109. Аль-Каафирун

1.

Айткын(Эй Мухаммад): “Эй капырлар!

2.

Мен силер сыйынган нерселерге сыйынбаймын,

3.

Силер дагы мен сыйынган(Аллахка) сыйынбайсыңар,

4.

Дагы да мен силер сыйынган нерселерге сыйынбаймын,

5.

жана да силер мен сыйынган (Аллахка) сыйынбайсыңар.

6.

Силердин диниңер – өзүңөр үчүн, а мениндиним – өзүм үчүн.