1. Аль-Фатиха

1.

Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!

2.

Ааламдардын эгеси болгон Аллага мактоо!

3.

Ал Мээримдүү, Ырайымдуу.

4.

Кыямат Күндүн падышасы.

5.

Биз Сага гана сыйынып, Сенден гана жардам сурайбыз.

6.

Өзүң бизди туура жолго баштагын,

7.

(ошол) Сенин каарыңа калбагандар жана адашпагандарга Өзүң тартуулаган жол эле.