1. |
Сенин Эгең пил ээлерин эмне кылганын көрбөйсүңбү? |
2. |
Ал алардын арам ой-максаттарын ойрон кылбадыбы? |
3. |
Ал аларга тобу менен куштарды жөнөтпөдүбү? |
4. |
Ал куштар тигилердин үстүнө бышкан чопо таштарды ташташты. |
5. |
Ошентип, аларды чайналган эгиндей кылып салды. |