104. Аль-Хумаза

1.

Тили менен жана кыймыл-аракети менен гыйбат кылуучуга азап болсун.

2.

Ал мал-дүйнө топтоп, аны санаган.

3.

Топтогон мал-дүйнөсү аны түбөлүктүү кылат деп ойлойт.

4.

Жок! (Андай болбойт) ал сөзсүз “быркыратуучуга” (тозокко) ыргытылат.

5.

“Быркыратуучу” эмне экенин билесиңби?

6.

Ал Алланын жагылган оту(тозогу).

7.

Ал (денени көзөп өтүп) жүрөктөргө чейин жетет.

8.

Албетте, ал алардын үстүнө жабылат.

9.

Тартылган устундардын ичинде (болушат).