1. |
Сыймыктануу силерди алаксытат, |
2. |
Ажал жетип, мүрзөлөргө коюлганча. |
3. |
О жок, (андай туура эмес), жакында билесиңер. |
4. |
О жок, андан соң (дагы кайталайм) жакында билесиңер. |
5. |
Чынында, силер айкын билсеңер, |
6. |
Албетте, сөзсүз тозокту көрөсүңөр. |
7. |
Андан соң (дагы бир жолу кайталайм) аны силер анык-даана көрөсүңөр. |
8. |
Мындан соң (анан силерге берилген жакшылыктардан) ошол күнү сөзсүз сураласыңар. |