12. Юсуф

1.

Алиф, Лам, Ра. Мына ушул аяттар ачыкка чыгаруучу Китептен.

2.

Чындыгында, биз муну арабча Куран кылып түшүрдүк. Мүмкүн силер акыл калчаарсыңар?

3.

Сага бул Куранды түшүрүү менен сага баяндардын эң жакшысын айтып беребиз. Чындыгында, сен, мындан мурун, албетте, бул тууралуу кабарсыз элең.

4.

Ошол убакытта Йусуп, атасына: “Атаке, мен түшүмдө он бир жылдыздын, күндүн жана айдын мага сежде кылып турганын көрдүм” – деп айткан кезде

5.

(атасы Жакып:) “О уулум! Түшүңдү (бир) туугандарыңа айтпа. (алар) сага айла-амал жасап коюшат. Чындыгында, шайтан адам баласына ачык душман” – деди.

6.

Ошентип Алла сени тандап алып, түштөрдү жорууну үйрөтөт.Ата-бабалырың Ибрхим, Исхактарга жакшылыктарын толук кылып бергендей,сага жана Йакуп урпактарына да толук кылып берет. Акыйкатта, Эгең – толук Билүүчү, Даанышмандык ээси,” –деди.

7.

Чындыганда Йусуп менен анын туугандарынын баянында суроочулар үчүн жакшы үлгүлөр бар.

8.

Ошондо (Йусуптун) бир туугандары: “Йусуп жана анын бир тууганын атабызга бизден жакшы көрүнөт. Биз болсо мыкты топбуз. Атабыз адашып жатканында шек жок” – дешти.

9.

(Алардан) бири: “Йусупту өлтүргүлө же (алыс) бир жерге алпарып таштагыла. Силерге атаңардын алды бош калат. Андан кийин силер мыкты иштерди жасоочу топ болосуңар” – деди.

10.

Алардын ичинен дагы бирөөсү: “Эгер менин айтканымды жасай турган болсоңор, Йусупту өлтүрбөй эле, аны бир кудуктун түбүнө таштап жибергиле. Жолоочулардын бири таап алар” – деди.

11.

Алар: “О, атаке! Йусуп боюнча бизге сен ишенбегендей эмне болду? Биз, ырасында, ага камкор мамиледебиз го” – дешти.

12.

“Эртең аны биз менен бирге жибер. Тамактансын, ойносун. Чындыгында биз аны коргоочубуз” – дешти.

13.

Жакып: “чындыгында силердин аны алып кетишиңер мени убайымга салат. Кокус силер андан бейкапар болуп калганыңарда, аны карышкыр жеп кетүүсүнөн корком” – деди.

14.

Алар: “Ант болсун! Биз мыкты бир топ болуп туруп, аны карышкыр жесе, албетте, анда биз зыянга учуроочуларданболобуз” – дешти.

15.

Ошентип (убада берип) алар Йусупту алып кетишти да, (анан) аны кудуктун түбүнө таштап жиберүүгө чечим кылышкан кезде ага (Йусупка) Биз:”Бир туугандарыңдын ушул иштери тууралуу айтып бересиң. Аларсезбей калышат” – деп кабарладык.

16.

Алар иңир кирген маалда аталарына ыйлаган тейде келишип:

17.

“О атаке!Биз жарышып кеткен кезде,Йусупту буюмдарыбыздын жанына таштап кеткен болчубуз, ошол жерден карышкыр жеп кетиптир. Эми чын айтсак деле бизге ишенбейсиң да” – дешти.

18.

Ошентип алар анын көйнөгүнө жалгандан эле канды сүртүп алып келишти. Атасы:”Андай эмес. Силерге дилиңер бир (жаман) ишти көркөмдөгөн экен. Эми көркөм (нукура) сабыр керек.Айткандарыңарга эми Алладан жардам тилеш керек болот” – деди.

19.

Жолоочулар келип, дароо суучуларын жиберишти, ал чакасын (кудукка) салып:”Ой, сүйүнчү! Мына бир эрекек бала!” – деди.Алар аны соода буюмдарына кошуп бекитип коюшту. Алла алардын эмне иш кылгандарын толук Билүүчү.

20.

Алар аны абдан арзан баага, бир нече тыйынга сатып жиберишти. Анткени, алар Йусупка муктаж эмес эле.

21.

Мисирде аны сатып алган адам өз аялына: “Муну жакшылап бак, балким бизге пайдасы тийип калар, болбосо бала кылып аларбыз” – деди. Ошентип Йусупту ошол жерге жайгаштырып, ага түш жорууну үйрөттүк. Алла өз ишинде Үстөм, бирок адамдардын көбү аны билишпейт.

22.

Ал (Йусуп) эрезеге жеткен кездеага дааналык жана илим бердик. Жакшылык кылуучуларды ошентип сыйлайбыз.

23.

Йусуп турган үйдүн аялы анын көңүлүн өзүнө тартмакчы болду да эшиктерди бекитип:”Кана, кел бери!” – деди. Йусуп: ” Алла сактасын! Ал (күйөөң) – менин кожоюнум. Мени жакшы орунга койду. Чындыгында, заалымдар кутулушпайт” – деди.

24.

Чындыгында, аял ал тууралуу ойлоду. Эгер ал (Йусуп) Эгесинин далилдерин көрбөгөн болсо, Йусуп да аны кааламак. Йусуптан жамандыкты, бузукулукту андан алыстатуу үчүн Биз ошенттик. Анткени ал ыкластуу момун пенделерибизден эле.

25.

Экөө эшикке карай чуркады да, аял анын көйнөгүнүн артын айрып салды. Экөөсү теңэшик алдында аялдын күйөөсү менен бетме-бет келишип, аял күйөөсүнө:”Сенин жубайыңа жамандык ойлогонадамдын жазасы сөзсүз абак же жан чыдагыс азап эмес беле?” – деди.

26.

(Йусуп:) “Ал көңүлүмдү өзүнө тартмакчы болду” – деди. Аял жактан бир күбө:”Эгер Йусуптун көйнөгү алдынан жыртылса, анда аял чын айткан болот, ал эми ал (Йусуп) жалганчы болот” – деди.

27.

“Анын (Йусуптун) көйнөгү артынан жыртылган болсо, анда аял жалган айткан болот да, ал чынчылдардан болот” – деп күбөлүккө өттү.

28.

Ошондо анын көйнөгүнүн арт жагынан жыртылганын көргөн күйөөсү:”Бул, аялдар, силердин куулугуңар. Чындыгында, силердин айла-амалыңар аша көп.

29.

Йусуп, мындан жүз үйрүп, жашыр. Аялым, сен күнөөң үчүн Алладан кечирим тиле. Ырасындасен – ката кетирүүчүлөрдөнсүң” – деди.

30.

Шаардагы аялдар: “Жетекчинин аялы кызматчы баласын азгырууну көздөптүр. Чындыгында, ал аял (кызматчысын) жүрөгүнүн түпкүрүнөн сүйүп калыптыр. Албетте, биз аны даана адашуучулар катарында көрүп турабыз” – деп сөз кылышты.

31.

Ал шаардык аялдардын өзүн жамандашканын уккан кезде, аларга чакыруу жиберип, алар сүйөнүп олтура турган жумшак олтургучтарды даярдады да,алардын ар бирине бычак берип:”Чык, мобуларга көрүн” – деди.Аны (Йусупту) көргөн кезде аялдар таң калуудан улам өз колдорун кескилей башташты. Аялдар:”О, Алла! Бул адам эмес. Бул – бир кереметтүү периште го” – дешти.

32.

Ал аларга: “мына ушул силер мени келекелеген бала. Чындыгында анын көңүлүн мен кааладым. Ошондо да ал аброюн сактап калды. Эгерде ал менин буйругумду мындан ары да орундатпай турган болсо, албетте, абакка салынып, кор болуучулардан болот” – деди.

33.

(Йусуп:) “О Эгем!Булар мени жасоого чакырган иштерин жасагандан көрө зындан жакшыраак. Эгер бул аялдардын айла-амалдарын менден алыстатпасаң, анда мен алардын азыгырыгына туруштук бере албай, наадандардан болуп калам” – деп жалбарды.

34.

Ошондо анын Эгеси анын тилек-дубасын кабыл кылып. Алардын айла-амалдарын андан алыстатты.Анткени Ал –баарынан Кабардар, Билүүчү.

35.

Анан, аларга далилдер көрүнгөндөн кийин да аны белгилүү бир мөөнөткө чейин абакка салышты.

36.

Йусуп менен кошо эки жигит абакка салынды,Ал экөөнүн бири:”Мен түшүмдө жүзүм сыгып (шарап жасап) жатыпмын. Экинчиси айтты:”Мен төбөмө нан көтөрүп жүрүпмүн. Аны куштар жеп жатыптыр. Бизге бул түштөрдүн жорулушун айтып бер. Чындыгында, биз сени жакшылык кылуучулардан деп билебиз” – деди.

37.

(Йусуп аларга:) “Силерге мен көргөн түшүңөрдүн чечилишин тамак келгенге чейин айтып беремин.Бул – мага Эгемдин үйрөткөндөрүнүн бир бөлүгү.Чындыгында, Аллага ишенбеген жана акырет күнүнө каршы чыккан бир элдин динин четке какканмын” – деди.

38.

Ата-бабаларым: Ибрахим, Исхак жана Йакуптардын динин кармандым. Биздин Аллга шерик кошуубуз эч бир жарабайт. Бул – бизге, өзгөчө бүткүл адам баласына Алланын ырайымы. Бирок адамдардын көбү (Аллага) шүгүр кылышпайт.

39.

Эй, менин абактагы жодошторум! Ар башка кудайдын болгону жакшыбы же баардык нерсеге Кудуреттүү, Жалгыз, Бир Кудайдын болгону жакшыбы?

40.

Силердин Андан башка сыйынган нерселериңер – өзгөчө силердин ата-бабаңар ойлоп тапкан тек гана аталыштар. Аллааларга сыйынуу боюнча бир да далил түшүргөн эмес.Өкүмдарлык – бир гана Аллага таандык. Ал Өзүнө гана ибадат кылууну буюруган.Мына ушу – эң туура дин. Бирок, адамдардын көбү билишпейт.

41.

Эй, абактагы жолдошторум!Бирөөң мурдагыдай эле кожоюнуңа арак ташый бересиң. Ал эми экинчиңер болсо, дароо дарга аслып, башын кузгун жейт. Мына, экөөң сураган түштүн жорулушу бүттү” – деди.

42.

Аман калат делгенине карап: “Кожоюнуңдун жанында мени айт” – деди. Ошондо шайтан кожоюнуна айтууну унуттурду да, Йусуп абакта бир нече жыл жатып калды.

43.

Бир күнү падыша: “Түшүмдө жети семиз сыйырды жети арык сыйыр жеп жатканын, жети жашыл сабак менен кошо жети куураган сабак көрдүм. Эй, кечилдер! Эгер түш жоруй алсаңар, анда менин ушул түшүмдү жоругула” – деди.

44.

Алар: “Бул абдан чаташкан түш экен. Ошондуктан биз мындай түштү жорууну билбейбиз” – дешти.

45.

Ал экөөсүнүнкутулуп чыкканыбир далайдан кийин Йусупту эстеди да:”Мен силерге анын жорулушун айтып беремин. (Ал үчүн) мени дароо абакка жибергиле” – деди.

46.

(Ал абакка барып:) “Эй, чынчыл Йусуп! Бизге (түштөгү) жети семиз сыйырды жети арык сыйыр жеп жатканын жана жети жашыл сабак менен жети куураган сабактын жоорулушун айтып берчи. Адамдар да билсин үчүн (бул түштүн) жорулушун аларга айтып барайын” – деди.

47.

(Йусуп:) “Жети жыл адаттагыдай эле эгин эгип, анан, оруп алганыңардын баарын (кырманга) бастырып салбай, сабактары менен калтырып, бирок жей тургандарыңарды аз-аздан гана алып турушуңар керек.

48.

Андан кийин жети катуу (ачарчылык) жыл келет. Аз-аздан сактаганыңардан, мурунтан ошол үчүн жыйнап келе жатканыңардан жейсиңер.

49.

Ал эми андан кийинадамдар жамгырга канып, ошондо жемиштердин суусун сыга турган (токчулук)жылдар келет” – деди.

50.

Муну уккан падыша: “Аны мага алып келгиле” ¬ деп буюрду. Чабарман ага келгенде, (Йусуп:)”Кожоюнуңа кайтып бар. Колдорун кесип алган аялдардын абалдары эмне болгонун сурасын! Акыйкатта, Эгем алардын куулуктарын мыкты билет!” – деп айтты.

51.

(Падыша аялдарды жыйнап:) “Йусупту азгырууну каалаган кезиңердеги абалыңар кандай болду эле?” – деп сурады. Аялдар:”Алла сактасын! Ага байланыштуу бир да жамандык билгенибиз жок” – дешти. Башчысынын аялы:”Мына, чындыкачыкка чыкты. Аны азгырууну мен каалаган элем. Чындыгында ал (Йусуп) анык чынчылдардан” – деди.

52.

(Йусуп:) “Муну – ырасында ага тымызын кыянат кылбаганымды падыша билсин үчүн (жасатып жатам). Албетте,Алла кыянатчылардын куулугун тууралыкка багыттабайт.

53.

Албетте, мен өз жанымды актабаймын.Чындыгында напси адамды жамандыкка гана буйруйт. Бирок Эгем ырайым кылса, ал – башка (кеп). Албетте, Эгем – Кечиримдүү, Мээримдүү!” (– деди).

54.

Падыша: “Аны мага алып келгиле. Мен аны өзүмө жакын адамдардан кылып алайын” – деди. Падыша Йусуп менен сүйлөшүп жаткан кезде:”Албетте, сен бүгүн биздин алдыбызда ишеничтүү, улук орундасың” – деди.

55.

(Йусуп падышага:) “Мени өлкөнүн казына башчылыгына дайында. Анткени мен аны кантип коргоону (сактоону) билемин” – деди.

56.

Ошентип Йусупту ошол жерге жайгаштырдык. (Ал) каалаган жеринде жүрө алат. (Биз) каалаганыбызга ырайымыбызды жетикребиз. (Алла) жакшылык кылгандардын мээнетин текке кетирбейт.

57.

Чындыгында, ыйман келтирип, такыба болгондордун акыреттеги сыйлыгы мындан да жакшы.

58.

(Ачарчылыккелген жылдары) Йусуптун бир туугандары келишип, анын алдына киришти. Ошондо Йусуп аларды тааныды. Алар (болсо) аны таанышкан жок.

59.

Йусуп алардын жүктөрүн даярдаткан учурда аларга:”Мага аталаш бир тууган иниңерди ала келгиле. Чындыгында мен силерге толук өлчөп бергенимди жана меймандос адам экенимди көрүп турасыңар” – деди.

60.

Эгер силер аны мага алып келбесеңер, мен силерге өлчөп берээрим жок жана да мага жакындабагыла.

61.

Алар: “Биз аны атасынан сурап алууга аракеттенебиз. Албетте, биз муну аткарабыз” – дешти.

62.

Йусуп жигиттерине: “Алардын азык үчүн алып келген нерселерин да жүктөрүнө кошуп койгула. Албетте, үйлөрүнө кайтып барышкан кезде, аны билишип, мүмкүн кайра келишээр” – деди.

63.

Ошондо алар аталарына кайтып барышып: “О ата! Биздин өлчөө токтотулду. Ошондуктан бир тууганыбызды биз менен бирге жиберсең, гана өлчөп алабыз. Чындыгында, биз аны коргойбуз!” – дешти.

64.

(Йакуп:)”Мындан мурунку бир тууганын силерге ишенгеним сыяктуу муну да силерге ишенип берейинби? Канткен менен Алла – толук Коргоочу жана Ал – ырайымдуулардын эң ырайымдуусу!” – деди.

65.

Алар жүктөрүн ачкан кезде өздөрүнө кайтарылган нерселерин табышты да (кубанып):”О ата! Эмне издейбиз… мына нерселерибиз өзүбүзгө кайтарылыптыр. Үй бүлөбүздү азык менен камсыз кылып, туугандарыбызды сактайбыз”.Буга (бул акчага) дагы бир төө дан-азык сатып алууга болот. Чындыгында, бул өлчөп алып келгенибиз аз эле да” – дешти.

66.

Аталары: ” Силерге өлүм эле жетпесе аны милдеттүү түрдө алып келериңертууралуу силер мага Алланын аты менен убуда бермейиңерче аны мен силер менен чогуу жибере албаймын” – деди. Ошентип алар аталарына убада беришкен кезде аталары:”Алла айтканыбызга күбө!” – деди.

67.

Балдарына: “Эй, балдарым! Шаарга бир капкаданкирбестен, бөлөк-бөлөк капкалардын киргиле. Бирок мен Алланын буйругу болсо силерден эч нерсени кайтара албаймын. Өкүм – Аллага гана таандык.Ага гана тобокел кылдым. Ага тобокел кылуучулар – тобокел кылсын!” – деди.

68.

Алар аталарынын буйругундай (кылып ар башка капкалардан)киришсе деле Алланын (жазган) тагдырынан эч нерсени кетире алышмак эмес.Бирок Йакуп өз дилиндеги бир зарылдыкты гана аткарды. Анткени ал Биз үйрөткөн илимдин ээси эле. Бирок, аны адамдардын көбү билбейт.

69.

Алар Йусуптун жанына кирген кезде, Йусуп бир тууганын (Беняминди) өз алдына алып:”Мен– сенин бир тууганыңмын. Алардын жасагандарына кайгырба!” – деди.

70.

Йусуп алардын жүктөрүн (сатып алган буюмдарын) камдаганда, суу ичүүчү идишин бир тууганынын (Беняминдин) жүгүнүн арасына (катып) коюп, алар жолго аттанаарда, бирөө:”Эй, кербенчилер! Силер анык ууру экенсиңер!” – деп үн салды.

71.

Алар тигилерге бурулуп: “Эмне жоготтуңар?” – дешти.

72.

Булар: “Падышанын суу өлчөөчү идишин жоготтук. Аны таап келген кишиге бир төө жүк (берилет). Мен ага кепилмин” – деди.

73.

Алар: “Алланын аты менен ант беребиз! Чындыгында бул жерге бузукулук (жасоо) үчүн келбегенибиздибилесиңер. Ошондуктан, биз – ууру эмеспиз” – дешти.

74.

Булар: “Эгер жалганчы болсоңор, анын жазасы эмне болсун?” – дешти.

75.

Алар: “Анын жазасы – ал идиш кимдин жүгүнүн ичинен чыкса ошол өзү жазалансын. Биз заалымдарды ошондой жазалайбыз” – дешти.

76.

(Йусуп) өз бир тууганынын жүгүнөн мурун, тигилердин жүгүн тинттирип, акырында идишти өзүнүн бир тууганынын жүгүнөн алып чыкты. Йусуп үчүн мына ушундай айла кылдык. Анткени, (Йусуп) падышанын мыйзамы боюнча бир тууганын алып кала алмак эмес.Бирок Алланын каалоосу……Бизкаалаган гана кишинин даражасын көтөрүп койобуз. Ошентип ар бир илимдин ээсинин үстүндө бир Билүүчү бар.

77.

Алар: “Эгер бул (инибиз) уурулук кылган болсо, анда, албетте, анын тууганы да мурда уурулук кылган эле” – дешти. Ошондо Йусуп ал сөздү жүрөгүндө сактап, аларга ачык айткан жок. (Ичинен:)”Силер абдан жаман орундасыңар. Силер сыпаттап жаткандарыңарды Алла жакшы билет” – деди.

78.

Алар: “Эй, кожоюн! Мунун кары атасы бар. Ошондуктан анын ордуна(биздин) бирибизди алып кал. Чындыгында, биз сени жакшылык кылуучулардан экениңди көрүп турабыз” – дешти.

79.

(Йусуп) : “Нерсебизди жанынан тапкан адамдан башкасын алып калуудан Алла сактасын.Андай кылсак, биз анык заалымдардан болуп калабыз” – деди.

80.

Алар Йусуптан күдөр үзүшкөн соң, өздөрүнчө шыбырашып, алардын эң жашы улуусу:”Билбейсиңерби: Атаңар силерден Алланын аты менен убада алган. Мурда Йусуптун жоголушуна да силер айыптуусуңар. Ошондуктан, мага атам уруксат бергенге чейин, же болбосо мен үчүн Алла бир өкүм кылганга чейин ушул жерден эч кетпеймин. Алла – өкүм кылуучлардын эң мыктысы” – деди.

81.

Силер атабызга кайтып баргыла да: “О ата! Уулуң чындыгында уурулук кылды. Биз билгенибизге гана күбө өтөбүз. Биз көмүскө-кайыпты билүүчү эмеспиз.

82.

Аны биз ичинде болгон шаардан жана биз кездешкен кербенден сура. Биз чынын айтып жатабыз” дегиле!

83.

(Йакуп:) “Андай эмес. Силерге напсиңер бир нерсеге азгырылган экен. Эми мага көркөм сабыр керек. Балким Алла алардын баарын мага кайра алып келээр. Анткени, Ал –бүт Билүүчү, Даанышмандыктын Ээси!” – деди да

84.

Алардан терс бурулуп: “Оо, кайраным Йусуп…” – деп кайгыдан көздөрү агарып (тунарып), ачуусун кармап тим болду.

85.

Алар аталарына: “Алланын аты менен ант ичебиз! Сен кайгыдан жок болгонго чейин жеөлүп тыптыйпыл болгонго чейин Йусупту жоктой бересиң!” – дешти.

86.

(Йакуп:) “Мен өзүмдүн кайгымды да, ыйымды да Аллага гана тапшырдым. Анткени (мен) Алладан силер билбегеннерсени билемин.

87.

Эй, уулдарым! Баарыңар Йусупту жана анын бир тууганын издегиле! Кандай болсо да, Алланын ырайымынан күдөр үзбөгүлө. Анткени, Алланын ырайымынан каапыр болгон коом гана үмүт үзөт…” –деди.

88.

Алар Йусупка кайра барышып, (анын алдына) киришип: “Эй, кожоюн! Бизге жана үй бүлөбүзгө ачарчылык келди. Ошондуктан арзыбас аз нерсе (акча) менен келдик. Ошентсе да толук өлчүп бере көр. Ага кошумча бизге садака да бар. Шексиз: Алла садака берүүчүлөрдү сыйлайт” – дешти.

89.

(Йусуп:) “Силер билбестиктен Йусупка жана анын бир тууганына эмне кылганыңарды билесиңерби?” – деди.

90.

Алар: “Сен өзүң чындыгында эле Йусупсуңбу?” – дешти. (Йусуп:)”Мен – Йусуп, а бул менин бир тууганым. Чындыгында, Алла бизге ырайым кылды. Акыйкатта, ким Алладан корксо, сабыр кылса, албетте, Алла жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт” – деди.

91.

Алар: Аллага ант беребиз! Чындыгында, Алла сени бизден артык кылды. Анткени, биз туура эмес ишти жасаган элек” – дешти.

92.

(Йусуп:) “Бүгүн силерге жемелөө жок. Алла силерди кечирээр. Ал – мээримдүүлөрдүн эң Мээримдүүсү!

93.

Эми, мына менин көйнөгүмдү алпарып, атамдын бетине жапкыла, көзү айыгып кетет. Анан бүт үй бүлөңөр менен чогулуп мага келгиле!” – деди.

94.

Кербен жолго чыккан кезде алардын атасы: “Эгер алжып калыптыр” дебесеңер мага, чындыгында эле Йусуптун жыты келип жатат” – деди.

95.

Тигилер: “Алланын аты менен ант ичебиз! Албетте, сен эски адашууңда элесиң” – дешти.

96.

Сүйүнчүлөп келишип, көйнөктү Йакуптун жүзүнө жабышканда анын көзү көрө баштады да:”СилергеАлла тараптан билбеген нерсени билемин” деп айтпадым беле?” – деди.

97.

Уулдары: “Оо атаке! Биздин күнөөлөрүбүздүн кечирилишин (Алладан) тиле! Биз, чындыгында эле ката кетирген болчубуз” – дешти.

98.

Йакуп: “Силер үчүн Эгемден кечирим сураймын. Анткени, Ал – Кечиримдүү, Боорукер!

99.

Алар Йусуптун алдына барышкан кезде, ата-энесин дароо кабыл алды да:”Алланын каалоосу менен Мисир жергесине сак-саламат кириңиздер!” – деди да,

100.

Ата-энесин өз тактысына чыгарып олтургузду. Баары Йусупка ийилип таазим кылышты. Алла үчүн сеждеге жыгылышты. Йусуп:”Оо атакем!Мына баякы көргөн түштүн жорулушу. Чындыгында, аны Эгем акыйкатка чыгарды. Шайтан мени менен бир туугандарымдын ортосун бузган соң, мени абактан чыгарып, чөлдөн силерди алып келип, мага жакшылык кылды. Чынында, Эгем Өзү каалаган адамына абдан Мээримдүү! Ал – Билүүчү, Даанышман!

101.

О, Эгем! Сен мага өкүмдарлык бердиң жана түштөрдүн жорулушун үйрөттүң. Асмандар менен жердин жаратуучусу болгон Сен дүйнөдө да, акыретте да Кожоюнумсуң! Менин жанымды Сага моюн сунган (момун) боюнча алып, ийгиликке жеткире көр!

102.

Бул баянда көмүскө-кайып кабарлардан билдирдик. Алар иш жүзүндө биригип, (Йусупка) кыянаттык кылууну ойлонгон кезде, албетте, сен алар менен болгон эмессиң.

103.

Сен канчалык ынтызар болбогун, (баары бир) адамдардын көбү ыйман келтиришпейт.

104.

(Кылган жакшылыгың үчүн) алардан сен акы сурап жаткан жериң жок. Куран – бүткүл ааламга татыктуу насыят!

105.

Асмандарда жана жерде канчалаган далилдер бар. Бирок адамдар ага көңүл бурушпайт.

106.

Алардын көбү Аллага ыйман келтиришпейт. Алар (Аллага) шерик кошушат.

107.

Алар Алланын ороп алуучу азабынан же капилет келчү Кыямат Күнүнөн коопсуз бекен?

108.

“Менин жолум ушул – бир гана Аллага чакырамын. Мен жана мени ээрчигендер, ачык далил үстүндөбүз. Алланы аруулаймын. (Ага)шерик кошуучулардан эмесмин” – деп айткын.

109.

Сенден мурун да, шаарлардын калкынын өздөрүнө эскертүү менен кишилерди гана жибердик. Алар эмне, өздөрүнөн мурункулардын (күнөөсүнүн) акыр-аягы кандай бүткөнүн көрүшпөйбү? Албетте, акырет журту – такыбалар үчүн жакшы экенин түшүнбөйсүңөрбү?

110.

Ал тургай пайгамбарлар үмүт үзүп, алар чындыгында эле”жалганчы атыгып кеттик” деп ойлогон кезде, алараг жардамыбыз келип, (Биз) каалагандарыбыз (азаптан) куткарылган. Чындыгында, (Биз жиберген) балээлер каапыр коомдордон кайтарылбайт.

111.

Албетте, пайгамбарлардын баянында акыл ээлери үчүн өрнөктөр бар. Куран – ойдон чыгарылган сөз эмес! Бирок, ал – өзүнөн мурда түшүрүлгөн китептерди тастыктап турат. Ошондуктан, ал (Куран) – ыйман келтирген коом (эл) үчүн ар нерсени ачык-айкын кылуучу Жол жана Ырайым!