат.

16.

Булар адашууну туура жолго сатып алгандар. Алардын соодасы кирешесиз болду жана алар туура жолдо болбоочулар.

17.

Алар от жаккан бирөөнө окшойт: Качан (от) айлананы жарык кылган кезде Алла анын нурун алып салды жана ал көөдөй караңгылыкта көрө албай калды.

18.

(Булар) дүлөй, дудук, сокур жана алар туура жолго кайтышпайт.

19.

Же асмандагы жамгырлуу булут өңдүү: Анда түнөргөн караңгылык, күн күркүрөө жана чагылган (бар), алар өлүмдөн коркуп манжаларын кулактарына тыгып алышат. Бирок, Алла каапырларды курчап алган!

20.

Чагылган алардын көрүүсүн (көзүн) алып кетүүгө дапдаяр: качан ал”жарк” дей түшкөндө алар басып жөнөшөт, а караңгыласа туруп калышат. Эгерде Алла кааласа аларды дүлөй жана сокуркылып коймок. Акыйкатта, Алла бардыгына кудурети жетүүчү!

21.

Эй, адамдар! Силерди да, силерге чейинкилерди да жараткан Эгеңерге сыйынгыла! Мүмкүн силер коркоорсуңар.

22.

Ал (Алла) силерге Жерди килем кылып төшөп койду, а асманды куруп койду. Асмандан суу жаадырып, аны менен силерге ырыскы кылып жемиштерди өстүрдү. Билип туруп, Аллага шериктерди кошпогула.

23.

Эгер силер Биздин пендебизге түшүрүлгөнгө шектенсеңер анда ошого окшош сүрөө келтирип бергилечи?! Эгер сөзүңөр чындык болсо Алладан башка өз күбөлөрүңөрдү чакыргыла.

24.

Эгер силер муну жасай албасаңар, чынында, силер муну эч качан аткара албайсыңар! Отуну адамдар менен таштар болгон оттон (тозоктон) сактангыла!Ал каапырлар үчүн даярдалган.

25.

Ыймандууларга жана жакшылык иш кылгандарга, алар үчүн бактар бар экенин сүйүнчүлө! Бактардын алдында дарыялар агат. Аларга ырыскы катары жемиш тартууланганда алар:”Бул бизге мурун берилип жүргөндөр” – дешет. Аларга ушуга окшоштор берилип келген. Алар үчүн анда таптаза жубайлар (болот) жана алар анда түбөлүккө калышат.

26.

Чынында Алла чиркей, же андан чоңураак нерсени мисал келтирүүдөн уялбайт. Ыймандуулар мунун Алладан экендигине толук ишенишет. Ал эми каапырлар:”Бул мисал менен Алла эмнени каалайт?” – деп айтышат. Ал (Алла) муну менен көптөрүн адашууга жана да көптөрүн туура жолго алып келет. Тек гана муну менен бузукуларды жолдон адаштырат.

27.

Кимде ким убадалашкандан кийин Алла менен болгон келишимди бузгандар, Алла бириктирүүнү буйурган нерсени үзгөндөр жана жер үстүндө бузуктукту жайылтуучулар, дал ушулар – зыянга учуроочулар.

28.

Силер Аллага кантип ишенбейсиңер. Мурун силер өлүкэлеңер, Ал силерди тирилтти, анан силерди өлтүрөт, андан соң кайрадан тургузат, анан силер Ага кайтарыласыңар.

29.

Ал силерге Жер үстүндөгүлөрдүн баарын жаратты, андан соң асманга максат кылды, аларды жети асман кылып орноштурду. Ал бардык нерселерди Билүүчү!

30.

Ошондо Эгең өзүнүн периштелерине:”Мен Жер үстүнө орун басар жаратамын”, – деди. Алар: “Анда (жерде) бузукулук жасай турган жана кан төгө турганды жаратасыңбы? Биз сени мактоо менен аруулайбыз жана Сени улуулайбыз”. – дешти.”Акыйкатта, Мен силер билбеген нерселерди билемин”, (- деди Алла).

31.

Ал Адамга бардык нерселердин аттарын үйрөттү, анан периштелерге көрсөтүп:”Мага булардын аттарын айтып бергилечи, эгер силер туура болсоңор”, – деди.

32.

Алар айтышты: “Сени аруулайбыз! Сен өзүң бизге үйрөткөн нерселерди гана билебиз. Акыйкатта, Сен – билүүчү жана Даанышмансың!

33.

Ал (Алла) айтты: “Эй, Адам, аларга булардын аттарын атап бер.” Аларга (Адам)аттарын айтып бергенде, Ал айтты:”Мен силерге Асмандарда жана Жерде болгон кайып нерселерди, силер ашкере жанажашыруун жасагандарды да билемин деп айтпадым беле?”

34.

Мына ошондо Биз периштелерге: “Адамга сеждекылгыла!” – дедик. Алар Иблистен башкасы Адамга сежде кылышты. Ал (Иблис) баш тартып, менменсинди,ал каапырлардан болуп калды.

35.

Биз: “Эй, Адам, сенаялың (экөөң) Бейиштен орун алгыла жана андан рахаттанып, эмнени гана кааласаңар жей бергиле, бирок бул даракка жакындабагыла!Анда (эгерде жакындасаңар) заалымдардан болосуңар,”-дедик.

36.

Ошентип, шайтан аларды азгырды жана аларды орун алган жайынан чыгарды. Биз (аларга):”Бир бириңерге душман болуп төмөн түшкүлө!Белгилүү бир убакытка чейин жер силер үчүн мекен жана пайдалануу жайы болот,”-деп айттык.

37.

Адам өз Эгесинен сөздөрдүжана Ал анын тообосун кабылдады. Акыйкатта, Ал тооболордуКабыл кылуучу жана Мээримдүү.

38.

“Бул жактан биргеликте түшкүлө!А эгер Менден силерге түз жол көрсөтүлүп, аны ким ээрчисе, аларга коркунуч да болбойт, кайгы-капа да болбойт,”- деп айттык.

39.

Биздин аят-белгилерибизге ишенбегендер,ал жөнүндө жалган айткандар отту ээлөөчүлөр жана алар анда түбөлүккө калышат.

40.

Эй, Исраил уулдары!Мен силерге көргөзгөн жакшылыгымды эстегиле жана Мага берген Убадаңарды туура аткаргыла. Мен да силерге берген убадамды аткарайын. Менден гана корккула!

41.

Силерде болгон нерсени тастыктоо үчүн жөнөткөн нерсеме ишенгиле,ага биринчи каршы чыгуучулардан болбогула. Арзыбаган баага Менин аяттарымды сатпагыла. Менден сактангыла!

42.

Акыйкатка бузукулукту аралаштырбагыла жана билип туруп акыйкатты жашырбагыла!

43.

Намаз окугула, зекет бергиле жана тизелерин ийгендер менен бирге тизеңерди ийгиле!

44.

СилерКитепти (Тооратты) окуп туруп адамдарды жакшылыкка буйруп, а өзүңөрдү унутуп коесуңарбы? Акылга келбейсиңерби?

45.

Сабырдуулук жана намаз аркылуу жардам сурагыла. Чындыгында намаз корккондордон башкалар үчүн өтө оор.

46.

Алар өздөрүнүн Эгесине кездеше турганына жана Ага кайрылып бара тургандыктарына ишенишет.

47.

Эй, Исраил уулдары! Менин силерге кылган жакшылыгымды эстегиле! Жана силерди ааламдагылардан артык кылдым.

48.

Бирөөүчүн бирөө бир нерсени төлөй албай турган, андан колдоо кабыл кылынбай,акы алынбай,жардам берилбей турган күндөн корккула!

49.

Биз силерди Фараондун элинен куткардык.Алар силерди жаман азап менен азапташты жана силердин балдарыңарды союшуп, аялдарыңарды тирүү калтырды. Мында силер үчүн Эгеңерден зор сыноо бар.

50.

Биз силер үчүн деңизди кандайча жарып бергенибизди жана Фараондун тарапкерлерин чөктүргөнүбүздү өзүңөр көрүп турдуңар.

51.

Биз Муса менен кырк түндү убадалаштык, ал кеткенден соңөзүңөргө музоону кудай кылып алдыңар,силер зулум кылуучулардан болдуңар.

52.

Андан соң Биз силерди кечирдик, силер буга мүмкүн шүгүр кыларсыңар.

53.

Биз Мусага Китеп жана ажыратуучу берсек, мүмкүн силер туура жолго түшөөрсүңөр.

54.

Муса өз коомуна мындай деди: “Эй, элим! Силермузоону алуу менен өзүңөргө өзүңөр жамандык кылдыңар. (Ошондуктан) өзүңөрдүнЖаратуучуңарга кайрылгыла жана бири-бириңерди өлтүргүлө. Ушундай кылууңарЖаратуучуңардын алдында өзүңөр үчүн жакшыраак жана Ал силерге кайрылат; анткениАл Кайрылуучу жана Мээримдүү.”

55.

Силер: “Эй, Муса! Биз Алланы ачык көрмөйүнчө сага ишенбейбиз” – дедиңер. Силерди, карап турган абалыңарда чагылган урду.

56.

Анан Биз силерди өлгөнүңөрдөн кийин тирилттик. Мүмкүн шүгүрлүк кыларсыңар.

57.

Биз силерди булут менен көлөкө кылдык,силерге (асмандан) ырыскы жана бөдөнөлөрдү түшүрүп бердик. Биз берген ырыскынын тазаларынан жегиле. Алар Бизге зыян кылышкан жок, бирок өздөрүнө зыян кылышты.

58.

Биз (аларга): “Бул айылга киргиле да, көңүлүңөр каалагандардан кенен жеп, ичкиле. Бирок эшигинен сежде кылган абалыңарда киргиле да:”Кечир,” – дегиле. Биз силердин күнөөңөрдү кечиребиз жана жакшылыктарды көбөйтөбүз”,-дедик.

59.

Ошондо бузукулар аларга айтылган сөздү башка сөзгө алмаштырышты. (Анан) Биз бузукуларга бузукулук кылгандары үчүн (күнөө кылгандары үчүн) асмандан азап түшүрдүк.

60.

Муса качан гана өз элине ичүүгө суу сураганда, Биз:”Таягың менен ташты ур!” – дедик жана андан он эки булак атылып чыкты. Ар бир уруу өз булактарына ээ болду.Алланын ырыскыларынан жегиле, ичкиле, жер үстүндө жамандык, бузуктук кылбагыла!

61.

Силер айттыңар: “Ээ, Муса! Биз бир түрдүү тамакка чыдабайбыз. Биз үчүн Эгеңе дуба кыл, жерге өскөн жашылча өсүмдүктөрдөн: бадыраң, сарымсак, буурчак жана пияз берсин”. Ал (Муса) айтты:”Силер чындап эле жакшыны төмөн нерселерге алмаштыргыңар келип жатабы? Кайсы бир шаарга түшкүлө, ал жерден сураганыңарды табасыңар.” Ошентип, аларга кордук, кедейлик ташталды жана алар Алланын каарына калышты. Бул алардын Алланын аят-кабарларына ишенбегендиги жана пайгамбарларды адилетсиз өлтүргөндүктөрүнөн.Бул алардын баш ийбегендиги жана чектен ашкандыктарында болду.

62.

Акыйкатта, ыйманга келгендер, иудийлер,христиандар,сабилер Аллага жана Кыямат Күнүнө ишенишсе жана жакшылык иш кылышса, аларга Эгеси тарабынан сыйлык бар,аларга эч кандай коркунуч да, кайгы-капа да болбойт.

63.

Биз силер менен келишим түздүк жана силердин үстүңөргө тоону көтөрдүк. Биз силерге тартуулаганды бекем кармагыла. Андагы нерселерди бекем эстегиле, мүмкүн силер такыба болорсуңар.

64.

Андан соң силер баш тарттыңар,эгер Алланын жакшылыгы жана мээримдүүлүгү болбогондо силер зыян тартуучулардан болмоксуңар.

65.

Силердин араңардагы ишемби күндү бузгандарды билесиңер; Биз аларды:”Кор болгон маймылдарга айлангыла!” – дедик

66.

жана Биз муну ошол убакыттагы адамдар үчүн,келечек муундар үчүнжана такыбаларга үлгү-насаат (болсун үчүн) кылдык.

67.

Муса өзүнүн элине: “Алла силерге уй сойууну буйурду”, – деди. Алар:”Сен бизди шылдыңдап жатасыңбы?”- дешти. Ал (Муса): “Наадандардан болуп калбоо үчүн Алладан сурайм”, – деди.

68.

Алар айтышты: “Өзүңдүн Эгеңе кайрыл (жараткандан сура), ал кандай уй экендигин бизге түшүндүрүп берсин”.”Уй карыган да, жаш кунажын дагы болбосун, ал ушулардын ортосундагы уй болсун. Өзүңөргө кылынган буйрукту аткаргыла! -деп айтты”,- деди ал (Муса).

69.

Алар (Мусага): “Биз үчүн Эгеңе дуба кыл, ал бизге уйдун түсү кандай болуу керегин түшүндүрсүн”,- дешти. Ал (Муса):”Алла: “Ал уй көргөн көздү кубандырган, ачык сары түстүү болсун,- деп айтты,” – деди.

70.

Алар: “Өзүңдүн Эгеңе биз үчүн дуба кыл. Ал бизге уйдун кандай экенин түшүндүрсүн, анткени ал уй бизге күмөндүү болуп жатат. Эгер Алла кааласа биз туура жолдо болобуз”.

71.

Ал (Муса) айтты: “Ал айтты:Ал уй кордолуп жер айдабаган жана жер сугарбаган, жана ал айыбы жок, өз өңүнөн башка өң болбогон болсун!” Алар:”Мына азыр сен чындыкты айттың”,- дешти. Ошентип, алар бир аз кыйналышып, аны союшту.

72.

Бирөөнү өлтүрүп коюп, ал тууралуу өз ара талаш тартышка түштүңөр, а Алла силер жашырганды ачыкка чыгарат.

73.

Биз аларга: “Аны союлган уйдун бир бөлүгү менен ургула!” – дедик. Ошол сыяктуу эле Алла өлүктөрдү тирилтет, силер акылыңарга келүүңөр үчүн силерге өз кереметтерин көргөзөт.

74.

Андан соң силердин жүрөгүңөр таш сыяктуу, же андан да катуурак болуп калды. Анткени таштардын арасында булактар сызылып агып чыккандары бар, алардын арасында ташты жарып суу агып чыккандары да бар, алардын арасында Алланын алдында Алладан корккондугунан төмөн акканы бар. Алла силердин жасап жатканыңарды байкабай калбайт!

75.

Чындап эле силер аларды ыйман келтирет деп үмүттөнүп, каалап турасыңарбы? Акыйкатта, алардын арасында бир бөлүгү Алланын сөзүн угуп турушуп, качан акыл калчагандан кийин аны өздөрү билип эле өзгөртүп ийишкен.

76.

Алар качан ыймандууларга жолуккан кезде: “Биз ишенебиз”, – дейт. А качан (өздөрү) бир бири менен ээн жолуккан кезде:”Алла силерге ачкан нерселер жөнүндө сүйлөшүп жатасыңарбы? Алар силердин зыяныңарга Эгеңердин алдында далил кылуулары үчүн, акылыңарга келбейсиңерби?”-дешет.

77.

Ырас эле алар (иудейлер)Алла алардын жашырып жаткандарын да жана алардын ашкере кылгандарын да билип турарын билишпейби?!

78.

Алардын арасында өз китебин билбеген, окуп, жазууну да билбеген, өздөрүнүн Китебинен курулай үмүттөрдү гана билгендер бар. Анткени алар – жалаң гана шек келтиришет.

79.

Азыраак болсо да пайда табуу үчүн өз колдору менен китеп жазып алышып, анан аны:”Бул Алладан келген”, – дегендерге азап болсун! Аларга колдору менен жазгандары үчүн азап болсун, алар кылган кесиптери үчүн азап болсун!

80.

Алар: “Бизди тозок оту бир нече күн гана күйгүзөт”, -дешет. Аларга (минтип) айт:”Чын эле силер Алладан келишим-убада алдыңарбы? Алла келишим-убадасынөзгөртпөйбү? Же силер Аллага билбеген нерселериңерди айтып жатасыңарбы?”

81.

Ооба! Ким жамандыктан пайда тапса жана күнөөгө оролуп батса, анда алар – отту ээлөөчүлөр,алар анда түбөлүккө калышат!

82.

А ыймандуулар, жакшылык иш кылгандар, алар Бейиш ээлери, алар анда түбөлүккө болушат.

83.

Биз Исраил уулдарынан убадаларын алганбыз: “Силер Алладан башка эч кимге сыйынбагыла; ата-энеңерге жакшы сөз сүйлөгүлө, намаз окугула жана зекет бергиле”, – дедик. Андан соң силердин көбүңөр баш тартып, артка кетенчиктедиңер.

84.

Биз силерден келишим-убада алдык: “Силер бир-бириңердин каныңарды төкпөйсүңөр жана бир бириңерди турак жайыңарданкууп чыкпайсыңар”, – дедик. Силерөзүңөр күбө болгон элеңер.

85.

Андан соң да силер бири-бириңерди өлтүрүп жатасыңар,өзүңөрдөн болгон бир жамааттытурак жайынан чыгарып жатасыңар, алардын үстүнөн күнөө жана душмандык кылууда бир-бириңе жардам берип жатасыңар. А эгер силерге туткундар келишсе, аларга силер акча төлөбөйсүңөр. Аларды кууп чыгууга силерге тыюу салынган болучу. Ырас эле силер Китептин бир бөлүгүнө ишенип, а экинчи бир бөлүгүн четке кагасыңарбы? Силердин араңардагы мындай ишти кылганыңарга бул дүйнөдө кордук, ал эми Кыямат Күнүндө алар эң чоң азапка ташталат. Алла силердин эмне кылып жатканыңарды байкабай калбайт.

86.

Алар бул дүйнөдөгү жашоону акыреттеги жашоосунун ордуна сатып алгандар, алардын жазасы жеңилдетилбейт, аларга жардам да берилбейт.

87.

Биз Мусага Китеп бердик,анын артынан Пайгамбарларды жөнөттүк. Биз Марйам уулу Исага ачык-айкын кабарларды бердик жана аны ыйык Жебреил менен бекемдедик. Ырас эле силерге көңүлүңөр каалабаган нерсе менен элчилер келген сайын менменсине бой көтөрө бересиңерби? Алардын кээ бирөөлөрүн жалганчы дедиңер,бир тобун өлтүрдүңөр.

88.

Алар: “Биздин жүрөгүбүз кулпуланган” – дешет. Жок! Алардын каапырлыктары үчүн аларга Алланын наалаты тийди. Алардын өтө аздары гана ыйман келтиришет.

89.

А качан аларга Алладан алардагыны тастыктай турган Китеп келгенде, а алар (иудейлер) андан мурун каапырларга каршы жеңиш суранып келишкен эле, а качан аларга билген нерсе келгенде, алар буга ишенишпеди. Каапырларга Алланын каргышы болсун!

90.

Алла өзү каалаган пенделерине өзүнүн ырайымы менен аяттарын жибергенине каршы чыгып, Алла жиберген нерселерге каапырлык кылышып, өздөрүнө сатып алышы кандай жаман. Анан каар үстүнө каар алып кайтышты. Каапырлар үчүн кордоочу азап бар.

91.

Ал качан аларга: “Алла жөнөткөнгө ишенгиле”, – дегенде,- алар:”Бизге жөнөтүлгөнгө ишенебиз”, – дешет, а анын артынан жөнөтүлгөндү танышат, ал алардагыны башка тастыктоочуну жокко чыгарышат.Аларга (иудейлерге):”Эмне үчүн ыймандуу болсоңор, анда мурда Алланын пайгамбарларын өлтүрдүңөр?!” – деп айт.

92.

Силерге ачык-айкын кабарлар менен Муса келди; бирок ал жок учурда силер музоого сыйына баштап, силер адашуучулардан болдуңар.

93.

Биз силерден келишим алып, силердин үстүңөргө Тур тоону көтөрдүк:”Силерге Биз бергенден күч-кубат алгыла жана уккула!” – дедик. Алар: “Биз уктук, бирок баш ийбейбиз” – дешти. Алар өздөрүнүн каапырлыгы менен жүрөктөрүн музоого сугарышкан эле.”Эгер силер ыймандуу болсоңор, анда ыйманыңар буйруган нерсе өтө жаман”, – деп айт.

94.

“Эгерде, Алланын алдында Акыреттеги жай силер үчүн гана болсо, а башкаларга болбосо, анда өзүңөргө өлүмдү каалагыла. Эгер чынчыл болсоңор!” – деп айт.

95.

Бирок алар өз колдору менен кылган иштеринен аны эч убакта каалашпайт. Акыйкатта, Алла адашкандарды жакшы билүүчү.

96.

Чындыгында, сен алардын бардык адамдарга караганда жана (Аллага) ширк келтиргендерден да жашоого өтө кызыкдар экенин байкайсың. Алардын кимиси болсо да ага миң жыл жашоо берилишин каалар эле. Бирок мынчалык узун жашоо да аларды азаптан оолактата албайт. Акыйкатта Алла алардын эмне кылгандарын билип турат.

97.

Айт: “Жебреилге ким душман боло алат?!” Анткени Алланын уруксаты менен ал аны түз жол,кубанычтуу кабар катары ыймандууларга ага чейинки түшүрүлгөндөрдү тастыктоо үчүн сенин жүрөгүңө түшүрүп турган.

98.

Ким Аллага,Анын периштелерине,Анын пайгамбарларына, Жебреилге жана Микайилге душман болсо, акыйкатта Алла – каапырлардын душманы.

99.

Биз сага ачык-айкын аяттарыбызды жөнөткөнбүз жана ага анык адашкандар гана ишенбейт.

100.

Ар бир жолу алар келишим түзүшкөн соң, алардын бир бөлүгү аны таштап салышат. Балким алардын көпчүлүгү ишенишпейт.

101.

Качан аларга, аларда болгонду тастыктоо үчүн Алладан Элчи келгенде, китеп берилгендердин бир бөлүгү аны билбеген өңдүү арт жактарына ыргытышты.

102.

Алар Сулаймандын падышалыгынын учурунда шайтандар окуганга ээрчишти. Сулайман каапыр эмес эле. Бирок, шайтандар каапыр болуучу. (Алар) адамдарды сыйкырга жана Бабилдеги эки периште Харут менен Марутка түшүрүлгөнгө үйрөтүшкөн. Бирок:”Биз азгырык-сыноочубуз, каапыр болуп калбагыла!” – деп айтмайынча, ал экөө эч кимге үйрөтүшкөн эмес. Алар болсо тигилерден эркекти аялынан кантип ажыратууну үйрөнүшкөн. Бирок алар Алланын уруксатысыз эч кимди ажырата алышкан эмес. Алар (кишилер) өздөрүнө пайда келтирбеген жана зыян келтире турган нерсени үйрөнүшкөн. Алар мындай ишти кылгандарга акыретте эч кандай үлүш жоктугун жакшы билишкен. Эгер алар билишсе, өз жандары үчүн сатып алгандары кандай жаман!

103.

Эгер алар ыйман келтирип жана такыба болушса, анда Алланын алдындагы сыйлык эң мыкты, эгер аны билишсе.

104.

Эй, ыйман келтиргендер! Пайгамбарга: “Рооина – бизге көз сал”, – деп айтпагыла, а:”Бизди кара”, – деп айткыла жана уккула! А каапырлар үчүн оорутуучу азап бар!

105.

Китеп ээлеринен болгон жана көп кудайчылардан чыккан каапырлар силерге, силердин Эгеңерден жакшылык түшүүсүн жактырышпайт. А Алла өз мээримдүүлүгү менен кимди кааласа тандайт. Алла, улуу ырайымдуулуктун ээси.

106.

Биз аяттарыбызды өзгөртсөк, же аны унуттурсак, анын ордуна андан жакшысын, же ага окшошун келтиребиз. Чынында элеАлла бардыгына кудурети жетээрин билбейсиңби?

107.

Акыйкатта сен Асмандар менен Жердин бийлиги Аллада гана экендигин,Алладан башка силерде тарапкер да, жардам берүүчү да жок экендигин билбедиңби?

108.

Мүмкүн силер өзүңөрдүн пайгамбарыңардан, мурун Мусадан сурагандай суроолорду каалап жатасыңарбы? Бирок, эгер ким ыйманды ишенбөөчүлүккө алмаштырса, ал туура жолдон адашканы.

109.

Китеп ээлеринен болгон бир топтор акыйкат баяндалган соң, көралбастык жана каапыр абалдарында силерди ыйманга келгениңерден кийинкаапырга айландыргылары келишет. Алланын буйругу келгенче аларды кечиргиле,алардан жүз үйрүгүлө! Алла баарына кудурети жетүүчү!

110.

Намазга тургула жана зекет бергиле! Ошондо Алланын алдында жакшылык табасыңар. Албетте, Алла силердин эмне кылганыңарды көрүп турат.

111.

Алар: “Бейишке иудей же христиан болгондон башка эч ким кире албайт”, – дешет. Бул – алардын үмүт-тилеги гана! Аларга:”Эгер айтканыңар чын болсо, далилдерди келтиргиле!” – деп айт.

112.

Жок! Ким жүзүн Аллага арнап бурса жана жакшылыктар кылса, ага Алланын алдында сыйлыктар бар. Алардын үстүнөн коркунуч да, кайгы-капа да эч болбойт.

113.

Иудейлер: “Христиандар түз жолдо эмес”, – дешет. Христиандар:”Иудейлер түз жолдо эмес”,- дешет. Алардын ушул өңдүү сөздөрүн эч нерсени билбегендер да кайталашат. Алардын ортосунда Алла Кыямат Күнүндө өз өкүмүн чыгарат.

114.

Алланын ысымдары эскерилип, макталып жаткан – Ага сыйынуучу жайларды кыйратып-бузууга аракеттенгенден да ашкан, адашкан бирөө болобу?!

115.

Чыгыш да, Батыш да Аллага гана таандык. Сен кайда гана караба: ал жакта Алланын жүзү. Албетте, Алла Камтуучу, Билүүчү!

116.

“Алла өзүнө уул алды”, -дешет. Ага (Аллага) аруулук! Ага Асман жана Жердеги бардык нерселер таандык. Баары Ага баш ийет!

117.

Ал Асман менен Жердин Жаратуучусу. Ал бир нерсени кылууну кааласа:”Бол!” -дейт, болуп калат!

118.

“Алла биз менен сүйлөшпөйбү, же бизге белги (далил) келбейби?” – деп билбегендер айтышат. Алардыкына окшогон сөздөрдү аларга чейинкилер да айтышкан болучу. Алардын жүрөктөрү бири-бирине окшош. Биз ишенген адамдар үчүн Өз белгилерибизди баяндадык.

119.

Биз сени акыйкаттык кабарды жеткизүүчү,эскертүүчү кылып жөнөттүк жана сен отту ээлөөчүлөржөнүндө (үчүн) суралбайсың.

120.

Иудейлер да, христиандар да, сен алардын динине ээрчимейинчеыраазы болушпайт. (Аларга):”Алланын жолу ал – акыйкат жол!” – деп айт. А эгерсага маалыматкелген соң алардын көңүлдөрүнө ээрчисең, анда сага Алладан тарапкер да, жардамчы да болбойт.

121.

Биз Китеп бергендер аны татыктуу түрдө окушат; Алар ага ишенишет. А ага ишенбегендер болсо зыянга учурашат.

122.

Эй, Исраил урпактары! Менин силерге көргөзгөн ырайымдуулугумду эстегиле: анда, Мен силерди ааламдардагылардан артык кылдым.

123.

Бир жан башка бир жандын күнөөсүн көтөрбөй турган, күнөөсүнө төлөм да алынбай турган жана колдоо да пайда бербей, жардам да кылынбай турган Күндөн корккула!

124.

Ибрахимдин Эгеси (аны) буйруктарды берип сынады. Ал аларды аткара алды. (Эгеси) ага:”Мен сени элдерге өрнөк кылам!” – деди. “А менин урпактарымчы?” (- деди Ибрахим).”Менин келишимим адашкандарга жетпейт” (- деди Эгеси).

125.

Ошентип, Биз бул /йдү адамдар жыйнала турган тынч жай кылдык; жана:”Ибрахимдин ордун намаз окуучу жай кылып алгыла!”Биз Ибрахим менен Исмаилге келишим жасадык: Менин /йүмдү айлануучулар менен анда тургандарга жана намаз окуучулар үчүн тазалагыла.

126.

Ибрахим айтты: “Эгем! Бул жерди тынч кыл. Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирген элин мөмө-жемиштерден ырыскылант.” Ал (Алла) айтты:”А каапырларды болсо Мен азыраак гана пайдалантам. Андан соң аларды оттуназабына аргасыз кылам. (Ал) кандай жаман – кайтып баруучу жай!”

127.

Ибрахим менен Исмайыл үйдүн дубалын түптөдү. (Алар):”О, Эгебиз! Бизден кабыл кыла көр! Албетте Сен Угуучу жана Көрүүчүсүң!” (- дешти).

128.

“Оо, Эгебиз! Бизди Өзүңө баш ийүүчүлөрдөн кыл жана биздинурпактарыбыздан да Өзүңө баш ийүүчү кыла көр. Ибадат кылуу жолдорун үйрөт.Биздин тооболорубузду кабыл кыла көр. Албетте, Сен тооболорду кабыл кылуучу жанаМээримдүүсүң!”

129.

“Оо, Эгебиз! Аларга өздөрүнүн арасынан Сенин аяттарыңдыокуп, аларга жеткире турган, аларга китепти (Куранды), даанышмандуулукту үйрөтөтурган жана аларды (күмөндөрдөн) тазалай турган бир элчи жибер. Албетте, СенЫзаттуу, Даанышмансың!”

130.

Өзүнө наадандык кылгандан бөлөк ким Ибрахимдин дининен баш тартат? Биз аны бул дүйнөдө тандадык, ал эми акыретте, албетте, ал эң мыктылар менен.

131.

Ага анын Эгеси: “Мага моюн сун!” – дегенде: “Мен ааламдардын Эгесине моюн сундум” – деди.

132.

Ибрахим да, Йакуп да аны (моюн сунууну) – балдарына осуят кылды:”Эй балдарым! Акыйкатта Алла силер үчүн динди тандап берди. Силер мусулманболмоюнча өлбөгүлө!”

133.

Силер Йакупка өлүм келген кезинде күбө болдуңар беле?! Алөзүнүн балдарына:”Мен өлгөндөн соң силер кимге сыйынасыңар?” – деди. Алар айтышты:”Биз сенин Эгеңе жана сенин аталарыңдын – Ибрахимдин, Исмаилдин жана Исхактын Эгеси болгон бир Кудайга гана табынабыз,” (- дешти).

134.

Бул эл небак өтүп кетти; Аларга өздөрү жасаган иштери, а силерге өзүңөр жасаган иштериңер. Силер алардын эмне кылгандыгы жөнүндө суралбайсыңар.

135.

Алар: “Иудей, же христиан болгула, туура жолду табасыңар”, – дешет. Силер:”Жок! Ибрахимдин дини таза, ал көп кудайчылардан болгон эмес”, – дегин!

136.

Айткыла: “Биз Аллага, бизге жөнөтүлгөнгө, Ибрахимге,Исмаилге, Исхакка, Йакупка, неберелерине жана да Муса менен Исага жөнөтүлгөнгө,бардык пайгамбарларга, Эгесинен жөнөтүлгөн нерселерге ишенебиз. Биз алардынарасынан эч бирөөсүн да ажыратпайбыз жана биз Ага моюн сунуучуларданбыз.”

137.

Эгер алар силер ишенип жаткандай ишенишсе, андатуура жолду табышкан болор эле. Эгер алар моюн толгошсо, анда тек ганаталаш-тартыштаАлла сени аларга жетиштүү кылып коет. Ал Угуучу жана Билүүчү!

138.

Алланын дини… Дин жагынан Алланыкы (дини) эң мыкты. Биз Ага гана сыйынабыз!

139.

Айткын: “Алла жөнүндө бизге каршы чыгасыңарбы? Ал биздинда Эгебиз, силердин да Эгеңер, бизге өзүбүздүн жасаган амалдар, ал эми силергеөзүңөрдүн жасаган амалдарыңар (таандык). Биз Ага ыкылас кылуучуларданбыз.”

140.

Ибрахим, Исмаил, Исхак, Йакуп жана (алардын) урпактарыиудейлер, же христиандар болгон деп айтасыңарбы?” “Силер билесиңерби, же Алла билеби?” – дегин. А Ага (Аллага) күбөлүк берүүнү өзүндө жашыргандан да ашкан адашкан бирөө болобу? Акыйкатта, Алла силердин эмне кылып жатканыңарды байкабай калбайт.

141.

Бул эл небак өтүп кетти; Аларга өздөрү жасаган иштери, а силерге өзүңөр жасаган иштериңер (таандык). Силер алардын эмне кылгандыгы жөнүндө суралбайсыңар.

142.

Адамдардын кээ бир акылсыздары: “Аларды жүз буруп келген Кыбыласын эмне үчүн өзгөртүштү?” – деп айтышат. Аларга:”Чыгыш да, Батыш да Аллага таандык. Ал каалаганын Туура Жолго салат”, –деп айткын…

143.

Силер (башка) адамдарга күбө болууңар жанапайгамбар силерге күбө болуусу үчүн Биз силерди орточо үммөт кылдык. Артка жүз буруп кеткендердин кимиси пайгамбарды ээрчирин билүүбүз үчүн силердин Кыбылаңарды Биз өзгөрттүк. Бул – Алла оң жолго баштагандардан башкаларына абдан оор (сезилет). Алла силердин ыйманыңарды жок кылбайт. Чындыгында, Алла адамдарга Ырайымдуу, Боорукер!

144.

Биз сенин жүзүңдүн асманга бурулганын көрүп турабыз. Ошондуктан өзүң ыраазы болгон Кыбылага аны алмаштырабыз.Эми жүзүңдү Харам Мечити тарапка бур. Кайсыл жерде болсоңор да, жүзүңөрдү ошол тарапка бургула. Чындыгында, китеп берилгендер негизинен Кыбыланын алмашуусун – Эгеңден келген бир чындык экендигин билишет. Алла алардын иш-амалдарынан кабарсыз эмес.

145.

Китеп ээлерине ар кандайкереметтерди көрсөтсөң да, алар сенин Кыбылаңа жүз бурушпайт. Сен да алардын Кыбыласына жүз бурбайсың. Алардын айрымдары башкаларынын Кыбыласына да жүз бурушпайт.Сага ачык кабар келген соң, сен алардын каалоосун ээрчисең, албетте, анык заалымдардан (болосуң).

146.

Биз китеп бергендер аны өз уулдарын тааныгандай эле таанышат. Анткени алардын бир бөлүгү Чындыкты билип туруп жашырышат.

147.

Акыйкаттыкбул – сенин Эгеңден (гана). Ошондуктан эч качан шектенгендерден болбо.

148.

Ар кимдин өзүнүн бурулуучу тарабы бар. Жакшылыкта жарышкыла. Кайда болсоңор да Алла баарыңарды чогултат. Алла – бардык нерсеге Кудуреттүү.

149.

Сен кай тараптан чыксаң да, жүзүңдү Харам Мечити тарапка бур.Анткени бул – Эгеңден (келген) Акыйкат. Алла силердин амалыңардан кабарсыз эмес.

150.

Сен кай тараптан чыксаң да, жүзүңдү Харам Мечити тарапка бур. Адамдардын арасындагы заалымдардан башкалары силерге каршы далил келтире албашы үчүн кайсыл тарапта болсоңор да, жүзүңөрдү ал тарапка бургула. Силерге жакшылыктарымды толук берүүм жана Туура Жолдо болууңар үчүн алардан коркпогула, Менден (гана) корккула! Мүмкүн силер туура жолго түшөөрсүңөр.

151.

Биздин аяттарыбызды окуп, силерди (күнөөдөн) тазалай турган, Китеп менен даанышмандыкты, силер мурда билбеген нерселерди үйрөтө турган бир элчини силердин араңардан жибердик.

152.

Мени эстегиле, (ошондо) Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла. Мага каапырдык кылбагыла.

153.

Эй, Ыйман келтиргендер! Сабырдуулук жана намаз менен жардам сурагыла. Чындыгында Алла сабырдуулар менен бирге.

154.

Алла жолунда өлтүрүлгөндөрдү”өлүктөр” деп айтпагыла. Жок! Алар – тирүү. Бирок силер сезбейсиңер.

155.

Биз силерди коркунуч жана ачкачылык сыяктуу нерсе менен ошондой эле мал-мүлкүңөрдү, жаныңарды түшүмүңөрдү кемитүү аркылуу сынайбыз. Сабыр кылгандарга сүйүнчүлө!

156.

Аларга кайгы-балээ келгенде алар: “Чындыгында биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” – деп айтышат.

157.

Аларга Эгесинен ырайым, ыраазылык (бар) жана алар Туура Жолдогулар.

158.

Сафа менен Марва – Алланын белгилеринен. Кимде-ким /йгө ажылыкка келип, же зыярат кылса, ага экөөсүн (тең) айланууда күнөө жок. Анткени Алла – Шүгүрчүлүктөрдү кабыл кылуучу, Билүүчү.

159.

Чындыгында, Биз ачык-айкын өкүмдөрдү жана Туура Жолду Китепте адамдарга баян кылынгандан кийин, аны жашыргандарга Алла наалат айтат. Ошондой эле каргыш айтуучулар да аларды каргашат.

160.

Бирок тообо кылып, абалдарын оңдогондордун жана (Чындыкты) баян кылгандардынкүнөөлөрүн кечиремин. Жана Мен – Тооболорду кабыл кылуучу Мээримдүүмүн!

161.

Чындыгында, каапырлар менен каапыр абалында өлгөндөргө Алланын, периштелердин жана жалпы адамдардын каргышы (болсун!).

162.

Ал жерде алар түбөлүккө калышат. Алардын азабы жеңилдетилбейт, мүмкүнчүлүк да берилбейт.

163.

Кудай – Жалгыз. Мээримдүү жана Ырайымдуу! Андан башка кудай жок!

164.

Чындыгында, асмандардын жана жердин жаралуусунда, түн менен күндүн алмашуусунда, адамдарга пайдалуу болуп деңиздердесүзүп жүргөн кемеде, Асмандан Алла суу түшүрүп, жердиөлгөндөрдөн (кайра) кийин тирилтүүсүндө, андагы ар түрдүү жаныбарлардын таралуусунда, шамалдардын багытынын өзгөрүшүндө, жер менен асмандын ортосундагыбаш ийген булуттарда – акыл-эстүү адамдар үчүн Алланын белгилер бар.

165.

Адамдардын айрымдары Аллага өзгөнү теңеп, аны Алланы сүйгөндөй сүйөт. Ыймандуулардын Аллага болгонсүйүүсү күчтүүрөөк. Заалымдаразапты көргөн кезде бүткүл кубат Аллага таандык экенин жана чындыгында Алланын азабы катуу экенин көрүшөт!

166.

(Кыямат Күнү) ээрчитүүчүлөрээрчигендерден ажырайт жана азапты көргөндө алардын өз ара байланыштары (толук) үзүлөт.

167.

Ал ээрчүүчүлөр: “Аттиң, бизге кайтаар күн болсо кана. Алар бизден ажырагандай, биз да алардан ажырамакпыз” – дешет. Ушинтип, Алла алардын жасаган иштери өздөрүнө өкүнүчтүү экенин көрсөтөт.Андыктан, алар –Тозоктон чыгуучулардан эмес.

168.

Эй, адамдар! Жер жүзүндө болгон адал нерселерден гана жегиле, шайтанды ээрчибегиле. Чындыгында ал силерге анык душман.

169.

Cилерди жамандыкка, ыпластыкка жанаАлла тууралуу силер билбеген маалыматты айтууга буюрат.

170.

Аларга: “Алла түшүргөндү ээрчигиле!” – деп айтса, алар:”Жок, биз ата-бабаларыбыздан калган нерселерди ээрчийбиз”, –дешет. Ата-бабалары эч нерсеге акыл калчап, Туура Жолго түшпөгөн болсо да ээрчишеби?!.

171.

Каапырларлардын мисалы (мындай): үндү, кыйкырыкты угуп, (бирок анын маанисин) түшүнбөй турган (адам) сыяктуу: дүлөй, сокур, дудук – алар эч нерсени түшүнүшпөйт.

172.

Эй, ыйман келтиргендер, Биз насип кылган ырыскылардан жегиле, Эгер чындап эле Ага сыйынчу болсоңор, Аллага шүгүр кылгыла!

173.

Ал силерге өлүктүн этин, канды, чочконун этин, Алланын ысмы аталбастан союлган малдардын этин жешти арам кылды. Ким бузуку болбогон, чектен ашпаган абалда аргасыз болсо, анда – ал күнөө болбойт.Анткени Алла – Кечиримдүү, Боорукер.

174.

Алла түшүргөн Китептеги жазуулардыжашыргандар жана арзыбаган баага саткандар Отту жешет; Кыямат Күнү Алла алар менен сүйлөшпөйт; аларды (күнөөлөрдөн) тазалабайт; алар үчүн – оорутуучу азап (бар).

175.

Алар Туура Жолдун ордуна адашууну жана кечиримдин ордуна азапты сатып алгандар. Алар Отко кандай чыдашат?

176.

Алла Китепти Чындык менен түшүрдү, ал эми китеп тууралуу талашкандар – алар, албетте, алысбөлүнүп-жарылууда.

177.

Жүзүн Чыгышка, же Батышка буруу эле жакшылык эмес. Жакшылыкбул – Аллага, Кыямат Күнүнө, периштелерге, Китептерге, пайгамбарларга ыйман келтирүү. Жакындарына, жетимдерге,кедейлерге, жолоочуга, тилемчилерге,күң-кулдарга жакшы көргөнүнө карабай мал-дүнүйөсүн бергендер, намаздарды толук окугандар, садака бергендер; эгер убада берсе убадасына тургандар; кедейликте, кырсыкта жана согушта сабырдуу болгондор. Ушулар – чынчылдар, мына ушулар – такыбалар.

178.

Эй, ыймандуулар! Өлтүрүлгөндөр үчүн өч алуу (да) силерге буйрулду: азат (адам) үчүн – азат (адам); кул үчүн – кул; аял үчүн – аял (жазалансын). Ким анын тууганы тарабынан кечирилсе, анда, жакшылыкты ээрчип, жакшылыкча аткаруу зарыл. Бул – Алладан жеңилдиги жана Ырайымы. Ал эми кимандан кийин чектен ашса, анда ага – оорутуучу азап (бар).

179.

Эй, акыл ээлери! Силер үчүн өч алууда – жашоо бар. Балким силер коркоорсуңар.

180.

Силерди ичиңерден бирөөгө өлүм келсе, эгер ал (артында)мурас(байлык) калтырса, ал ата-энесине жана жакындарына тууралык менен осуят кылуу парыз кылынды(буйрулду). Алладан коркуучуларга бул-милдет.

181.

Ким осуятты уккандан кийин өзгөртсө, анда күнөө – өзгөртүүчүдө болот.Чындыгында Алла – (баарын) Угуучу, (баарын) Билүүчү.

182.

Ким осуят кылуучунун каталык, же күнөө ишинен коркуп, аны менен мурас алуучулардын ортосун оңдоп койсо, анын күнөөсү болбойт. Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, Боорукер!

183.

Эй, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо буйрулду. Бул орозо силердин такыба болууңар үчүн.

184.

(Орозо) эсептелүү күндөрдө гана. Силерден ким (орозо мезгилинде) ооруп калса, же сапарга аттанса – анда ал күндөрдүн ордуна башка күндөрдө тоуктап берет. Орозо тута албай турган адамдаржакырдын тамагын төлөйт. Ким андан ашыкча жакшылык кылса – ал өзүнө жакшы. Эгер билсеңер орозо кармооңор силер үчүн жакшы.

185.

Рамазан айы-бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул Туура Жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбө болсо(туш келсе) орозо тутсун! Ал (бул айда) бирөө ооруп калып, же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Алла силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Санды толуктагыла, силерди Туура Жолго салганы үчүн Алланы улуктагыла! Мүмкүн силер шүгүр келтирээрсиңер.

186.

Эгер пенделерим сенден Мен тууралуу сурашса: “Мен жакынмын. Качан Мага дуба кылса, дубасын кабыл кылам. Мага да жооп кылышсын! Мага ыйман келтиришсин! Мүмкүн алар ТуураЖолду табышаар,” (–дегин).

187.

Силерге орозотүндөрүндө аялдарыңарга жакындоо адал кылынды. Алар силердин кийимиңер, силер алардын кийимисиңер. Алла силер өзүңөргө кыянаттык кылып жатканыңарды билип, тообоңорду кабыл кылып, кечирди. Эми аларга жакындай бергиле, Алла силерге насип кылган нерсени тилегиле. Ак жип менен кара жип даана таанылган таңга чейинтамактана бергиле. Орозону кечке чейин кармагыла! Мечиттерде туруп калсаңар, олтурсаңар, алар(аялыңар) менен кошулбагыла!Булар – Алланын чектери. Ага жакындабагыла! Алла Өз белгилерин ушундай баяндайт, балким алар такыба болушар!

188.

Ортоңордогу мал-мүлк, байлыкты өз ара арам жолдор менен жебегиле жана күнөө экенин билип турупадамдардын байлыгынын бир бөлүгүн жешиңер үчүн акимдерге алып барбагыла!

189.

Алар сенден жаңы туулган ай тууралуу сурашат. “Ал – адамдар жана ажылыкүчүн убакыт өлчөмү”, – дегин./йлөргө артынан кирүүңөр – жакшылык эмес. Ким такыбаболсо ошол жакшылык. Ошондуктан үйлөрүңөргө эшигинен киргиле жана Алладан корккула. Балким кутулаарсыңар!

190.

Силер согуш ачкандар менен Алла жолунда согушкула жана чектен чыкпагыла.Чындыгында, Алла чектен чыккандарды жакшы көрбөйт.

191.

Аларды кайсыл жерде тапсаңар, ошол жерде өлтүргүлө. Силерди алар жайдан (Меккеден) кандай чыгарган(болсо), силер да аларды кууп чыккыла. Бузукулук – адам өлтүрүүдөн да жаман. Алар өздөрү баштап Харам Мечитинин жанында согуш ачмайынча силер да ал жерде алар менен согушпагыла! Эгер алар согушса, силер да аларды өлтүргүлө.Каапырлардын жазасы – мына ушундай.

192.

Эгер алар бузукулуктарын тыйышса, албетте, Алла – Ырайымдуу, Боорукер.

193.

Бузукулук токтоп, дин толугу менен Аллага таандык болгонго чейин алар менен согуша бергиле! Эгер алар тыйылышса, анда душмандык жок. Душмандык – заалымдарга гана.

194.

Ыйык айга– Ыйык ай.Ыйыктарда деле өч алуу бар. Ким силерге кол салса, силер да сокку ургула, бирок Алладан корккула! Алла –такыбалар менен бирге.

195.

Алла жолунда (мал-мүлкүңөрдү) сарптагыла. Өзүңөрдү өз колуңар менен Отко таштабагыла. Чындыгында, Алла – жакшылык кылуучуларды жакшы көрөт.

196.

Ажылыкты жана Умраны Алла үчүн (толук) аткаргыла. Эгер жолдо тосулсаңар курмандыктын өзүңөргө жеңилин (кой) жөнөткүлө. (Ал) курмандык белгиленген жерге жеткенге чейин чачыңарды алдырбагыла. Эгер силерден бирөө оору болсо, же башында дарты болсо, анда (үч күн) орозо тутуу, же садака берүү, же курбандык чалуу (бир кой) менен акы төлөсүн. Качан коопсуз болгонуңарда, ким умраны ажылыкка чейин аткарган болсо, жеңил курмандык чалат. Ким(курмандык) таба албаса ажылыкта үч күн, эгер кайтсаңар жети күн – ошентип толук он (күн) болот. Бул (шарт) – үйү Харам Мечитинин жанында болбогондор үчүн.Алладан корккула жана билгиле: Чындыгында, Алланын азабы катуу.

197.

Ажылык (бул) – белгилүү айлар. Ким ошол айлардын ичинде ажылык парзын аткарууга милдеттенген болсо, ажылыкта (аялына) кошулуу, күнөө кылуу, талашып-тартышуу(га болбойт).Эй, акыл ээлери!Жакшылыктардан эмне жасаган болсоңор Алла аны билет. (Ошондуктан) азык камдагыла! Чындыгында, азыктын жакшысы – такыбалык. Менден корккула, эй, акыл ээлери!

198.

Силер Эгеңердин ырайымын көздөгөнболсоңор, силерге күнөө болбойт. Качан Арафаттан кайтсаңар Машар-ьул-Харамда Алланы эстегиле. (Анткени) Ал силерди Туура Жолго чыгарды. Силер андан мурда адашкандардан болчусуңар.

199.

Андан кийин элдер (ажылар) кайткан жерден (Арафаттан) кайткыла да, Алладан кечирим сурагыла.Чындыгында, Алла – Боорукер, Мээримдүү.

200.

Качан ажылык ибадатыңарды бүтсөңөрАлланы атаңарды эстегендей эстегиле, же андан да артыгыраак (керек). Адамдардын арасынан кээ бирөө:”О Эгем, бизге үлүшүбүздү дүйнөдө бер!”-деп айтат. Ал Акыретте үлүштөн куру калат.

201.

Алардан бирөө айтат: “О Эгем,бизге дүйнөдө дажакшылык бер, Акыретте да жакшылык бер, бизди Тозок азабынан куткар!”

202.

Мына ошолор… алар үчүн өздөрү кылган нерседен насип (бар).Алланын эсеби өтө тез.

203.

Белгилүү күндөрдө Алланы эстегиле. Ким шашса – эки күндө, ага– күнөө жок. Ким кечиксе да күнөө жок. Бул (шарт) – (Алладан) корккон (мусулман) үчүн.Алладан корккула жана билгиле: Ага жыйналасыңар!

204.

(Эй, Мухаммед!) Адамдардын кээ бирөөсүнүн сөзү бул дүйнө жашоосунда сени таң калытырат. Ал Алланы өз дилиндеги нерсеге күбөгө тартат. Ал-катуу талашуучу.

205.

Ал узаган соң, же бетинде бузукулук кылуу үчүн эгиндерди, төлдөрдү кыйратууга аракет кылат. Алла бузукулукту жакшы көрбөйт.

206.

Эгер, ага: “Алладан корк!” -деп айтылса, аны текеберлиги күнөө менен кармайт. Анын орду – Тозок. (Ал –) кандай жаман жер!

207.

Адамдардын арасында Алланын ыраазылыктарына жетүүнү көздөп өз жанын да аябай тургандары бар. Алла пенделерине (абдан) Ырайымдуу.

208.

Эй, момундар! Ислам динине толук киргиле. Шайтандын жолдорунда жүрбөгүлө(ээрчигиле). Чындыгында ал силер үчүн тангыс душман.

209.

Силерге ачык-айкын далилдер келгенден кийин жолдон кайтсаңар, билип койгула: Алла – Мартабалуу, Даанышман.

210.

Алар– булуттун саябанында өздөрүнө Алла жана периштелер келип, иштер аткарыларын карап турушабы?! Бардык иштер Аллага кайтарылат.

211.

(Эй, Мухаммед!) Исраилдин урпактарынан сура: Биз аларга канчалаган ачык белгилерди (кереметтерди) жибердик! Ким Алланын жакшылыгын(китептерин) ага келгенден кийин өзгөртсө, албетте (жазаланат). Алланын азабы катуу!

212.

Каапыр болгондорго (бул) дүйнө жашоосу кооз кылынды. Алар ыймандууларды келекелешет. Чындыгында, такыбалар Кыямат Күнү алардан өйдө болушат. Ошондой эле, Алла (Өзү) каалаганын эсепсиз ырыскыга бөлөйт.

213.

(Алгач) адамдар бир эл болушкан. Ошондо Алла аларга кубандыруучу, эскертүүчү пайгамбарларды жиберди. Адамдардын ортосунда келишпеген нерселерде өкүм кылуу үчүн алар(пайгамбарлар) менен бирге Акыйкат Китебин жиберди. Ошол китеп берилгендер ачык далил келгенден кийин өз ара көралбастыктан улам бөлүнүштү.Ошондо Алла Өз каалоосуна ылайык ыйман келтиргендерди, аларталашкан чындыкка жеткирди. Алла (Өзү) каалаганын Түз Жолго багыттайт.

214.

(Эй, Мусулмандар!) Силерден мурункулардын башынан өткөн сыяктуу (сыноолор) келбестен туруп Бейишке киребиз деп ойлойсуңарбы? Аларды ачарчылык, ооруулар баскан жанатитиретишкен. Ошондуктан, пайгамбар(Мухаммед а.с.), аны менен бирге ыйман келтиргендер:”Бизге качан Алланын жардамы… (келээр экен?)” – деп айтышты. Эй, чындыгында, Алланын жардамы жакын эмеспи!?

215.

(Эй, Мухаммед!) Алар сенден (Алла жолунда) эмнени кайрымдуулук кылууну сурашат.”Жакшылыктардан кайрымдуулук кылган нерсеңер ата-энеңер, туугандар, жетимдер, кедейлер жана жолоочу үчүн. Жакшылыктан эмне кылсаңар Алла аны Билүүчү” – дегин.

216.

(Эй, момундар!) Силерге жагымсыз болсо да, согуш парз кылынды. Силер эмнегедир жаман көрөсүңөр, (бирок) ал силер үчүн жакшы. Силер кандайдыр нерсени жакшы көрөсүңөр, (бирок) ал силер үчүн жаман. Аллабилет. Силер билбейсиңер.

217.

Алар сенден арам(Ыйык) ай жана андагы согуш тууралуу сурашат. Айткын:”Ал айда согушуу – чоң күнөө. Бирок Алланын жолунан тосуу, Ага каапырдык кылуу, Харам Мечитине жолотпоо, анын жашоочуларын ал жерден кууп чыгаруу – Алланын алдында (андан да) чоңураак күнөө”. Анткени бузукулук – өлтүрүүдөн да чоңураак күнөө. Эгер алардын колунан келсе силерди диниңерден кайтармайынча согуша берет, эгер алардын мүмкүнчүлүктөрү жетсе. Силерден (кимдир) бирөө дининен кайтып, каапыр абалда көз жумса, ошолордун сооп-амалдары бул дүйнөдө да, Акыретте да текке кетет. Алар – Тозок ээлери. Алар ошол жерде түбөлүктүү!

218.

Чындыгында, ыйман келтиргендер, көчкөндөр, Алла жолунда күрөшкөндөр – Алланын ырайымын үмүт кылышат. Алла – Кечиримдүү, Боорукер.

219.

Сенден арак жана кумар оюндары тууралуу сурашат. Ал экөөндө – чоң күнөө (бар). (Бирок) адамдар үчүн (бир аз) пайдалары да бар.Ал экөөсүнүн пайдасынан күнөөсүчоңураак. (Эй, Мухаммед!) Алар сенден (Алла жолунда) эмнени кайрымдуулук кылууну сурашат.”Ашыкчасын!” – деп айткын. Алла силерге өз аяттарын мына ушундай баян кылат. Мүмкүн силер ой жүгүртөрсүңөр.

220.

Дүйнөдө жана Акыретте да (тигил экөөнүн пайдалуурагын аласыңар). (Эй, Мухаммед!) сенден жетимдер тууралуу сурашат. Айткын:”Алар үчүнэң жакшысы – жакшы мамиле. Эгер аларга камкордук кылсаңар, анда алар силердин бир тууганыңар. Алла бузукунутүзөөчүдөн (ажырата) билет. Эгер Алла кааласа силерди сөзсүз чарчатмак”. Чындыгында, Алла – Мартабалуу, Даанышман.

221.

Мушрик аялдарга алар ыйман келтирмейинче үйлөнбөгүлө. Албетте ыймандуу күң, (азат) мушрик аялдан жакшы, эгер ал силерге жакса дагы. Мушрик эркектерге алар ыйман келтирмейинче турмушка бербегиле. Албетте ыймандуу кул – (азат) мушриктен жакшы, ал силерге жакса да. Алар Тозокко чакырышат. Алла – Бейишке, кечиримине Өз уруксаты менен чакырат. Ал (Жаратуучусун) адамдар эстөөсү үчүн Өз аяттарын баян кылат.

222.

Сенден этек кир жөнүндө сурашат. Айткын:”Ал – жагымсыз нерсе”. Этек кири келген убагында аялдарга жакындабагыла. Алар таза болгонго чейиналарга жакындабагыла. Эгер алар тазаланышса, аларга Алла силерди буйруган жагынан келгиле. Чындыгында, Алла тообо кылуучуларды жана тазалануучуларды жакшы көрөт.

223.

Аялдарыңар силердин эгин талааңар (болот). Эгин талааңарга каалаган тарабынан келгиле. Өзүңөр үчүн аткарып койгула. Алладан корккула! Чындыгында силер Ага жолугарыңарды билип койгула! Момундарга сүйүнчү кабар жеткиргин!

224.

Өзүңөрдү жакшылык кылуудагы такыба болууңардагы жана адамдардын ортосун жараштыруудагы антыңар үчүн Алланы калкан кылбагыла! Алла Угуучу, Билүүчү.

225.

Алла анттарыңардагы куру сөз үчүн жазалабайт, жүрөктөрүңөр жасаган иш үчүн жазалайт.Алла – Кечиримдүү, Боорукер.

226.

Аялдарына жакындашпоо үчүн ант бергендер төрт ай күтүшөт.Ал эми анттарын бузушса, албетте, Алла – Кечирүүчү, Мээримдүү.

227.

Ал эми алар ажырашууну (чындап) ниет кылышкан болсо, чындыгында, Алла –Угуучу, Билүүчү.

228.

Талак берилген (ажырашкан) аялдар үч этек кир мөөнөтүн күтүшөт. Эгер алар Аллага жана Акырет күнүнө ишенишсе курсагындагы(жатынындагы) Алланын жаратканын жашыруулары (адал) эмес. Жарашууну (экөө тең) каалашса, анда аялдарын кайра алууга күйөөлөрү укуктуураак.Эркектердин аялдарында акылары болгон сыяктуу эле, аялдардын да күйөөлөрүндө белгилүү акылары бар. Аялдарга караганда эркектердин даражасы артыгыраак. Алла – Мартабалуу, Даанышман.

229.

Талак (ажырашуу) эки ирет. Ошондуктан тууралык менен кармоо, же жакшылык менен ажырашуу (керек). Аларга бергениңерден бир нерсени (кайра) алуу адал эмес.Бирок экөөсү тең Алланын чегин сактай албай калуудан коркушса, же силер да ал экөөсү Алланын чегин сактай албоосунан корксоңор, анда аялдын күйөөсүнө төлөм берүүсүндө экөөнө тең күнөө жок. Мына ушул – Алланын чектери. Андан аша чаппагыла. Ким Алланын чегинен өтсө, мына ошолор – заалымдар.

230.

Күйөөсү аялына талак берсе, андан ары ал башка күйөөгө тиймейинче адал эмес. Эгер ал ага талак берсе, экөөсү тең:”Алланын чегин сактай алабыз” – деп ойлошуп, кайра жарашышса анда күнөө жок. Бул – Алланын чеги. Аны биле турган коом үчүн баяндайт.

231.

Аялдарыңарга талак берсеңер, мөөнөтү жеткен учурда жакшылык менен кайра алып калгыла, же алардан жакшылык менен ажырашкыла.Аларга зыян берүү максатында кармап турбагыла. Кимде-ким ушул ишти жасаса, чындыгында өзүнө-өзү зулумдук кылган болот. Алланын аяттарын азил кылбагыла! Ошондой эле Алланын силерге берген жакшылыктарын, силерге насаат болуусу үчүн түшүргөн Китепти жана даашымандыкты эстегиле! Алладан корккула, Алла бардык нерсени Билүүчү!

232.

Аялдарыңарды талак кылсаңар, күтүү (идда) мөөнөтү бүткөн соң, алар өз күйөөсү менен (жашоого) жакшылык жолдо ыраазы болуп жарашышса жолтоо болбогула. Бул –Аллага жана Акырет күнүнө ыйман келтиргендерүчүн айтылган насаат. Бул – силер үчүн тазалык менен аруулук. Алла билет, а силер билбейсиңер.

233.

Эмизүүнүн толук болушун каалаган энелер балдарын толук эки жыл эмизишет. Эненин тийиштүү азык-оокатын, кийим-кечесин жакшылык менен камсыздоо атанын милдети.Ар кимге чамасына жараша (милдет) жүктөлөт. Эне баласы себептүү(сыңары), ата да баласы үчүн зыянга учурабасын. Ал эми мураскор да ушул сыяктуу (милдеттерге ээ). Эгер (наристенин) ата-энеси ыраазылык менен кеңешип ажырашууну чечишсе, анда экөөсүнө тең күнөө жок. Эгербалдарыңарды (бөтөн аялга) эмизүүнү кааласаңар, анда акысын жакшылап берсеңер – силерге күнөө болбойт.Алладан корккула жана билгиле: Чындыгында, Алла силер жасаган иштериңерди Көрүүчү!

234.

Араңардан кайтыш болуп, аялдарын калтырып кеткендердин аялдары төрт ай он күн күтүшөт. Алардын белгилүү мөөнөтү(күтүү) бүткөндө, алар өздөрүнө жакшылык нерселер жасашса, анда силерге күнөө жок. Алла жасаганыңардан Кабардар!

235.

Ал аялдарга жуучулук сунушуңарды ачык айтсаңар, же купуя сактасаңар, андан күнөө болбойт. Алла, чындыгында, аларды эстегениңерди билет. Бирок, алар менен жашыруун убадалашпагыла! Бирок жакшы сөздү сүйлөшүүгө гана мүмкүн. Күтүү мөөнөтү бүтмөйүнчө никелешүүнү ниеттенбегиле. Чындыгында, Алла– жүрөгүңөрдөгүнү да билээрин унутпагыла!Андыктан, андан сактангыла. Алла – Кечиримдүү, Боорукер экенин билгиле.

236.

Силер аялдарыңарга жакындаганга чейин жана калың берүүдөн мурда ажырашсаңар, анда (ажырашуу) айып эмес. Бай байлыгына жараша, кембагал алына жараша жакшылык менен аларды ыраазы кылышсын! Бул – жакшылык кылуучуларга милдет.

237.

Эгер аларга жакындоодон мурда ажырашсаңар, же калың берүүнү убада кылган болсоңор, убада бергениңердин жарымын (ага калтыргыла).Бирок аял (эркекти) кечирсе, же колунда нике түйүнү бар (талак ээси, эркек) кечирсе – ал башка. Бири-бириңди кечирүү – такыбалыкка жакыныраак. Ортоңордогу жакшылыкты унутпагыла. Алла жасаганыңарды Көрүүчү!

238.

Намаздарга жана орто намазга сак болгула. Аллага моюн сунган абалда тургула.

239.

Эгер силер корксоңор, унаа үстүндө, же жүрүп баратып (намаз окугула). Коопсуз болгонуңарда силерге билбегениңерди үйрөткөндөй (кылып) Алланы эстегиле.

240.

Араңарда кайтыш болуп, аялдарын калтырып кеткендер аялдарына бир жылга чейин үйүнөн чыкпай пайдалана турган нерсени осуят кылышсын.Эгер алар өздөрүнө жакшылык каалап (өз каалоосу менен) чыгышса,ал учурда силерге жоопкерчилик жүктөлбөйт. Алла – Ызаттуу, Даанышман!

241.

Ажырашкан аялдардын тийиштүү (деңгээлде) (күйөөлөрү тараптан) камсыздалышы – такыбалар үчүн милдет.

242.

Алла –акыл жүгүртүшүңөр үчүн силерге аяттарын ушундай кылып баяндайт.

243.

Өлүмдөн коркуп өз үйлөрүнөн чыккан миңдеген адамдарды көрдүңбү? Алла аларга:”Өлгүлө!” -деди. Андан кийин аларды (кайра) тирилтти. Чындыгында, Алла – адамдарга жакшылык кылуу Ээси. Бирок адамдардын көпчүлүгү (Аллага) шүгүр кылышпайт.

244.

Алланын жолунда согушкула жана Алла Угуучу, Билүүчү экенин билгиле!

245.

Ким Аллага жакшы карыз берсе, Алла ага көптөгөн кошумчасын кошуп берет.Алла тар кылат жана мол кылат. Ага кайтарыласыңар!

246.

Мусадан кийинки Израил урпактарынын башчыларын билбейсиңби? Алар өз пайгамбарларына:”Бизге падыша шайлап бер. Алла жолунда согушабыз”, – дешти. Ал: “Мүмкүн силерге согуш парз кылынса да, (баары бир) согушпайсыңар!” – деп айтты.Алар:”Биз бала-чакабыз менен журтубуздан куулуп чыгылган болсок, эмне үчүн Алла жолунда согушпайт экенбиз?! – дешти. Анан согушуу тууралуу (Алладан) өкүм келгенде, алардын аз бөлүгүнөн башкалары(согуштан) баш тартышты.Алла заалымдарды Билүүчү!

247.

Аларга пайгамбары: “Алла силерге Талутту падыша кылып жиберди”, – деп айтты.”Биз ага караганда падышалыкка татыктуураак болсок, анан кантип ал бизге падыша болсун?! Ага байлык мол берилген эмес”, – дешти. Ал:”Аны силерге Алла тандап, ага дене күчүн жана илимди мол берди” -деди. Алла өкүмдарлыкты (Өзү) каалаган адамга берет. Алла – баарын Камтуучу, Билүүчү.

248.

Аларга пайгамбары: “Анын падышалыгынын белгиси – Эгеңер тараптан көңүлгө бейпилдик жана Муса менен Харундун үй-бүлөсүнөн калган калдыктар(буйумдары) бар периштелер алып жүргөн сандыктын силерге келүүсү”. Чындыгында, эгер силер ыймандуу болсоңор, ушунда – силерге белги бар.

249.

Талут аскери менен чыккан кезде: “Чындыгында, Алла силерди дарыя аркылуу сынайт. Ким андан ичсе – менден эмес. Ал эми кимде-ким андан ичпесе (же) колу менен кочуштап алып, аз гана алып ичсе – ал менден.”Алардын өтө азынан башкасы андан ичишти. Талут жана аны менен (кошо) ыйман келтиргендер дарыядан өткөн соң:”Биз Жалут жана анын аскерлерине тең келүүгө кудуретибиз жетпейт”, – дешти. Алардын (ичинен) Аллага сөзсүз жолугарына ишенгендери:”Алланын колдоосу менен аз топ канчалган көп топту жеңген. Алла – сабырдуулар менен бирге” – дешти.

250.

Алар Жалут жана анын аскерлери менен бетме-бет келген кезде:”Эгебиз бизге сабыр бер, кадамдарыбызды бекем кыл, бизге каапыр элдин үстүнөн(жеңишке жетүүгө) жардам бер!” –деп айтышты.

251.

Ошондо аларды Алланын буйругу менен жеңилүүгө дуушар кылышты. Даут Жалутту өлтүрдү. Алла Даутка падышалык, даанышмандык жана (Алла Өзү) каалаган нерселерди үйрөттү. Алла адам баласынын бирин башкасы аркылуу коргобосо – жер жүзү бузулуп кетмек. Чындыгында Алла – бүткүл ааламдар үчүн (берилүүчү) жакшылыктын Ээси!

252.

Ушулар – Алланын белгилери. Биз аларды сага чындык менен окуп беребиз. Акыйкатта, сен– элчилерденсиң!

253.

Алла элчилердин кээ бирин башкасынан артыгыраак жаратып,алардын айрымдары менен сүйлөштү. Кээ бирөөсүнүн даражасын (башкасынан) жогорураак кылды. Марйам уулу Исага кереметтерди берип, аны Жебреил аркылуу күчтөндүрдүк. Эгер Алла кааласа аларга далилдер(китептер) келген соң, пайгамбарлардан кийин алар согушпайт болчу. Бирок алар бири-бирине каршы чыгышты. Анан алардын кээ бирлери ыйман келтирип, калган бөлүгү (ыймандан) баш тартышты. Эгер Алла кааласа алар бири-бири менен согушпайт эле. Бирок Алла(Өзү) каалаганын жасайт!

254.

Эй, ыйман келтиргендер! Силерге берген ырыскыбыздан соодалашуу, достук, жан тартуу болбой турган Күн келгенге чейин Алла жолунда сарптагыла. Каапырлар – алар заалымдар.

255.

Алла!Андан башка кудай жок. Ал – Тирүү, Түбөлүк! Ал – үргүлөбөйт, уктабайт. Асмандардагы жана жердеги нерселер Ага (гана) таандык. Анын алдында Өзүнүн уруксатысыз ким колдоочулук кыла алат?! Алардын алдындагыларды да, артындагыларды да билет. Алар Анын каалоосунан башка эч нерсе билишпейт. Анын күрсүсү (билими) асмандар менен жерди камтыйт. Ага ал экөөсүн сактоо – кыйын эмес. Ал – абдан Бийик, өтө Улуу!

256.

Динде зордоо жок. Чындыгында, тууралык менен азгырыктын ажырымы айкын болду. Кимде ким будпарастыктан баш тартып, Аллага ыйман келтирсе, ошондо ал (эч качан) кыйрабас бекем таянычка ээ болот.Алла – Угуучу, Билүүчү!

257.

Алла – ыймандуулардын досу. Аларды караңгылыктан жарыкка чыгарат. Каапырлардын досу – аларды жарыктан караңгылыкка алып баруучу таагуттар. Алар – Тозок ээлери. Ал жерде түбөлүккө калышат.

258.

Алла падышалык(Ээлик) бергендигин Ибрахим менен анын Эгеси жөнүндө талашкан (адам) тууралуу билесиңби? Ошондо Ибрахим:”Эгем өлтүрөт жана тирилтирет”, -деди. Ал: “Мен да өлтүрө да, тирилте да алам”, -деп айтты. Ибрахим:”Чындыгында, Алла күндү Чыгыштан чыгарат, сен аны батыштан чыгарчы?!” –деди. Ошондо каапыр(Намрут) осол болду. Алла заалым элди Туура Жолго түшүрбөйт,

259.

же чатырлары кулаган кыштактан өткөн (адамды) билесиңби? “Буларды өлгөн соң Алла кантип тирилтет?!” – деп ойлоду. Алла аны жүз жылга өлтүрүп, анан тирилтип:”Канча (убакыт) жаттың?!” – деп сурады. Ал: “Бир күн же жарым күн (гана жаттым)” – деди. (Алла):”Андай эмес! Сен жүз жыл (өлүп) жаттың.Тамагыңа, суусундугуңа бир көз салчы: өзгөргөн эмес.Эшегиңди кара… Сени адамдарга үлгү кылуу үчүн. Сөөккө кара, анын сөөктөрүн (мына) кандай кураштырып,эт менен каптадык.Качан ага айкын болгондо ал:”Билем, чындыгында, Алла баардык нерсеге Кудуреттүү”, -деди.

260.

Ибрахим: “Эгем, өлүктү кантип тирилтесиң? Мага көргөзчү” – деген учурда, (Алла) айтты:”Ишенбейсиңби?”. (Ибрахим) айтты: Албетте (ишенем), бирок жүрөгүмдүн тынчтануусу үчүн (билгим келет). (Алла)айтты:”Канаттуулардан төрттү алып, (союп), этин аралаштырып, ар бир тоого алардын (этинен)бирден үзүм ташта. Андан кийин аларды чакыр. Алар сага дароо (жетип) келишет. Билгин: Чындыгында Алла – Мартабалуу, Даанышман”.

261.

Мал-мүлкүн Алла жолунда сарптагандар – ар сабагында жүздөн дан (урук) алган, жети баш өндүргөн бир даана данга окшош.Алла кимге кааласа көбөйтүп берет.Алла – Жоомарт, Билүүчү.

262.

Мал-мүлкүн Алла жолунда сарптагандарын кийин колко (милдет) кылууну, жагымсыздыкты эрчиткендердин сооптору Эгелеринин алдында. Аларга коркунуч да,кайгы да жок.

263.

Жакшы сөз жана кечиримдүүлүк – ыза ээрчитип келген садакадан жакшы. Алла – Бай жана Жумшак.

264.

Эй, ыйман келтиргендер!Мал-мүлкүнэлдер көрсүн үчүн сарптаган, Алла менен Акырет күнүнө ишенбеген (адамга) окшоп, садакаңарды колко кылып, же ыза менен бузуп албагыла. Ал – үстүндө топурагы бар жылма ташка окшош.Ага катуу жамгыр жааса, аны (түшүмүн жууп кетип) таш боюнча калтырат. Алар өздөрү кылган иштин эч бирине ээ боло алышпайт.Алла – каапыр элдерди Туура Жолго салбайт.

265.

Мал-мүлкүн Алланын ыраазылыктарын көздөп сарптагандар жана өзнапсилерин бекемдегендер – дөңсөөдөгү бакчага окшош:Ага нөшөр жааса эки эселеп түшүм берет.А эгерде жаабаса, (ага) себелеген жамгыр(деле жетиштүү). Алла эмнени жасасаңар (да баарын) Көрүүчү.

266.

Силердин кимиңер алдынан дарыялар агып турган бардык жемиштери бар курма жана жүзүм бакчасы болушун, балдары алсыз, өзү картайган кезде, анын бакчасын оттуу бороон каптап, өрттөнүп калышын каалайт белеңер? Ой жүгүртүүңөр үчүн Алла силергеаяттарын ушундай түрдө түшүндүрөт.

267.

Эй, ыйман келтиргендер! Өзүңөр иштеп тапкан жакшылыктардан жана Биз силерге жерден чыгарып берген нерселерден сарптагыла.Өзүңөр көздөрүңөрдү жумуп араң гана кармай турган (жаман) нерселерди сарптоо үчүн тандабагыла. Алла – Бай, Макталуучу – экенин билип койгула!

268.

Шайтан кедейликти убада кылып, бузукулукка буйруйт. Алла силергеӨзүнүн кечиримин жана ырайымын убада кылат. Чындыгында, Алла – баарын Камтуучу, Билүүчү!

269.

Ал даанышмандыкты кимге кааласа берет. Кимге даанышмандык берилсе, демек ага жакшылык мол берилди. Бирок муну акыл ээлери гана түшүнө алат.

270.

(Алла жолунда) сарпталган ар бир садаканы, назир кылган ар бир сооп ишетриңди Алла билет. Заалымдардын колдоочусу жок.

271.

Эгерде садаканы ашкере кылып берсеңер- ал кандай сонун. Ал эми аны жашыруун жасап, кедейлерге берсеңер-ал силер үчүн андан да жакшы. Ал силердин жамандыктарыңарды өчүрөт. Алла жасап жаткан ишиңерден Кабардар!

272.

(Каапырларды) Туура Жолго түшүрүү – сенин милдетиң эмес. Бирок, чындыгында, Алла кимди кааласа Туура Жолго салат. Жакшылыктан эмне сарптасаңар да, өзүңөр үчүн. Алланын ыраазылыгын гана көздөп сарптагыла! Жакшылыктан эмне сарптасаңар (ал) силер үчүн толук берилет жана силер адилетсиздикке кабылбайсыңар.

273.

Алла жолунда курчалган кедейлер Жер бетинде сапарга чамалары жетпейт. (Алар) каниеттүү болгондуктан билбеген киши бай деп эсептейт. Алардын (кедейликтери) жүздөрүнөн тааныйсың. Алар адамдардан суранышпайт. Жакшылыктан эмнени сарптабагыла, чындыгында, Алла – аны Билүүчү!

274.

Мал-мүлктөрүн күнү-түнү жашыруун да, ачык да сарптагандардын сооптору (алардын) – Эгелеринин алдында. Аларга (эч кандай) коркунуч жок, алар кайгырышпайт.

275.

Сүткорлук кылгандар (Кыямат Күнү) мүрзөлөрүнөн жин тийген киши сыяктуу турушат. Ага – алардын:”Чындыгында соода сүткорлукка окшош”,-дегени себеп. Алла сооданы адал, бирок сүткорлукту арам кылды. Кимге Эгесинен насаат Сөз келген кезде,өздөрүн тыйышса, мурункулары (кечирилет), а иши Аллага. Кимде ким (сүткорлукка) кайтса, алар – Тозок ээлери. Алар анда – түбөлүккө калышат.

276.

Алла – сүткорлукту жокко чыгарып, садаканы арттырат. Алла ар кандай күнөөкөр-каапырларды жакшы көрбөйт.

277.

Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасап,намазын орундатып, зекет бергендердин сооптору Эгелеринин алдында. Аларга коркунуч да, кайгыруу да болбойт.

278.

Эй, ыйман келтиргендер! Алладан корккула, эгер ишенсеңер сүткорлуктан калган нерсеңерди таштап койгула.

279.

Эгер (сүткорлукту таштоону) каалабасаңар,муну – Аллага, анын элчисине каршы согуш деп билгиле. Эгер (сүткорлукту таштап) тообо кылсаңар ошол учурдагы(бар болгон адал)мүлкүңөрдүн баасы өзүңөргө (пайда). Зулумдук кылбагыла, (ошондо) зулумдукка кабылбайсыңар!

280.

Ал эми эгер кедейчиликтин кыйынчылыгында болсо, ал байыганга чейин күткүлө. Ал эми эгер билсеңер: кайрымдуулук өзүңөр үчүн жакшыраак.

281.

Аллага кайтып келе турган Күндөн корккула (сактангыла).(Ал Күнү) ар бир жанга ар бир кылган иши үчүн толук акысы берилип, аларга зулумдук кылынбайт.

282.

Эй, ыйман келтиргендер! Белгилүү бир мөөнөткө бири-бириңерден карыз алсаңар (берсеңер), аны жазып койгула! Анан да ортоңордо бир катчы адилеттүү жазсын. Катчы Алланнын ага үйрөтүүсү боюнча жазуудан баш тартпасын. (Карызды кайтаруу) милдеттендирилген (адам) айтып, ал (катчы) жазсын.(Жазган) Эгеси болгон Алладан корксун жана андан эч нерсе кемитпесин.Эгер карыз(киши) акылсыз, алсыз, жеал жазууга кудуретсиз болсо, андай учурда өкүлүадилеттүүлүк менен жазсын. Эркектерден эки күбөнү күбө катары катыштыргыла. Эгер эки эркек болбосо, андай учурда күбөлүккө өтүүгө өзүңөр ылайык көргөн бир эркек менен эки аял. (Аялдын) бирөөсү адашса, экинчиси аны түзөйт (эскерет). Күбөлөр чакырылган кезде баш тартышпасын.(Карыздын) аз же көп экенине карабастан белгилүү мөөнөткө жазып койуудан эринбегиле. Мына ушул – Алланын алдында адилеттүүрөөк жана бекемирээк. Күбөлүк үчүн мыктыраак жана күмөнсүрөбөшүңөргө жакыныраак. Бирок өз ара кол алышып, жасалган нак соода болсо, аны жазуунун кажети жок.Соодалашкан кезде күбөлөндүргүлө.Катчы да, күбө да зыянга учурабасын.Эгер андай кылсаңар ал силер үчүн күнөө. Алладан корккула. Ошондуктан Алла силерге үйрөттү. Алла – бардык нерсени Билүүчү.

283.

Эгер сапар
а болуп, катчы таба албасаңар, андай учурда күрөө алынат. Эгер бири-бириңерге ишенсеңер ишенилген та

284.

285.

286.