10. Юнус

1.

Алиф, лам, раа. Мына булар даанышман Китептин аяттары.

2.

Адамдарды эскертүү үчүн жана ыймандууларга кылган жакшылыктары үчүн Эгесинин алдында чоң кадырга ээ боло тургандыгын сүйүнчүлөө үчүн өздөрүнүн араларынан бир кишиге Биздин кабар жибергенибизге да таң калышабы? Каапырлар:”Ал анык сыйкырчы” – дешет.

3.

Акыйкатта, силердин Эгеңер Алла асмандарды жана Жерди алты күндө жараткан, андан соң Аршка ээлик кылып, келечек ишке өкүм чыгарат. Андан уруксатсыз эч ким коргоочу боло албайт. Мына ушул – Алла, – силердин Эгеңер. Ага (гана) сыйынгыла. Эсиңерге келбейсиңерби?

4.

Ага баарыңар чогуу кайтасыңар. Бул Алланын убадасы – акыйкат. Акыйкатта, Ал баарын баштап жараткан. Анан ыйман келтирип, жакшылык кылгандарды адилеттүүлүк менен сыйлоо үчүн аны кайта тирилтет. А каапырлар үчүн кайнаган суусундук жана орутуучу азап бар, (бул) каапыр болгондуктары себептүү.

5.

Ал Күндү жарык, ал эми Айды нур кылды. Силер жылдарды жана убакытты билүүңөр үчүн алардын орундарын белгиледи. Алла буларды чындык менен жаратты. Ал түшүнгөн адамдарга Өзүнүн аяттарын баяндайт.

6.

Акыйкатта, түн менен күндүн алмашуусунда, Алла асмандарда жана жерде жараткандарда такыба адамдар үчүн белгилер бар.

7.

Акыйкатта, Биз менен кездешүүнү күтпөгөндөр, бул дүйнө жашоосуна маашырлана көңүлдөрү жай тапкандар – Биздин аяттарыбыздан бейкапар болгондор.

8.

Алар өздөрүнө даярдагандары үчүн – орундары тозок.

9.

Акыйкатта, ыйман келтирип, жакшылык кылгандарды ыймандары себептүү алдынан дарыялар аккан, ырахаттуу Бейиш жолуна салат.

10.

Алардын андагы сыйынуулары: “О, жараткан Алла, биз Сени Аруулайбыз!”; учурашуулары:”Салам! – Тынчтык” болот, “Ааламдардын Эгеси Аллага мактоо!” – деп чакырыктарын аякташат.

11.

Эгерде адамдар жакшылыктын келишин каалаган өңдүү, жамандыктын келишин да Алла тездетсе, анда алардын жашоосу бүткөн болор эле. Бирок, Биз менен кездешүүнү күтпөгөндөрдү өздөрүнүн адашуусунда экилентип таштап коебуз.

12.

Качан инсанга кайгы жеткен кезде, ал жатып да, олтуруп да, туруп да Бизге жалына баштайт. Биз аны кайгыдан куткарганыбызда, ал Бизден жамандыктан куткарууну сурабаган өңдүү мурунку жолу менен кете берет. Ушундай болуп чектен ашкандардын иштери өздөрүнө көркөмдүү сезилет.

13.

Биз силерге чейинки заалимдик кылган көптөгөн элдерди жок кылганбыз. Алардын пайгамбарларыдалилдер менен келишкенде да, алар ишенбеген боюнча кала беришкен. Күнөөкөр коомдун жазасын Биз ушинтип беребиз.

14.

Силер кандай кыларыңарды байкап көрүү үчүн Биз силерди Жер үстүндө алардын орун басарлары кылдык.

15.

Качан аларга Биздин айкын аяттарыбыз окулганда, Биз менен кездешүүнү үмүт этпегендер мындай дешет:”Бизге Курандын ордуна башка китепти алып кел же аны өзгөрт.” Аларга:”Аны мага өзгөртүүгө болбойт. Мен болгону мага кабар кылынган нерсени гана ээрчиймин. Мен эгер Эгемдин буйругун аткарбасам, Улуу күндүн азабынан коркомун” – дегин.

16.

Эгер Алла каалаган болсо, анда мен муну силерге окубас элем жана ал жөнүндө силерге үйрөтпөс элем. Чынында, мен буга чейин силер менен бүтүндөй бир жашоону өткөздүм. Эмнеликтен акылыңарга келбейсиңерби?” – деп айт.

17.

Аллага жалаа жапкандардан же Анын аяттарын жалганга чыгаргандан да ашкан заалим барбы? Албетте, күнөөкөрлөр ийгиликке жете албайт.

18.

Алар Алланын ордуна өздөрүнө зыян да, пайда да келтире албагандарга сыйынышат да: Мына биздин Алланын алдындагы коргоочуларыбыз” – дешет.(Аларга:)”Асмандарда жана жерде Ага белгилүү болбогон нерсени Аллага кабар берип жатасыңарбы?” – де. Ага мактоолор болсун! Ал силер кошкон шериктериңерден Таза жана Улуу.

19.

Мурун адамдар бир эл эле, анан алар бөлүнүштү. Эгер Эгең тараптан сөз өтпөгөндө, алардын ортосундагы талашып-тартышып жаткандары тууралуу иш чечилип калмак болуучу.

20.

Алар: “Анын Эгесинен ага бир керемет түшүрүлдүбү?” – дешет. Аларга:”Акыйкатта, көмүскөлөр Аллага таандык. Күтө тургула, мен дагы силер менен бирге күтүүчүлөрдөнмүн” – де.

21.

Инсандын башынан жамандык өткөндөн кийин, Биз Өз мээримдүүлүгүбүздү таттырган кезде, Биздин аяттарыбызга каршы айла-амалдарды ойлой баштайт. (Аларга:)”Алла айла-амалдарды табууда абдан тез” – дегин. Албетте, Биздин элчилерибиз силердин айла-амалдарыңарды жазып турат.

22.

Ал силерди кургакта жана деңизде жүргүзөт. Силер кемеде болгонуңарда кеме аларды сыдырым соккон жел менен алып барат, алар бирге сүзүп кубанышат. Качан аларга катуу шамал жетип, килейген толкундар ар тараптан ургулай баштаганда, алар өздөрүн өлүмгө дуушар болчудай сезишип, чын ишеним менен Аллага жалбара башташат:”Эгер Сен бизди куткарсаң, биз шүгүр кылуучулардан болобуз!” (– дешет).

23.

Ал аларды куткарган кезде, алар жер үстүндө адилетсиз иштерди кылат. Эй инсандар! Силердин кылган жаман ишиңер (ээн-баштыгыңар) өзүңөр үчүн гана. Ал (ишиңер) болгону бул дүйнө менен ырахаттануу. Андан соң силердин кайтып келээриңер Бизге (гана). Жана ошентип Биз силерге эмне кылганыңардан кабар беребиз.

24.

Чынында, дүйнө тиричилиги Биз асмандан жаадырган жаан сыяктуу. Аны менен Жер үстүндө көптөгөн өсүмдүктөр аралашып өсөт да, аларды адамдар жана малдар жейт. Качан жер жүзү кулпуруп, кооз болуп турган кездерде, анын жашоочулары муну биз пайдаланабыз деп ойлошот. Ошондо, түнкүсүнбү же күндүзүбү, аларга Биздин өкүм-буйругубуз жетет. Анан Биз аларды алар кечээ өсүп-гүлдөп турбаган өңдүү, бастырылган эгин талаасындай кылып салабыз. Биз аяттарыбызды акыл жүгүрткөндөргө мына ушинтип түшүндүрөбүз.

25.

Алла тынчтык жайына чакырат жана каалагандарын туура жолго багыттайт.

26.

Жакшылык иш кылгандарга жакшылык жана андан артыгы да бар. Алардын жүздөрүн каралык да, кайгы да каптабайт. Ошолор Бейиш ээлери, алар анда түбөлүккө калышат.

27.

Жамандык кылгандарга жамандыгына ылайык жаза берилет, алардын жүзүн кайгы каптайт. Алланын алдында аларга коргоочу да болбойт. Алардын жүздөрүн түн караңгылыгындай каралык каптайт. Ошолор тозок ээлери, алар анда түбөлүккө калышат.

28.

Ошол Күнү Биз алардын баарын жыябыз. Ошондо, Аллага шерик кошуп жүргөндөргө:”Силер жана силер шерик кылып жүргөндөр ордуңарга (тургула)” – дейбиз. Ошентип Биз аларды ажыратабыз. А Аллага шерик кылынып жүргөндөр:”Силер бизге табынган эмессиңер,

29.

биздин ортобузда Алла жетиштүү күбө. Силердин бизге табынып жүргөнүңөр тууралуу биз билген эмеспиз” – дешет.

30.

Анда ар бир жан бул дүйнөдө өзүнүн кылгандарынан түйшөлөт, жана чыныгы ээси болгон Аллага кайтарылышат. Ал эми алар ойлоп тапкандар аларды таштап кетет.

31.

“Силерге асмандан жана жерден ырыскыны ким берет? Угууңарды жана көрүүңөрдү ким башкарат? Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгарат? Ким баарын башкарат?” – де. Ошондо алар:”Алла” – дешет. “Анда эмне үчүн Андан коркпойсуңар” – де.

32.

Бул Алла – силердин чыныгы укуктуу Эгеңер. Акыйкаттан соң бир гана адашуудан бөлөк эмне болмок эле? Эмне үчүн баш тартасыңар?

33.

Ушинтип, бузукулук кылгандарга Эгеңдин: “Алар ыйман келтиришпейт” деген сөзү чындыкка чыгат.

34.

“Силердин шерик кылып жүргөндөрүңөрдүн арасында алгачкы ирет жаратып, анан аны кайра кайтара тургандар да барбы?” – дегин.”Алла алгачкы жаратууну ишке ашырат, анан аны кайра кайтарат. Кандайча баш тартасыңар?” – деп айт.

35.

“Аллага шерик кошкондоруңардын арасында акыйкатка багыттай тургандары барбы?” – деп айт.”Алла гана акыйкатка багыттайт. Өзү жол таппаган жана башкаларды да жетектей албагандарга караганда акыйкатка алып бара тургандын артынан ээрчүүгө татыктуу эмеспи? Силерге эмне болду? Кандай өкүм кылып жатасыңар?” – дегин.

36.

Алардын көпчүлүгү жоромолдорду гана ээрчийт. Албетте, жоромолдор акыйкаттын алдында эч нерсеге арзыбайт. Акыйкатта, Алла алардын кылгандарын Билүүчү.

37.

Бул Куран Алладан башканын оюнан чыгарылган эмес. Ал (Куран) мурункуларды тастыктоо жана Китепти түшүндүрүү үчүн жөнөтүлгөн.Анда шек жок, (ал) ааламдардын Эгесинен келтирилген.

38.

Алар: “Ал аны ойлоп тапкан” – дешеби? “Ага окшогон бир сүрө келтиргиле жана эгер чын болсоңор Алладан башка жактырган бирөөнү чакыргыла” – деп айт.

39.

Жок алар өздөрүнүн билими жетпегендиктен жана маңызын түшүнбөгөндүктөнжалганга чыгарышууда. Аларга чейинкилер да ушинтип жалганга чыгарышкан. Адашкандардын акыры кандай болуп бүткөнүн карап көрчү?!

40.

Алардын ичинде ишенгендери да, (ага) ишенбегендери да бар. Эгең бузукуларды жакшы билет.

41.

Сени жалганга чыгарышса: “Менин кылгандарым өзүмө, силердин кылганыңар өзүңөргө. Силер мен кылгандан оолаксыңар, мен да силер кылгандардан оолакмын” – де.

42.

Алардын арасында сени угуп тургандар да бар.Бирок, алар акыл калчабаса, дүлөйлөргө угуза аласыңбы?

43.

Алардын арасында сени карап тургандар да бар. Бирок сокурлар көрө албаса, сен аларга жол көрсөтө аласыңбы?

44.

Акыйкатта, Алла адамдарга эч заалимдик кылбайт. А адамдар өздөрүнө өздөрү заалимдик кылышат.

45.

Ал баарын жыйнаган Күнү алар жер үстүндө бир күндүн ичинде бир эле саат болгондой сезишет. Бирин бири таанышат. Алла менен кездешүүнү жалганга чыгаргандар жана туура жолдо жүрбөгөндөр зыянга учурашат.

46.

Биз сага коркутуп жаткандарыбыздын бир бөлүгүн көрсөтөбүз же сени ага чейин жайгарабыз. Баары бир алардын кайтып келүүсү бизге (гана). Андан соң Алла алардын кылгандарынын баарына күбө болот.

47.

Ар бир элге өзүнөн элчи бар. Аларга өздөрүнүн пайгамбарлары келген күнү алардын араларында талаш болгондор адилеттүү түрдө чечилет жана алар таарынышпайт.

48.

Алар: “Эгер сен чын болсоң, анда бул убадалар качан аткарылат?” – деп сурашат.

49.

“Эгер Алла каалабаса, мен өзүмө жакшылык да, жамандык да кыла албайм. Ар бир эл үчүн өз мөөнөтү бар. Ал келген кезде алар аны бир саат жайлата да, узарта да алышпайт” – де.

50.

“Айткылачы! Эгерде Анын азабы силерге түндө же күндүз келсе, анда анын келишин тездетүүнү бузукулар эмне үчүн каалап жатышат?” – де.

51.

Ал силерге келген күнү ишенесиңерби? Азыр (көрүп), ишендиңер. Чынында, силер аны тездетүүнү каалаган элеңер.

52.

Андан соң заалымдарга: “Түбөлүк азапты таткыла! Өзүңөр кылганыңарга гана жараша жаза берилдиби?” – делинет.

53.

Жана алар сенден: “Ушулар чындыкпы?” – деп сурашат. Эгемдин аты менен ант ичем, ооба бул акыйкат. Силер анын алдындаалсызсыңар” – де.

54.

Заалимдик кылган ар бир жан жер жүзүндөгү бардык нерселер аныкы болсо да төлөп, кутулгусу келет эле. Алар жазаны көргөндө катуу өкүнүшөт. Алардын араларында адилеттүүлүк менен өкүм жүргүзүлөт. Аларга зулум кылынбайт.

55.

Ооба! Асмандардагы жана жердегилердин баары Аллага таандык. Ооба! Албетте, Алланын убадалары чындык. Бирок, арардын көпчүлүгү муну түшүнбөйт.

56.

Ал жашоо берет жана өлтүрөт жана силер Ага кайтасыңар.

57.

Эй адамдар! Силерге Эгеңерден үгүт-насаат, жүрөктөрдөгүнү айыктыруучу, ыймандуулар үчүн туура жол жана мээрим келди.

58.

“Алар Анын жакшылыгы, ырайымы, мына ушуга кубанышсын. Анткени, бул алар өздөрүнө чогулткандан жакшы” – деп айт.

59.

“Айткылачы: Алла силерге марттык менен ырыскы бөлүштүргөнүн көрбөйсүңөрбү? Эмнеликтен силер анын бирин арам деп, башкасын адал кылдыңар?” – де.”Алла буга уруксат бердиби же силер Аллага жалаа жаап жатасыңарбы” – дегин.

60.

Аллага жалган жалаа жапкандар Кыямат күнү тууралуу эмне ойлошот? Акыйкатта, Алла адамдарга мээримдүү. Бирок, алардын көбү Ага шүгүр кылышпайт.

61.

Сен кандай абалда болсоң да, Курандан эмнени окусаң да, силер эмнени кылсаңар да, Биз күбө болуп турабыз. Себеби, силер ага чумкуп киресиңерби? Силердин Эгеңерден жер үстүндө да, асмандарда да кыпындын салмагындай эле, же андан азыраак, же андан көбүрөөк болсо дагы эч нерсе жашыруун эмес. Мунун баары ачык Китепте жазылган.

62.

Ооба! Албетте Аллага жакын болгондор чоочулашпайт жана кайгырышпайт.

63.

Ыймандуулар жана такыба болгондор,

64.

Алар үчүн бул дүйнөдө жана акыретте сүйүнүчтүү кабар бар. Алланын убадалары эч өзгөрүлбөйт. Бул улуу ийгилик.

65.

Алардын сөздөрү сени кайгыртууга тийиш эмес. Акыйкатта, бардык ызааттуулук Аллага гана таандык. Ал Угуучу, Билүүчү.

66.

Ооба! Акыйкатта, асмандардагы жана жердегилердин баары Аллага таандык. Алладан башка шерик келтирилгендерге табынып жаткандар эмнени көздөшөт? Алар божомолдордун гана ээрчип жүрүшөт. Алар жалганды гана айтышат.

67.

Ал силердин эс алууңар үчүн түндү жана көрүүңөр үчүн күндүздү кылган. Албетте, мында уга турган адамдар үчүн аят-белгилер бар.

68.

Алар: “Алла Өзүнө уул алды” – дешет. Ал (андан) таза! Ал Бай. Ага асмандардагылардын жана жердегилердин баары таандык. Силерде болсо эч кандай далилдер жок. Аны билбей туруп, Алла тууралуу айта аласыңарбы?

69.

“Акыйкатта, Аллага жалган жалаа жабуучулар ийгиликке жете алышпайт” – дегин.

70.

Бул дүйнөдө жыргал, андан соң алардын Бизге кайтуулары бар. Ошондо Биз каапыр болгондору үчүн катуу азапты таткыдай кылабыз.

71.

Сен аларга Нухтун баянын окуп бер. Алэлине мындай деди:”О элим!Эгер менин силердин араңарда болгонум жана силергеАлланын аяттарын эскерткеним силерге оор болуп жатса, анда мен Аллага тобокел кылдым. Өзүңөрдүн кудайларыңар менен ишиңерди чогулткула. Силердин ишиңер жашыруун калбасын. (Өз ниетиңерди жашырбастан) мага кечиктирбей өкүм чыгаргыла.

72.

Эгер силер менден кетсеңер, мен силерден сыйлык сурабаймын. Менин сыйлыгым Алладан гана. Мага ыймандуулардан болуу буйрулган”.

73.

Алар аны жалганчы деп жарыялашты. Биз аны жана аны менен кемеде бирге болгондорду куткардык. Биз аларды орун басарлар кылдык жана Биздин аяттарыбыздан баш тарткандарды сууга чөктүрдүк. Эскертилгендердин акыры кандай болуп бүткөндүгүн карачы!

74.

Нухтан кийин Биз ар бир элге өзүнүн пайгамбарларын жөнөттүк. Алар айкын далилдер менен келишти. Мурда да жалганга чыгаргандыктары үчүн алар ыйман келтиришкен эмес. Чектен чыккандардын жүрөктөрүн мына ушинтип мөөрлөйбүз.

75.

Андан соң Мусаны жана Харунду Биздин аяттарыбыз менен Фараонго жана анын жан-жөкөрлөрүнө жөнөттүк. Бирок, алар текеберленишип күнөө кылуучу коомдон болушту.

76.

Бизден акыйкаттык келгенде алар: “Бул анык сыйкыр” – дешти.

77.

Анда Муса: “Силерге акыйкаттык келгенде, ал тууралуу ушундай дейсиңерби? Ушул да сыйкырбы? Сыйкырчылар мындай ийгиликке жете албайт” – деди.

78.

Алар: “Сен бизди ата-бабаларыбыз карманган нерселерден кайтаруу жана жер жүзүндө бийлик экөөңөрдүн колуңарда болуу үчүн келдиңби? Биз, экөөңөргө ишенбейбиз” – дешти.

79.

Фараон: “Мага бардык илимдүү сыйкырчыларды келтиргиле!” деди.

80.

Сыйкырчылар келгенде Муса аларга: “Ыргыта турганыңарды ыргыткыла!” деди.

81.

Алар ыргытышканда, Муса: “Силер эмне кылып жатасыңар? Бул сыйкыр гана. Албетте Алла буларды жок кылат. Акыйкатта, Алла бузукулардын ишин өркүндөтпөйт” – деди.

82.

А Алла күнөөкөрлөр үчүн жек көрөөрлүк болсо да, Өзүнүн сөзү менен акыйкатты бекемдейт.

83.

Бирок, анын элинин ичинен Фараон жана анын жан-жөкөрлөрү жазага тартпасын деп корккондору себептүү азыраагынан башкасы Мусага ишенбеди. Акыйкатта, Фараондун жер үстүндө зор бийлиги бар болуучу жана ал чектен чыккандардан эле.

84.

Муса: “Эй элим! Эгер Аллага ишенсеңер Ага тобокел кылгыла, эгер силер моюн сунуучу болсоңор” – деди.

85.

Алар: “Биз Аллага тобокел кылдык. Эгебиз, бизди заалым эл үчүн азгырык-сыноо кылба,

86.

бизди каапыр элден Өз мээримиң менен куткар!” – дешти.

87.

Биз Мусага жана анын тууганына: “Өз элиңер үчүн Мисирде үй кургула, аны сыйына турган үй кылып алгыла жана намаз окугула. Жана ыймандууларга сүйүнчү кабарды жеткизгиле” – деп аян бердик.

88.

Муса: “О Эгебиз! Сен Фараонго жана анын жан-жөкөрлөрүнө бул дүйнөдө кооздукту жана мол байлыкты бердиң. Эгебиз, ошондуктан алар башкаларды адаштырып, туура жолуңдан чыгарып жатышат. Эгебиз, алардын байлыктарын жок кыл жана жүрөктөрүнө катуу мөөр бас! Алар катуу азапты тартканга чейин ыймандуу болушпайт” – деди.

89.

Анда Ал (Алла) айтты: “Силердин дубаңарга жооп берилди.Туруктуу болгула жана наадандардын жолуна ээрчибегиле!”

90.

Биз Исраил уулдарын деңизден өткөрдүк. А Фараон жана анын аскерлери өч жана душмандык менен алардын артынан ээрчип жөнөштү. Ал (фараон) чөгүп бараткан кезде:”Исраил уулдары ишенген бир Кудайдан башка кудай жок деп ишенемин жана мен Ага моюн сунуучуларданмын” деди.

91.

“Азыр гана!(бы?) Сен мурун көгөргөн бузукулардан элең…”

92.

Бүгүн Биз кийинки муундарга үлгү болсун үчүн сенин денеңди (сактап) куткарабыз. Бирок, көп элдер Биздин аяттарыбыздан бейкапар.

93.

Биз Исраил уулдары үчүн кереметтүү калааларды курдук жана аларга таза ырыскыларды бердик. Аларга ачык билим келгенге чейин, алар бир-бири менен бөлүнүшпөдү. Акыйкатта, Эгең Кыямат күнү алардын ортосундагы пикир келишпестиктери тууралуу териштирет.

94.

95.

Эгер сага түшүргөндөрүбүздөн күдүктөнсөң, сенден мурунку Китеп окугандардан сура. Чынында сага Эгеңден Акыйкат келди. Андыктан күдүктөнүүчүлөрдөн болбо!

96.

Алланын аяттарын жалганга чыгаруучулардан болбо. Антсең, зыянга учуроочулардан болосуң.

97.

Акыйкатта, ыймансыздар – үстүнөн Эгеңдин сөзү акыйкатталган.

98.

Бүткүл аяттарыбыз келсе да, алар оорутуучу азапты көргөнчө (ишенишпейт).

99.

Жунустун элинен башка ыйман келтирген жана ыймандары пайда берген калаа болгонбу? Алар ишенген кезде Биз аларды бул дүйнө тиричилигиндеги кордоочу жазадан куткардык жана аларды белгилүү мезгилге чейин пайдалангыдай кылдык.

100.

Эгер Эгең кааласа жер жүзүндөгүлөрдүн баары ыйманга келишээр эле. Адамдарды ыйман келтирүүгө сен зордойсуңбу?

101.

Эч бир жан Алладан уруксатсыз ыймандуу боло албайт. Ал акыл жүгүртпөгөндөрдү жазага тартат.

102.

“Көргүлө! Асмандарда жана жерде эмнелер бар?” – де. Ыймансыз коомго аяттар да, элчилер да пайда бербейт. Алар ыйман келтиришпейт.

103.

Алар мурунку каапырларга жеткендерден да башка бир нерселерди күтүп турабы? Аларга:”Күтүп тургула! Мен да силер менен бирге күтүүчүлөрдөнмүн” – деп айт.

104.

Ошондо Биз Өзүбүздүн пайгамбарларды жана ыймандууларды куткарабыз. Акыйкат ушундай болот. Момундарды куткаруу Бизге таандык.

105.

“Эй адамдар! Силер менин диниме шек саноодо болсоңор, мен Алладан башка силер табынгандарга табынбаймын. Мен Аллага гана табынамын, Ал силерди өлтүрө алат. Мага момундардан болуума буйрук кылынган” – дегин.

106.

Бир Алладан башка сага пайда да, зыян да келтире албаган эч кимге табынба. Антпесең, сен заалимдерден болосуң.

107.

Эгер Алла сени бир кырсыкка учуратса, Андан башка эч ким куткара албайт. Эгер Ал сага жакшылык жөнөтсө, Анын мээримдүүлүгүн эч ким токтото да албайт. Ал Аны Өз пенделеринин ичинен каалагандарына берет. Ал Кечирүүчү, Боорукер.

108.

О адамдар! Силерге Эгеңерден акыйкат келди. Ким туура жол менен барса, ал өзүнө пайда келтирет. Ким адашса, өзүнө гана зыян жеткирет. Мен силер үчүн өкүл эмесмин.

109.

Өзүңө кабар кылынгандарга ээрчи жана Алла өкүм кылганга чейин сабырдуу бол. Анткени, Ал өкүмдарлардын эң мыктысы.