111. Аль-Масад

1.

Абу Лахабдын эки колу куурап калсын! Ал куурады.

2.

Ага анын байлыгы да, кесиби да эч жардам кыла алган жок.

3.

Ал алоологон отто азапталат.

4.

Отун көтөргөн аялы да (отко түшөт).

5.

Анын мойнунда эшилген жиби (бар).