110. Ан-Наср

1.

(Эй Мухаммад) Качан Аллахтан жардам жана жеңиш келген кезде,

2.

жана да Аллахтын динине топ-тобу менен кирип жаткан элдерди көргөнүңдө,

3.

Ошондо мактоо менен Эгеңди даңктагын жана Андан кечирим сура. Албетте Ал тооболорду кабыл кылуучу!