11. Худ

1.

Алиф, лам, раа. Бул аяттары бекитилген жана Даанышман, Билүүчү (Алла) тарабынан ачык баян кылынган Китеп.

2.

Алладан башкага сыйынбагыла! Чындыгында, Мен силерге Ал тараптан эскертүүчү жана Кубандыруучумун.

3.

Эгеңерден кечирим тилеп, Ага тообо кылгыла. Ал силерди белгилүү мөөнөткө чейин көркөм түрдөпайдаландырат да, ар бир жакшылык ээсине сыйлык берет. Эгер (Алладан) жүз бурсаңар,чынында, силер үчүн Улуу Күндүн азабынан коркомун.

4.

Кайтуучу жериңер Алла тарап. Ал баардык нерсеге Кудуреттүү.

5.

Эсиңерде болсун: Алар Андан жашынуу үчүн көкүрөктөрүн кумтулап алышат. Билгиле: Алар кийимдерин оронгон кезде да ашкере жана көмүскө жасаган ишетерин жакшы билет. Акыйкатта, Ал – көөдөндөгүлөрдү Билүүчү!

6.

Жер бетиндеги баардык жан-жаныбардын ырыскысы – Алладан келет. Ал алардын туруктуу жана убактылуу ордуларын билет. Баарысы Ачык Китепте (жазылуу).

7.

Ал кимиңер жакшы амалкылышыңарды сыноо үчүн асмандар менен жерди алты күндө жаратты жана Анын Аршы суу үстүндө эле. Аларга :”Силер өлгөндөн кийин тирилесиңер” – деп айтсаң, каапырлар:”Чындыгында, бул – даана сыйкыр” – дешет.

8.

Эгер алардан азапты белгилүү мөөнөткө чейин кечиктирсек, алар:”Эмне үчүн кечигүүдө?” – дешет. Аларга азап келген күнү, тосулбайт. Алардын шылдыңдаган нерсеси, өздөрүнүн баштарына түшөт.

9.

Эгер Биз адам баласына ырайым кылып, аны андан алсак, үмүт үзүүчү, каапырга айланат.

10.

Ага жеткен кыйынчылыктан кийин, жакшылыктарыбызды жиберсек:”Ал жамандыктар менден кетти!” – деп, аша сүйүнүп, мактанат.

11.

Бирок, сабыр кылып, жакшы иштерди жасагандар үчүн кечирим жана улуу сыйлык (бар).

12.

Мүмкүн сен алардын: “Эмнеге ага казына түшүрүлбөйт же аны менен бирге периште келбейт” – деп айткандарына көкүрөгүң кысылып, өзүңө аян кылынган нерсенин кээ бирин балким таштагың келээр? Чындыгында, сен эскертүүчү ганасың. Алла –Колдоочу!

13.

(Алар:) “Аны өзү ойлоп тапты” – деп айтышты. Аларга:”Эгер айтканыңар чын болсо, Алладан башка каалаганыңарга (буддарыңарга) кайрылып, ушул сыяктуу, ойдон чыгарып болсо да ушуга окшош он сүрө түшүрүп көргүлөчү” – деп айт.

14.

Эгер чакырган-кайрылганнерсеңер силерге жооп бербесе, анда, чыны менен эле бул Куран Алланын илиминен түшүрүлгөнүн жана Алладан башка кудай жок экенин билгиле. Моюн сунасыңарбы?” – деп айт.

15.

Ким дүйнө жашоосун жана анын кооздуктарын кааласа, дүйнөдөн алар каалаган нерселеринин баарын ушунтип беребиз: аларбул жерде эч нерседен кем болушпайт.

16.

Бирок, аларга акыретте Тозок отунан башка эч нерсе жок. Дүйнөдө жасаган амалдарынын баары текке кетет. Алардын кылгандары бошко кетүүчү нерселер.

17.

Эгеңдин өзгөчө далили жана ага кошумча күбөсү да болгон мурунку жол көрсөткүч жана ырайым түрүндөгү Мусанын Китебине ээ болгондор – мына ошолор ага ишенгендер. Элдерден ким ага каршы чыкса анда, анын убада кылынган жери – От.Сен да андан күдүктөнбө. Ырасында, ал – Эгеңден (келген) Акыйкат. Бирок адамдардын көбү (ага) ишенишпейт.

18.

Аллагажалган жалаа жапкандан да, заалымыраак ким бар?Мына ошолор Эгеңердин алдына алынып келинет да, күбөлөрү:”Мына ушулар Эгесине жалаа жапкандар!” – дешет. Эсиңерде болсун: Алланын каргышы – заалымдарга эмеспи?!

19.

АларАлланын жолунан тосушат да, кыйшык жолду издешет.Алар акыретке ишенбегендер.

20.

Алар жер жүзүндө Алланы алсырата алышпайт. Анткени алардын Алладан башка жардамчылары жок. Алардын азаптары (улам) көбөйтүлүп турат. Алар көрө да, уга да алышпайт.

21.

Мына ошолор өздөрүнө зыян кылуучулар. Алардын жасалма кудайлары тигилерден жоголуп кеткен.

22.

Алар акыретте зыянга учуроочулар экени шексиз.

23.

Чындыгында, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар, Эгесине моюн сунгандар, мына ошолор – Бейиш ээлери. Алар анда түбөлүк калышат.

24.

Эки топтун мисалы дудук, сокур – көрүүчү, угуучунун мисалындай. Кантип эле ушул экөө тең болсун?! Эсиңерге келбейсиңерби?!

25.

Албетте, Биз Нухту өз коомуна жибердик. (Ал:) “Мен силерге чыныгы эскертүүчүмүн,

26.

Аллага гана сыйынгыла! Чындыгында мен силер үчүн сыздатуучу Күндүн азабынан коркомун” – дегин.

27.

Анын коомунун каапыр башчылары: “Биз сени өзүбүз сыяктуу эле адам катары тааныйбыз. Сени эң кадырсыз жана кор болгон адамдарээрчишкенин көрүп турабыз. Ошондуктан биз силердин эч бир артыкчылыгыңарды да көрбөй турабыз. Биз силерди жалганчы гана деп эсептейбиз” – дешти.

28.

Нух: “Эй, элим!Көрдүңөрбү? Эгебиз тараптан өзгөчө бир далилге ээ болсом жана Ал Өзү мага ырайым берип, ал силерге көрүнбөсө да силер Аны жок деп ойлосоңор, биз силерге (динди) зордоп кабыл алдыра алмак белек?

29.

Эй, элим! Мен силерден мал-мүлк сурабаймын. Сыйлыгым биргана – Алладан. Мен ыйман келтиргендерди кубалоочулардан эмесмин. Анткени, алар– Эгелерине (акыретте) жолугуучулар. Бирок, мен силердин наадандар экениңердикөрүп турам”

30.

Эй, элим! Эгерде мен аларды кубаласам, анда мени Алладан ким коргоп кала алат, Эсиңерди жыйбайсыңарбы?!

31.

Мен силерге: “Жанымда Алланын казыналары бар деп айтпаймын жана көмүскө-кайып (маалыматтарды) да билбеймин.Мен периште да эмесмин. Ошондуктан, силер көзүңөргө илбегендерге:”Алласилерге жакшылык жибербейт” – деп да айтпаймын. Алла – алардын дилиндегилердин баарын жакшыраак билет.Андай кылсам, анда мен заалымдардан болуп калам” (–деди).

32.

Алар: “Эй, Нух! Сен биз менен жаңжалдашып, көпкө талашып-тартыштың. Эгер сөзүң чын болсо, өзүң бизди коркутуп жаткан нерсеңди бизге жиберчи!” – дешти.

33.

(Нух:) “Аны кааласа, бир гана Алла жиберет. Силердин ага чамаңар да келбей калат.

34.

Эгер Алла силерди адаштырууну кааласа, мен силерге насыят айтсам да, ал силерге пайда бербейт. Ал (Алла) – силердин Эгеңер. Ага кайтып барасыңар”– деди.

35.

же алар: “Куранды өзү эле жазып койгон” – дешеби?! Аларга:”Эгер аны мен жазган болсом, анын күнөөсү мага тийет. Андыктан, мен силер иштеген күнөөлөрүңөрдөн оолакмын” – деп айткын.

36.

Ошентип, Нухка: “Элиңден ыйман келтиргендерден башкалары, (эч качан) ишенишпейт. Эми алардын жасаган иштерине кейибе” ¬– деген аян түшүрдүк.

37.

(Биздин) көз алдыбызда, аяныбыз менен кеме жаса. Зулум кылгандар (каапырлар) үчүн Мага кайрылба! Эми алар (Топон сууга) чөктүрүлөт.

38.

Кемени жасап жатканда элинин бийлери жанынан өткөн сайын аны келекелеп жатышты. (Нух) аларга:” Эгер силер бизди шылдыңдасаңар, биз да силерди өзүңөр шылдыңдагандай кылып шылдыңдайбыз” – деди.

39.

Кордуктуу азап кимге келээрин жана туруктуу жабыр кимдин башына түшөөрүн тез арада билесиңер.

40.

Биздин буйругубуз менен тандырдан суу оргуштап чыкканда (Нухка:)”Ар бир жаныбардан бирден жуп кылып, ыйман келтиргендерди жанаөз үй бүлөңдүн өкүм чыккандарынан башкаларын алып кемеге чык” – дедик. Чындыгында, аны менен ыйман келтиргендер абдан аз (болчу).

41.

(Нух:) “Кемеге олтургула! Анын жүрүшү да, токтошу да Алланын ысмы менен! Чындыгында, Эгем – Кечиримдүү, Ырайымдуу!” – деди.

42.

Ал кеме аларды тоолордон болгон толкунда алып жүрдү. Нух айрылаарда уулуна:”Эй, уулум! Биз менен бирге кемеге олтур. Каапырлардан болбо!” – деп чакырды.

43.

Уулу: “Мени суудан сактай турган тоого чыгамын!” – деди. Анда атасы:”Алла ырайым кылгандардан башкаларга бүгүн Алланын буйругунан сактап калар эч нерсе жок!” – деди. Ошондо экөөсүнүн ортосун толкункаптап, ал чөктүрүлүүчүлөрдөн болду.

44.

“Эй, Жер! Сууңду тарт! Асман сен да токто!” – деп айтылды да, суу тартылып, иш орундалды. Ал эми кеме Жудий тоосуна токтоду.”Заалымдар жок болсун!” – деп айтылды.

45.

Нух Эгесине кайрылып: “О Эгем! Чындыгында уулум менин үй бүлөмдөн эле го. Шексиз, Сенин убадаң сөзсүз аткарылат. Сен өкүмдарлардын Өкүмдарысың!” – деди.

46.

(Алла:) “Эй, Нух, ал сенин үй бүлөңдөн эмес. Анткени анын жасаган иши дурус эмес. Ошондуктан билбеген нерсеңди Менден сураба. Наадандардан болбошуңду насыят кыламын.

47.

(Нух:) “О Эгем, чындыгында билбегенимди Сенден суроодо Өзүң менен сактанам. Эгер мени кечирип, ырайым кылбасаң, зыянга учуроочулардан болом” – деди.

48.

“Эй, Нух! Сага сени менен бирге болгон топторго, Бизден тынчтык жана береке менен кемеден түш. Кайсыл-бир коомдудүйнө (жыйноо) менен алек кылып, анан аларды Биз тараптан сыздатуучу азап ороп алат” – деп айтылат.

49.

Мына ушуларкайып баяндардан. Аны сага жашыруун кабар кылдык.Мындан мурда аны сен да, коомуң да билген эмес эле. Андыктан сабыр кыл. Чындыгында, ийгилик – такыбалардыкы.

50.

Аад коомуна тууганы Худду жибердик. Ал: “Эй, элим! Аллага гана сыйынгыла! Силердин Андан башка Кудайыңар жок. Чындыгында, силер – абдан жалганычы элсиңер.

51.

Эй, элим! Мен силерден акы сурабаймын. Менин эмгегим – Жартканга гана таандык. Акыл жүгүртпөйсүңөрбү?

52.

Эй, элим! Эгеңерден кечирим тилеп, Ага тообо кылгыла. Силерге асмандан жамгыр жаадырып, күчүңөргө-күч кошот. Андыктан күнөөкөр болуп, (ыймандан) баш тартпагыла” – деп айтты.

53.

Алар: “Эй, Худ! Сен бизге (жетээрлик) далил келтире алганың жок. Биз сенин сөзүң менен кудайларыбызды таштабайбыз жана сага ишенбейбиз” – дешти.

54.

Алар: “Сага кээ бир кудайларыбыздын жамандыгы жетиптир деп айтабыз” – дешти. Худ:”Чындыгында мен Алланы күбө кыламын. Мен силердин Аллага кошкон шериктериңерди четке кагарыма силер да күбө болгула.

55.

Андан башка (кудай жок). Баарыңар Мага болгон айла-амалыңарды кыла бергиле. Андан соң, мөөнөт бербегиле.

56.

Чындыгында, мен,менин да силердин да Эгеңер болгон Аллага тобокел кылдым.Кандай гана жан болбосун, Алла – анын дал көкүлүнөн кармайт. Чындыгында Эгем – Туура Жол үстүндө.

57.

Эгер (ыймандан) жүз үйрүсөңөр да, мен өзүм аркылуу (жиберилген) насыяттарды силерге жеткирдим. Эгем ордуңарга башка коомду алмаштырса, силер ага эч бир зыян кыла албайсыңар. Чындыгында, Эгем – баардык нерсени Сактоочу!

58.

Буйругубуз келген кезде Худдужана аны менен ыйман келтиргендерди ырайымыбыз менен куткардык. Аларды оор азаптан куткардык.

59.

Ошол Аад эли Эгеңдин аяттарына каршы чыгып, Анын элчилерине моюн сунбай, зөөкүр текеберлердин буйруктарына баш ийишти.

60.

Бул дүйнөдө да, Кыямат Күнүндө да аларды каргыш коштоп жүрөт. Эсиңерде болсун: Аад эли Эгеңерге кары чыкты. Эсиңерде болсун: Худдун коому Аад ырайымдан алыс калды!

61.

Самуд элине туугандары Салихти (пайгамбар) кылып жибердик. (АЛ:)”Эй, элим!Аллага гана сыйынгыла. Силердин Андан башка эч бир Кудайыңар жок. Ал силерди жерден жаратып, анда өмүр сүргүздү. Эми Андан кечирим сурагыла. Ага тооба кылгыла. Чындыгында, Эгем (бизге) жакын. Ал тилектерди кабыл кылуучу” – деди.

62.

Алар: “Эй Салих! Сен мындан мурда биздин арабызда үмүт кылдырган адам элең. Эми ата-бабаларыбыз сыйынган нерсеге бизди сыйынуудан тыясыңбы? Ырасында, сенин бизди чакырган нерсеңе күмөн менен карайбыз жана такыр ишенбейбиз” – дешти.

63.

(Салих:) “Эй, калкым! айткылачы, эгер мен Эгем тараптан ачык далилдүү болсом, Ал Өзү тараптан мага ырайым кылган болсо, анан мен Ага карыш чыксам, анда мени Алладан ким коргоп кала алат? Андай болгондо силер мага адашуудан башка эч нерсе алып келе албайсыңар” – деди.

64.

“Эй, коомум! Мына бул Алланын ингени – силерге керемет. Ошондуктан ага тийишпегиле, Алланын жеринде (кенен-кесир) оттоп жүрсүн. Ага жамандык кылбагыла. Эгер жамандык кылсаңар, анда заматта азапка кабыласыңар”– деди.

65.

Бирок алар анын тамырын кесип өлтүрүп салышты. (Ошондо Салих:)”журтуңарда үч күнжашап тургула. Бул – жалганга чыкпай турган убада!” – деди.

66.

Ал буйругубуз келген кезде Биздин ырайымыбыздан Салих жана аны менен бирге ыйман келтиргендердиошол күндүн оор кордугунан куткарып калдык. Шексиз, Эгең – Күчтүү, Ызаттуу!

67.

Заалымдык кылгандарды добуш алып, өз журттарында үстөмөн түшкөн боюнча тыйпыл болушту.

68.

Ал жер эч качан эч ким жашабагандай тып-тыйпыл кылынды. Эсиңерде болсун: Чындыгында Самуд эли Эгесине каршы чыкты. Билип койгула:”Самуд элине ырайым кылынбайт!

69.

Чындыгында, элчилерибиз Ибрахимге жагымдуу кош кабар менен салам беришти. Ибрахим аларга:”Салам” деди да, дароо музоонун куурулган этин (дасторконго) алып келди.

70.

(Ибрахим:) алардын колдору этке эч бир тийбегенин көрүп,чоочуркап, шексинди. Алар:”Коркпо!” Чындыгында, биз Лут коомуна жиберилдик” – деди.

71.

Ибрахимдин жанында турган аялы күлүп жиберди. Ошондо аны Исхак, Исхактан кийин Якубду сүйүнчүлөдүк.

72.

(Ибрахимдин жубайы): “Оой, мен – кемпир, күйөөм – чал болсо, анан кайдан төрөмөк элем. Албетте, бул – таң калыштуу нерсе” – деди.

73.

(Периштелер ага): “Сен Алланын амирине таң каласыңбы? Алланын ырайымы менен берешендиги силерге болсун! Чындыгында, Алла – мактоого татыктуу, өтө Улуу!

74.

Ибрахимден коркуу (сезими) кетип, ага кубаныч (сезими) келген кезде Бизменен Лут эли тууралуу талашып-тартыша баштады.

75.

Чындыгында, Ибрахим жумшак мүнөздүү, камкор сыпаа (адам эле).

76.

(Периштелер:) ” Эй, Ибрахим! Мындан баш тарт, Анткени Эгеңдин буйругу келген. Шексиз, аларга кайтарылбай турган апаат келет” (–деди).

77.

Элчилерибиз (жаш жигиттердин кейпинде) Луткакелген кезде ал тынчсыздана жана кайгыра баштады да:”Чындыгында, бул оор күн” – деди.

78.

(Луттун) коому ага чуркап келишти. Чындыгында алар мурдатан эле ыплас иштер менен алек болушчу. (Лут аларга:)”Эй, калкым! Мына, кыздарым, алар силер үчүн тазараак. Алладан корккула. Конокторумдун алдында мени шерменде кылбагыла. Араңарда туура ой жүгүрткөн бир да адам калган эмеспи?” – деди.

79.

Алар айтышты: “Сен билесиң, сенин кыздарыңда биздин жумушубуз жок. Ырасында, сен биздин эмнени каалаганыбызды жакшы билесиң” – деди.

80.

(Лут:) “Аттиң, менин силерге өтө турган бийлигим же таянычым болгондо кана?” – деди.

81.

(Периштелер:) “Эй, Лут! Чындыгында биз Эгеңдин элчилерибиз. Алар сага эч качан тийише алышпайт. Түндүн бир бөлүгүндө дароо үй бүлөң менен жолго чык. Жубайыңдан башка эч кимиси артта калбасын. Анткени келе турган апаат ага да жетет. Алардын убадасы таң. Таң жакынэмеспи?” – деди.

82.

Аларга апаат убактысы келген кезде ал жердин үстүн астына келтирдик да, бышырылган таштарды тынымсыз жаадырдык.

83.

Бул – Эгеңдин жазган буйругу эле. Мындай апаат – заалымдардан узак эмес.

84.

Мадиянга тууганы Шуайбды (пайгамбыр кылып) жибердик. (Ал:)”Эй, элим! “Эй, элим!Аллага гана сыйынгыла. Силердин Андан башка эч бир Кудайыңар жок. Өлчөмдү жанасалмакты (таразадан) кемитпегиле. Чындыгында, мен силерди жакшылыкта көрүптурам. Бирок, мен силер үчүн Кыямат Күнүнүн ороп алуучу оор азабынан корком.

85.

“Эй, элим! Өлчөөнү, (таразада) тартууну толук аткаргыла, адамдардын нерселерин кемитпегиле!Жер жүзүндө бузукулук кылбагыла.

86.

Эгер момун болсоңор, анда чындыгында силер үчүн Алланын калтырган (адал) нерсеси жакшыраак. Мен силердин үстүңөрдөн кароолчу эмесмин.

87.

Алар: “Эй, Шуайб! Биздин ата-бабаларыбыз сыйынган нерсениташтоону же өз мал-мүлкүбүздү кантип иштетүүнү сага эмне намазың буюруп жатабы?Чындыгында, сен өтө жумшак, туура жолдо болуучусуң”, – дешти.

88.

(Шуайб:) “Эй, калкым!Айткылачы: Эгер мен Эгем тарабынан ачык далилдер үстүндө болсом, анан (Алла) Өз алдынан жакшы ырыскыларды жиберип жатса, мен силерге каршы чыгып, силерди тыйып жаткан нерсени өзүм жасоону каалабаймын. Мен чамамдын жетишинче түзөлтүүнү гана каалаймын. Менин ийгилигим – Аллага гана таандык. Ага тобокел кылдым жана Ага гана моюн сунамын.

89.

Эй, элим!Мага каршы чыгышыңар – силерге Нухтун элине, Худдун элине же Салихтин элине келгендей оор кыйынчылыктын келишине себеп болосун. Ошондой эле, Лут эли да силерден алыс эмес.

90.

Эгеңерден кечирим сурагыла. Ага тооба кылгыла. Чындыгында, менин Эгем абдан Мээримдүү, өзгөчө Сүйүүчү!” – деп айтты.

91.

Алар: “Эй, Шуайб! Биз айткандарыңдын көбүн түшүнбөйбүз. Анын үстүнө биз сени өзүбүздөн төмөн деп эсептейбиз.Эгер сенин туугандарың болбогондо ташбараңга алып өлтүрмөкбүз. Анткени сен биз үчүн кадырлуу эмесиң!” – деди.

92.

(Шуайб:) “Эй, элим! Силерге Алладан да туугандарым кадырлуубу? Алланы артыңарга таштап жатасыңар. Күмөнсүз: Эгем силер эмне кылып жатканыңарды билип, ороп алуучу!

93.

Эй, калкым! Колуңардан келгенин жасагыла, мен да (колумдан келгенин ) жасаймын. Жакында кордук алып келүүчү азаптын кимге келе турганын жана кимдин жалганчы экенин билесиңер. Эми күткүлө, мен да силер менен чогуу күтөм” – деди.

94.

Буйругубуз келген кезде Шуайбды жана аны менен бирге ыйман келтиргендердиырайымыбыз менен куткардык да, заалымдык кылгандарды өтө катуу чыккан үн менен алдык, алар үстөмөн түшкөн боюнча өз журттарында жок болушту.

95.

Ала жерде эч качан алар жашабагадай (тып-тыйпыл кылдык). Эсиңерде болсун: Самуд эли ырайымдан оолак калгандай эле, Мадиян эли даырайымдан четте калды.

96.

Акыйкатта, Мусаны аяттарыбыз жана даана далилдер менен (пайгамбыр кылып) жөнөттүк.

97.

Фараонго жанаанын жанжөкөрлөрүнө жиберсек да, аларФараондун буйругуна баш ийишти. Фараондун буйругу туура эмес болчу.

98.

Фараон Кыямат күнү өз элинин алдына түшүп, (баштап барып) аларды тозокко түшүрөт.Ал – түшө тургандардын (ичинен) эң жаман жер!

99.

Бул дүйнөдө да, Кыямат Күнүндө да каргыш аларды коштоп жүрөт.Ал – кандай жаман”белек”!

100.

Ушул (кыйратылган) шаарлардын кабары. Сага аны (Биз) баян кылуудабыз. Алардын айрымдары али тирүү, айрымдары жер бетинен жок болгон.

101.

Биз аларга зулумдук кылбадык. Алар өздөрүнө зулумдук кылышты. Эгеңдин буйругу келген кезде, алардын Алладан башкага жалбаргандары өздөрүнө эч бир пайда алып келген жок. Зыяндарын гана арттыргандан башка кымындай да ишке жараган жок.

102.

Эгең аларды алганда, шаарлардын заалым калктарын ушунтип алат. Күмөнсүз: Анын соккусу жан чыдагыс жана катуу.

103.

Акыйкатта, бул айтылган баяндарда акырет азабынан корккон адамдар үчүн насыяттар бар.Кыямат – баардык адамдар жыйнала турган жана күбө боло турган күн.

104.

Ал эми Кыямат Күнүн белгилүү бир убкытка чейин гана кечиктиребиз.

105.

Ал Күн келгенде, Алланын уруксатысыз эч ким сүйлөбөйт. Алардын (адамдардын) шордуусу да, бактылуусу да бар.

106.

Шордуулар Тозокто какшап ыйлашат, онтошот,озондошот.

107.

Алар Тозокто асмандар менен жер канча турса ошончо жылдап калышат. Бирок, Эгең каласа… анда – башка. Чындыгында, Эгең Өзү каалагандай жасайт.

108.

Ал эми бактылуу болгондор, Бейиште болушат. Алар бейиште асмандар менен жер канча турса ошончо (миллион) жыл жашап калышат. Бирок, Эгең каласа… анда – башка. Бул – эч качан түгөнбөгөн сыйлык.

109.

Анда алардын алардын сыйынгандары тууралуу күдүктөнбө. Алар ата-бабалары сыяктуу эле (өздөрү билип-билбей) мурдатан сыйынып келгендерге сыйынышат.Албетте, Биз алардын шыбагаларын кемитпестен беребиз.

110.

Ырасында, Мусага Китеп бердик. Ошондо да ал (Тоорат) тууралуу да кайчылаш пикирлер болгон. Эгер Эгеңден Сөз берилбеген болсо, анда аларга өкүм жиберилмек. Албетте, алар Курандан шектенишүүдө.

111.

Ант болсун! Албетте, Эгең алардын баардыгынын жасагандарынын акысын толук кылып берет.Чындыгында, Ал – алардын кылып жаткан иштеринен Кабардар!

112.

Сен жана сени менен бирге тообо кылган адамдар да силерге (Алладан) буюрулгандай Туура Жолдо болгула! Чектен ашпагыла. Чындыгында, Ал – жасап жаткан ишиңерди толук Көрүүчү!

113.

Ошондуктан зулумдук кылгандарга ыктабагыла. Андай кылсаңар анда, Тозок оту силерге да жетет. Силер үчүн Алладан башка дос жок. Кийин силерге жардам да болбойт!

114.

Күндүздүн эки тарабында жана түндүн таңга ыктаган бөлүгүндө намаздарды толук аткаргыла. Чынында жакшылыктар – жамандыктарды кетирет. Бул – түшүнгөндөр үчүн эскертүү.

115.

Сабырдуу бол.Чындыгында, Алла жакшы иш-амалдарды жасагандардын мээнетин текке кетирбейт.

116.

Силерден мурдакы кылымдардагы акыл ээлери жер жүзүндөгү бузукулуктан тыйылышкан болсо… Бирок алардын азын гана куткардык. Заалымдар өздөрүнүн жеке турмушунун жыргалчылыктарынын артынан сая кууп түшүп алышты да, күнөөгө батышты.

117.

Эгең калкы түз жүргөн шаарлардын элин орунсуз жерден кыйратпайт.

118.

Эгер Эгең кааласа, адамдарды бир коом кылып койоор эле. Бирок (эми) алар түбөлүк карама-каршылыкта болушат.

119.

Бирок, Эгең мээримин төккөндөр гана (Исламга кирет). Аларды ошол үчүн жаратты. Ошол үчүн Эгеңдин:”Албетте, Тозокту бүткүл жиндер жана адамдар менен толтурамын” – дегени шексиз орундалат.

120.

Сага пайгамбарлар баянын дилиңди кубаттандыруу үчүн айтып бердик.Мында сага акыйкат жана момундар үчүн насыйкат, эскертүү келди.

121.

Ошентип ыйман келтирбей турган адамдарга: “Силер билгениңерди кыла бергиле! Биз да өз ишибизди кыла беребиз” – дегин.

122.

Ошондой эле, күтө бегиле. Биз да күтүүчүбүз.

123.

Асмандар жана жер Аллага гана таандык. Баардык иштер Ага кайтарылат. Ага сыйынгыла жана Ага гана тобокел кылгыла. Эгеңер – силер жасап жаткан иштерден кабарсыз эмес!