1. |
Дүбүрттүү күлүк аттарга ант. |
2. |
(Туяктарынан) от чачыраган (күлүк) аттарга ант. |
3. |
Таңда чабуул коюучу аттарга ант. |
4. |
(Тиги күлүк аттар) чаңды обого уюлгутат. |
5. |
(Ошондой эле тиги күлүктөр) топту жарып ортого кирет. |
6. |
Кадиксиз, инсан өз Эгесине капырлыгы чектен ашкан. |
7. |
Буга ал(инсан) өзү да күбө. |
8. |
Акыйкатта инсандын ырахат-жыргалды жакшы көрүүсү өтө күчтүү. |
9. |
Билишпейби?! Эгерде мүрзөлөрдүн ичиндегилер чыгарылса, |
10. |
жана да жүрөктөрдөгү (катылган) нерселер ачылса, |
11. |
Аныгында алардын Эгеси ошол күнү тигилер жөнүндө толук кабардар. |