107. Аль-Ма’уун

1.

Динди жалганга чыгарганды сен көрдүңбү?

2.

Дал ошол жетимдерди кууган,

3.

жана да ал жардыларга тамак берүүгө үндөбөгөн неме.

4.

Азап (болсун) намаз окуучуларга.

5.

Анткени алар намаздарын унутуп коюшкан.

6.

(Анан да) алар (намаздарын) эл көрсүнгө жасашат,

7.

жана да алар үй шаймандарын (башкаларга) бербегендер.